Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:44

Дарт менен алышкан Жамиляга жардам керек


Жамиля Кубатбек кызы
Жамиля Кубатбек кызы

Акыркы жылдары Түркияда мыйзамсыз жүргөн эмгек мигранттары арасында ар кандай дартка чалдыккандар арбын. Алардын бири - Жамиля Кубатбек кызы.

Жамиля Анталияда иштеп жүргөн кезде дарт тооруган. Түркиялык догдурлар 26 жаштагы кыздын эки бөйрөгү начар иштерин аныктап, гемодиализге жаткырышкан.

- Башында эки сааттан диализ аппаратында жаттым. Кийин өзүнчө палатага чыгарышты. Каным аз экен. Кийин догдурлар капельница сайып, кальций, кан куя баштады, - деди Жамиля биз барганда.

Түркия: мигрант кыз-келиндер көргөн кордук

Түркия: мигрант кыз-келиндер көргөн кордук

Акыркы жылдары Түркияга агылган кыргызстандык эмгек мигранттарынын басымдуу бөлүгүн кыз-келиндер түзөт.

Жамиля Анталияга эки жыл мурда келген. Алания аймагындагы мейманкалардын биринде сатуучу болуп мыйзамсыз иштеп жүргөн.

- Түркияга алгач келгенде виза алгам. Кийинки жылы визаны узартпай коюшту. Мыйзам боюнча 10 күндүн ичинде өлкөдөн чыгып кетишим керек эле. Бирок мен үйгө кайткан жокмун. Шартка байланыштуу мыйзамсыз иштегенге туура келди.

Какаганга муштаган болуп өзү араң жүргөндө Жамиля күтүүсүз жерден дарт жармашты. 20-апрелде бели ооруп, чыдабай калган кыз ооруканага кайрылган. Эки бөйрөгү тең иштен чыгып баратканын ошол жерден билген.

Түркиянын мыйзамы боюнча, визасы жок адам мамлекеттик ооруканага акы төлөп, дарыланышы керек. Бирок кыздын буга чама-чаркы жетчүдөй эмес. Мындан улам анын туугандары Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигине да кайрылган.

Жамиля ушу тапта донор болуп, бөйрөгүн бере турган жакындары Бишкекте текшерүүдөн өтүп жатканын айтты.

"Квотаны бузуу кыйын..."

Бөтөн жерде оору менен алышып жаткан кыздын Түркия менен Кыргызстандын бейтаптарды акысыз дарылоо квотасына илинип калууга мүмкүнчүлүгү барбы?

Бул суроо менен Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин эл аралык бөлүмүнүн жетекчиси Осмон Масалиевге кайрылдык.

Масалиев учурда Түркияда дарылана тургандардын тизмеси бекип калганын, анүстүнө чет өлкөдө жүрүп ооруган жаран ал квотаны колдоно албасын белгиледи:

- Президенттик аппараттан, өкмөттөн, бейөкмөт уюмдардан, депутаттардан турган комиссия квота боюнча бир жылда бир Түркияга бара турган бейтаптардын тизмесин түзөт. 2018-жылдын квотасы азыр толуп калды. Бирок Түркияда ооруп калган жарандарыбыз болсо бул квотага илине албайт. Тизме бекитилгенден кийин аны өзгөртүп, жаңы бейтапты киргизүүгө мүмкүн эмес.

Эки өлкө ортосундагы саламаттыкты сактоо келишимине ылайык, жыл сайын Кыргызстандан Түркияга мамлекеттик квота менен 100 бейтап келип дарыланат. Алардын элүүсүн Саламаттык сактоо министрлиги, калганын Түркия элчилиги тандап жиберет. Министрлик Жамилянын туугандарына дал ушул түрк элчилигине барып, арыз менен кайрылууну сунуштаган.

"Мигрант кыз-келиндер ооруса да иштейт"

Акыркы төрт жылдан бери Анталияда оор бейтаптарды баккан Гүлмира Исабекова бош убактысында Жамилянын жанына барып жылуу сөзүн айтып, дем берип турат.

Мурда Кыргызстанда медайым болуп иштеген Гүлмира мигрант кыз-келиндер саламаттыгына көңүл бура албай жатканына кейиди.

- Ушул жерде канчалаган кыз-келиндер ооруганына карабай иштеп жүрөт. Көбү бөйрөгүнө суук тийгизип алат, гинекологиялык жактан ооруйт. Мындан да жаманы психикалык жактан жабыркап жатат. Жакында эле эки кыргыз аял инсульт алды деп уктум. Баарыбыздын эле жумушубуз оңой эмес. Бирок мен кыргыз кыз-келиндерди көргөн жерден "ден соолугуңарга карагыла, оорулуу адамды карасаңар бир бөлмөдө жатпагыла, өз укугуңарды билгиле" деп айтам. Мен өзүм да көптөн бери оорукчан адамды багып жатам. Мигрант катары өзүмдүн укугумду өзүм коргобосом, эч ким коргобойт да.

Түркиянын миграция департаментинде 19 миңден ашык кыргызстандык жаран катталган. Мигрант кыз-келиндердин дээрлик көпчүлүгү үч кызматчы болуп иштейт же бала багат. Калганы тейлөө тармагында эмгектенет.

P/S: Жамиляга жардам берүүнү каалаган мекендештер +905315047971 номерине чалса болот.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG