Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:10

Парламентте гемодиализ маселеси көтөрүлдү


Бишкектеги бөйрөк алмаштыруу операциясы.
Бишкектеги бөйрөк алмаштыруу операциясы.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жалпы жыйынында бөйрөк оорулуулардын гемодиализ маселесин "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Жыргалбек Турускулов көтөрүп чыкты:

- Улуттук госпиталда 12 гемодиализ аппараты бар. Бирок эки жылдан бери төртөө иштебейт. Бирөөнүн иштен чыкканына үч ай болуптур. Эгер бул беш аппарат иштеп турганда күн сайын он беш адамга пайдасы тиймек. Бөйрөк илдетине чалдыккан канчалаган киши кезек күтүп отурушат.

Турускулов өкмөттү маселени тез арада чечип берүүгө чакырды.

Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жабдууларды ремонттоо бөлүмүнөн Улуттук госпиталда жалпы он жети гемодиализ аппараты бардыгын жана анын ону иштебей турганын "Азаттык" радиосуна маалымдашты.

Мекеменин билдиришинче, учурда Кыргызстанда бюджеттин колдоосу менен бөйрөк оорудан жабыркаган 560 бейтап диализ алат, алардын 302сине жеңилдик берилген. (NT)

XS
SM
MD
LG