Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:49

Түркияда дарылануудан мурда котормочу изде


Иллюстрация
Иллюстрация

Түркияга дарыланууга барган кыргызстандык бейтаптардын басымдуусу түрк тилин билбегендиктен догдурлар менен котормочу аркылуу гана сүйлөшөт.

Айсулуу Алыбаева 12-июнда Стамбулга иниси Арген менен апасын операцияга алып келген. Бирок ал Түркияда котормочу керек болорун, анын кызмат акысын өздөрү төлөрүн билген эмес.

Натыйжада мамлекеттик квота менен келген бейтапка келишим боюнча дайындалган котормочунун күнүмдүк акысы 25 доллар болуп чыккан. Бул боюнча түшүнбөстүктөр жаралганда, Айсулуу социалдык тармак аркылуу Стамбулдагы мекендештерден жардам сураган.

Айсулуу Түркияга келгичекти Бишкектин базарларында кайыр сураган. Бактыга жараша иниси Түркия менен Кыргызстандын ортосунда түзүлгөн саламаттыкты сактоо келишимине ылайык бөйрөк алмаштыруу үчүн мамлекеттик квотага илинген. Ага донор болууга апасы макул болгон.

Айсулуу Алыбаева
Айсулуу Алыбаева

- Аргендин өмүрүн узатуу үчүн күндө акча издечүбүз. Кагаз кутуларды көтөрүп алып базарларда элден жардам сурадык. Чикаго, Орусиядагы мигранттар акча которуп, бул жакка келдик. Кыргызстанда бир эле документти 10 миң сом берип которттук. Министрликте келишимге кол коюп жатканда ката кетирипмин. Котормочу керек деген жерине жакшы көңүл бурбай калыпмын. Стамбулга келгенде эле догдурлар менен сүйлөшүү үчүн котормочу керек болду. Министрлик табыштаган котормочу күнүнө 25 доллардан сурады. Бизде андай мүмкүнчүлүк жок эле.

Нурланбек Карыпбай буга чейин да Кыргызстандан Стамбулга келген жүздөгөн бейтаптарга котормочу катары жардам берип келген. Ал Айсулуунун кайрылуусун интернеттен окуп өзү байланышкан экен.

- Жүздөгөн кыргызстандык бейтаптарга котормочу болдум. Келишим боюнча Кыргызстан да, Түркия да котормочу бербейт. Мындан тышкары бейтап өзүнүн да, донордун да анализине, дарысына акча төлөөгө тийиш. Операцияга чейинки медициналык кызматтар акысыз болушу мүмкүн. Бирок операциядан кийин иче турган дарыларын өзү сатып алышы керек. Мамлекеттик квота десе эле баары бекер деп келе беришет. Ал туура эмес. Түркиядагы ар бир оорукананын өз тартиби, эрежеси бар.

Аргендин оорусу тууралуу Түркияда окуган студенттер да кабардар болушкан. Алар дагы Айсулууга байланышка чыгып жардамга келген.

- Башында Элнура деген студент кыз күнү-түнү котормочу болуп жүрдү. Өзү медициналык факультетте окугандыктан бардык маселелерибизди айттырбай билип жатты. Ага биз ыраазыбыз. Бирок ал башка шаарда окуйт экен. Экзамени башталганда кетүүгө аргасыз болду, - дейт Айсулуу.

Айсулуунун Арген үчүн Кыргызстандан жасаткан документтери жетишсиз болгондуктан Стамбулдагы башкы консулдукка арыз жазган. Түрк мыйзамдарына ылайык бөйрөгүн берген донор бейтаптын жакын тууганы болууга тийиш. Бул боюнча Айсулуу Алыбаева консулдукка барганда баш консул Эркин Сопоков өзү кабыл алган.

Эркин Сопоков
Эркин Сопоков

- Керектүү документтерди догдурдан суратышса, биз жасатып берели. Бейтаптар келерден мурда биз менен байланышка чыкса. Биздин милдетибиз жарандарга жардам берүү. Азыр эми документтерин тактоого мүмкүнчүлүк бар. Операция боло турган күнү котормочуну дагы караштырып тапканга аракет кылабыз. Стамбул чоң шаар, бул жактагы мекендештердин жумушу, үй-бүлөсү бар дегендей. Бирок алар менен байланышып кезек менен болсо да которуп бергиле дейбиз. Эмнеси болсо да келе жатканда оорукананын атын карап, телефонун алып текшерүү керек деп ойлойм. Кыргызстанда түркчө билгендер жетиштүү. Аларга кайрылып кыска болсо да шарттарды үйрөнүп анан келишсе дейм.

Арген учурда Стамбулдагы Гүлхане мамлекеттик ооруканасында кыргызстандык дагы бир бейтап Бакыт менен бир палатада жатат. Алардын тамак-ашы, анализдери, гемодиализин толугу менен түрк тарап каржылап берүүдө. Ооруканага кирүү сааты чектелүү болгондуктан Бакыт жана Арген менен тамактанып жатканда кепке тарттык.

Арген Алыбаев менен Бакыт Осубеков
Арген Алыбаев менен Бакыт Осубеков

- Мен Кеминдин Кызыл-Байрак айылынын тургунумун. 31 жаштамын. 13 жылдан бери бөйрөгүм ооруйт. Акыркы үч жылдан бери гемодиализге кирип жүрөм. Эми мамлекеттик квота менен бул жакка келдик. Азырынча операция тууралуу айтыша элек. Анализдердин баары чыккандан кийин, апамдын бөйрөгү туура келсе операцияга киребиз, - деди Бакыт Осубеков.

Ал эми Айсулуунун иниси Арген Жумабаев 21 жашта. Кырчындай жигит дартты жеңип кетсем деп кыялданат.

- Эки жылдан бери ооруйм. Мектепти Сокулуктан бүтүргөм. 21 жаштамын. Бул жактын тамагына, абасына акырындап көнө баштадык. Операцияда эми эч ким кепилдик бере албайт экен. Буюрса баары жакшы өтсө, келечекте програмист болгум келет.

Айсада Жумабаева
Айсада Жумабаева

Аргендин апасы Айсада Жумабаева ​уулуна донор болуп бөйрөгүн берем деп даярданып отурат. Операциянын боло турган күнү азырынча белгисиз.

- Операцияны булар айтышпайт экен. Баарын текшерип бүтүп анан анализдерибиз туура келсе операция жасайт экен. Азырынча эч нерсе айтыша элек.

Медицина боюнча мамлекеттер аралык келишимге ылайык, операцияга чейинки бардык төлөмдөрдү түрк тарап каржылайт. Бейтаптын анализи, тамагы, палатасы оорукана эсебинен каржыланат.

Саламаттыкты сактоо келишимине ылайык, ар жылы Кыргызстандан Түркияга мамлекеттик квота боюнча 100 бейтап келет.

Жогоруда айтылган дооматтарга байланыштуу Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги өз түшүндүрмөсүн берди.

Мекеменин өкүлү Чынара Рыспекованын “Азаттык” радиосуна айтымында, котормочу менен Жумабаевдин ортосундагы келишимге министрликтин эч тиешеси жок, себеби анын телефон номурун алар сыяктуу эле Түркияга кетип жаткан бейтаптардын бири “керек болуп калса” деген ниетте калтырып кеткен жана ал номур Жумабаев Аргендин туугандарына маалымат иретинде гана берилген.

Түркияга жөнөр алдында бейтап “маалыматтык макулдашуу формасын” толтурат, анын 9-пунктунда «Бейтап өз эсебинен котормочуну жалдоосу же элчилик/консулдуктун жардамына кайрылуусу керек» деп жазылган. Андыктан министрлик Жумабаевдердин бул пунктка “көңүл бурбай калыптырбыз” дегенин негизсиз деп эсептөөдө, себеби кетээр алдында аларга кошумча оозеки да маалымат берилген.

Ал эми Түркияда дарылоо иштери тууралуу министрлик маалымат бербей койду деген дооматка Чынара Рыспекова “толук маалымат бейтапка күн мурунтан, тагыраак айтканда, аны кезеги боюнча тизмеге киргизип жатканда расмий түрдөгү кат аркылуу берилет” деп жооп берди.

Рыспекованын белгилешинче, бейтапка байланыштуу документтердин баары тең мамлекеттик нотариустан бекитилиши керек деген талап бар жана бул тууралуу да Жумабаевдерге айтылган.

Бирок, ошого карабастан, Айсулуу Алыбаева ишти толугу бойдон жеке нотариалдык конторадан бүтүртүүнү чечкен жана бул үчүн 10 миң сом төлөгөнүн айткан. “Алыбаева документтер туура эмес толтурулуп, апостиль коюлбаганын айтууда. Биз айткандай мамлекеттик нотариуска барса баарын талапка жараша толтуруп, апостилин да койдурганга 6 миң сом гана кетмек” деп билдирди Рыспекова. Министрликтин өкүлүнүн айтымында, муну туура эмес кылганы жөнүндө да Жумабаевдерге оозеки эскертүү берилген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG