Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:53

Жээнбеков: социалдык камсыздоо боюнча тарыхый келишимге кол коюлду


Президент Сооронбай Жээнбеков жана Түркиянын президенти Рэжеп Тайып Эрдоган. Анкара. 9-апрель, 2018-жыл.
Президент Сооронбай Жээнбеков жана Түркиянын президенти Рэжеп Тайып Эрдоган. Анкара. 9-апрель, 2018-жыл.

Бул тууралуу кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков Түркиядагы расмий сапарынын жүрүшүндө өткөн басма сөз жыйынында билдирди. Анын айтымында, Түркия менен кол коюлган социалдык камсыздоо боюнча келишимге ылайык, эки өлкөдө иштеп, камсыздандыруу акысын төлөгөн жарандар эки жактан тең пенсия алышат:

- Бүгүн биз маанилүү эки тараптуу келишимдерге кол койдук. Алардын ичинде тарыхый мааниге ээ болгону - Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы социалдык камсыздоо жөнүндө келишим. Башкача айтканда эки жакта иштеп, камсыздоо төлөмдөрүн төлөгөн жарандарга бир эле мезгилде Түркия жана Кыргызстандын пенсиясын алууга мүмкүнчүлүк болот, - деди Жээнбеков.

Жээнбеков Анкарадагы сапары жемиштүү өтүп жатканын айтып, түрк президенти менен эки өлкө ортосундагы жана эл аралык олуттуу маселелерди талкуулаганын билдирди.

Президент Түркия менен кызматташтыкты күчөтөөрүн белгилеп, бул сапар эки тарапка тең жаңы дем бергенин билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков баштаган делегация Түркияга расмий сапар менен 9-апрелде барды. Сапардын жүрүшүндө ал түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугуп, сүйлөшүү өткөрдү. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында экономика, инвестиция, айыл чарба, спорт, социалдык камсыздандыруу жана маалымат чөйрөсүндөгү алты документке кол коюлду.

Жээнбековдун сапары бүгүн да уланат. Ал түрк премьери жана парламент төрагасы менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, Түркиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушмакчы. (BkA)

XS
SM
MD
LG