Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:06

Бейтапты убайымга салган гемодиализ акысы


Бөйрөк алмаштыруу операциясы. Бишкек. 2012-жылдын 16-июль.
Бөйрөк алмаштыруу операциясы. Бишкек. 2012-жылдын 16-июль.

Кыргызстанда 110 адам мамлекет эсебинен канын тазалатууга муктаж. Бул Саламаттыкты сактоо министрлигинин дарылоо бөлүмүнүн берген маалыматы.

Жалпысынан 1300 бейтап өнөкөт бөйрөк оорусу менен жабыркайт. Алардын 487си республикалык бюджет эсебинен канын тазалатышса, 158 адам бөйрөк алмаштырууга муктаж.

38 жаштагы Гүлмира Какулуева бөйрөк оорусу менен алпурушуп келгенине үч жыл болду. Бишкекке гемодиализ алганы Ысык - Көлдүн Жаркынбай айылынан атайын келип-кетет. Жол киреси менен кан тазалатуу акысы сегиз миң сомдон ашса ашат, бирок кемибейт. Жан дүйнөсү букка толгон аял ыйлагандан башка аргасы калбай калганын айтты:

- Гемодиализди бир жумада бир алып жатып ичим шишип кетти. Мени тааныгандар "боюңда барбы?" деп сурашат. Үч айдан бери Ысык-Көлдөн бери бир жумада бир келип алып атам. Турмуш шартыбыз аябай начар. Төрт балам бар. Мага окшоп ооругандар толтура. Жаштар дагы ыйлап, күндө келип атабыз. Бюджетке кирип калсак дегенде эки көзүбүз төрт.

Нааразычылыкка байма-бай чыккан Үмөталы Мавляновдун да жашоосу гемодиализден көз каранды. Жасалма жол менен бөйрөктүн функциясын аткарган жабдык аркылуу айына он эки жолу канын тазалатып атып, каражаттан кыйналып бүткөн тургун буларды айтты:

- Коңшу мамлекеттерде Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Орусияда мындай оорулууларды үйүнөн тез жардам менен алып барып гемодиализ алдырып, кайра жеткирип коюшат экен. Бизди тез жардам менен жеткирбей эле коюшсун, убагында карап коюшса болмок.

Ал эми 27 жаштагы Нурлан Закиряевди күн өткөн сайын шишик басууда. Кан басымы өтө эле жогору. Жумасына үч ирет канын тазалатып турганда абалы дурус болгонун айтат. Азыр каражатын үнөмдөө үчүн гемодиализге төрт күндө бир барып, шайы ооп жаткан кези экен. Нурлан майыптык пенсиясын жаңы алды. Анысы болгону 2100 сом. Үч жана бир жаштан ашкан эки кызы бар. Үйдө келинчеги эле иштеп, тигүү цехинен тапканы менен үй-бүлөсүн багып атат. Жашап аткан тар батири үчүн 3000 сом төлөйт.

- Кыйналып, дем ала албай жатам. Жүрөгүм кысылып, жата албай калдым. Акча каражаты тартыш болгонуна байланыштуу жумасына эки жолу гемодиализ алып атам. Негизи үч жолу барыш керек. Келгенден кийин кан басымым көтөрүлүп кетет.

Нурландын апасы Элмира Айтбаева учурда баласына бир бөйрөгүн берүүгө даяр. Акчаны да чогултушкан. Бирок эмнегедир бөйрөк алмаштыруу операциясы кечигип атканын белгилейт.

- Жок дегенде бекер бюджетке өткөрүп коюшса деген үмүтүбүз бар да. Урматтуу президент жардам берип, биздин балдарыбыздын өмүрүн сактап калыңыз. Чогулткан акчабыздын баары гемодиализге кетип атат. Акы төлөп алабыз. Гемодиализ 5000 сом турат. Алты айдан бери алып аткан гемодиализ акысы 8 миң долларга чукулдап калды. Мамлекеттик гемодиализге баралы дедик, бизден мурункулар да кире албай жүрүшөт. Бизге алты ай болсо аларга жети-сегиз ай болгондор дагы бар.

Бирок Саламаттыкты сактоо министрлигинин дарылоо бөлүмүнүн башчысы Элдияр Сатыбалдиевдин айтымында, өнөкөт бөйрөк илдетине кабылгандарды мамлекет толук каржылай албайт.

- Жабдыктар тартыш. Тынымсыз иштегендиктен бузулуп да калган учурлар көп. Гемодиализге муктаждардын саны жүздөп саналат. Республика боюнча 487 адам бюджеттик гемодиализ алат. Бюджеттик орундар тартыш болгондугуна байланыштуу мамлекет толук камсыздай албайт. Акча, аппараттарды, ага керектүү жабдыктарды алып келүү процедуралары кыйын болуп атат.

Жасалма бөйрөк жабдыгы өлкө боюнча болгону 69 даана. Эң өкүнүчтүүсү өнөкөт бөйрөк илдетине кабылгандардын көбү гемодиализден кутулуп, бөйрөк алмаштырууга жетпей атса, башкалары кан тазалатууга кезек жеткиче өтүп кетүүдө.

XS
SM
MD
LG