Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:03

Түркия: мигрантты санаага салган пенсия төлөмү


Түркия
Түркия

Президент Сооронбай Жээнбековдун Түркиядагы расмий сапарынын алкагында эки өлкө ортосунда мигранттарды социалдык камсыздандыруу жөнүндө келишимге кол коюлду. Келишимде Түркияда эмгек визасы менен иштеген мекендештер Түркиядан да, Кыргызстандан да пенсия ала ала турганы жазылган. Бирок Түркиядагы эмгек мигранттарынын он гана пайызы эмгек визасы менен иштегендиктен социалдык коопсуздук маселеси дагы эле курч бойдон турат.

Түркиянын баш калаасы Анкарада улгайган адамды баккан 58 жаштагы Уруят Ташматова менен бир жыл мурда дал ушул пенсия маселеси боюнча сүйлөшкөнбүз.

Ал Кыргызстанда медайым болуп иштеген экен. 12 жыл мурда Анкарага мигрант болуп келген. Ошондон бери түрк үй-бүлөсү Уруят Ташматованын эмгек визасын ачтырып, мыйзамдуу иштеткен. Ал эки өлкөнүн ортосунда социалдык камсыздандыруу боюнча келишим болбогондуктан Түркиядагы 12 жылдык стажы күйүп кетеби деп кооптонуп жүргөн.

9-апрелде президент Сооронбай Жээнбековдун Түркиядагы расмий сапарында дал ушул маселе боюнча келишимге кол коюлду. Уруят Ташматова президенттин диаспора өкүлдөрү менен болгон жолугушуусуна катышып, ушул маселени көтөргөн.

Уруят Ташматова.
Уруят Ташматова.

- Түркияда иштеп жүргөн эмгек мигранттары үчүн абдан маанилүү болгон ишибиз оңунан чечилди. Мигранттардын пенсиясы боюнча келишимге кол коюлду. Түркияда мыйзамдуу иштеген бардык кыргыз мигранттары түрк жарандарындай эле укукка ээ болуп, пенсияга чыгууга мүмкүнчүлүк алышты. Андан албетте, эмгек визасы бар, социалдык камсыздандыруусу бар мекендештерим пайдалана алат экен.

Түркиянын Миграция департаментинде 19 миңден ашуун кыргызстандык катталган. Бирок мыйзамсыз иштеп жүргөн мекендештерибиз миңдеп саналат. Ал эми Түркияда эмгек визасын 2017-жылы үч миңдей гана кыргызстандык жаран алып, туруктуу иштеп жүрөт.

Эгерде жаңы түзүлгөн келишим ишке кирсе, эмгек визасы менен иштеген кыргыз мигранттары мындан кийин Түркиянын жарандарындай эле тапкан маянасынан социалдык камсыздандыруу үчүн 34% төлөмдү которушат. Ал пенсиялык фондго, медициналык камсыздандырууга, иш менен камсыз кылуу фондуна жана социалдык камсыздоо фондуна бөлүнөт. Бирок бул жердеги чоң көйгөй - кыргыз мигранттарынын көпчүлүгү туристтик виза менен иштейт. Бул визанын түрү Түркияда жашаганга гана укук берет.

"Соцкамсыздандыруунун төлөмдөрү кымбат"

Гүлмира Исабекова да так ушул туристтик виза менен Анталия шаарында оорукчан кишилерди багат. Ал мыйзамдуу иштеген кыргызстандыктар аз экенин баса белгиледи.

Гүлмира Исабекова.
Гүлмира Исабекова.

- Пенсия жөнүндө айтылып жаткан сөздөргө күлкүм келди. Башка өлкөлөрдөн Түркияга келип иштеген мигранттарды билбейм, бирок эмгек визасын алып иштеген кыргыздар аз. Бардык кожоюндар виза ачып берүүгө кызыкпайт. Анткени социалдык камсыздандыруунун төлөмдөрү өтө кымбат. Өз чөнтөгүбүздөн чыгарып бул акчаны төлөй албайбыз. Айына 1600 лира тапсак, анан анын 700 лирасын камсыздандырууга берип койсок, Кыргызстандагы бала-бакырага кайсы акчаны жиберебиз? Мигранттардын басымдуу бөлүгү "насыябызды жабалы, үйүбүздү бүтүрүп алалы" деп эле темселеп жүрөт.

Анталияда иштеген дагы бир мекендешибиз Гүлмира Исабекова пенсия маселеси боюнча өз пикирин билдирди.

- Тышкы иштер министрлиги кыргыз мигранттарды каттоого алсын. Мигранттар өзүбүз төлөмдөрдү Кыргызстанга төлөп берели. Менин оюмча ушул нерсени жолго койсо, мигранттарга да жеңилдик болуп, Кыргызстанга акча түшмөк. Анткени мигранттардын 95 пайызы мыйзамсыз иштейт деп ойлойм.

"Пенсия алам десең, Түркияда визасыз жүрбө"

Тарыхка кайрылсак, Түркиянын өз жарандары да убагында Германияга миграцияга кетишкен. Ушу күндө Германия менен Түркиянын ортосунда атайын келишим болгондуктан эки өлкөнүн жарандары кыйынчылыксыз эле пенсия алууга укуктуу.

Коомдук камсыздандыруу боюнча серепчи Абдурахман Акташ - дал ушул чет өлкөлүк жарандардын пенсиялары боюнча иштеген адис.

- Германияда миллиондогон түрк мигранттары бар. Түркия менен Германиянын ортосунда келишим болгондуктан түрк жарандары эки жактан тең пенсияга чыгып төлөмдөрүн ала алышат. Жашы келгенде кадимкидей ай сайын эсептерине акча которулат, бирок баарын бир эле алса да болот. Көбүнесе түрк мигранттары ай сайын алууну тандашат.

Түркия менен Германия 1961-жылы "жумушчу алуу боюнча келишим" түзүп, алгач 2,500 түрк жараны Германияга эмгек мигранты болуп кеткен. Учурда Германияда үч миллиондон ашык түрк жашап, эмгектенет. Ал эми Абдурахман Акташ Түркия менен Кыргызстандын ортосунда түзүлгөн келишим толук ишке кириши көп убакытты талап кыларына токтолду.

- Түркияда чет өлкөлүктөр эмгек визасын алганда дароо социалдык камсыздандыруу фондуна төлөмдөрү түшө баштайт. Түрк жаранындай эле укуктары болот. Келишим болбосо деле жашы келгенде Түркияда пенсияга чыга алат. Бирок ошол социалдык камсыздандыруу фондунун төлөмдөрү үзгүлтүккө учурабашы керек. Башкача айтканда, Түркияда бир күн да визасыз калбашы керек.

Түркиянын эмгек мыйзамдарына ылайык 30 жаштагы мигрант аял эмгек визасы менен 7 миң 200 иш саатын толтурганда гана пенсия алуу укугуна ээ болот.

Пенсия акысын онлайн эсептөөчү сайттардын биринин эсеби боюнча, мисалы, 30 жаштагы аял 2017-жылы расмий иштеп баштаса, ал 61 жашка келгенде Түркиядан пенсия ала баштайт. Эркектердики андан да узагыраак.

Түркиянын жарандары үчүн 25 жыл үзгүлтүксүз эмгек стажына ээ болгон эркектерге 60 жашынан, аялдарга 20 жылдык стаж үчүн 58 жашка жеткенде пенсия чегерилет. Алардын орточо пенсиясы 350 долларды түзөт. Түркия 26 өлкөнүн тиешелүү министрликтери менен социалдык камсыздандыруу келишимине кол койгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG