Бишкектеги жогорку окуу жайлардын биринде эл аралык мамилелер тармагында билим алып жаткан Арген Кененсариев быйыл окууну аяктаганы турат.
Ал өз адистиги боюнча иш табарына ишенбейт, тапкан күндө деле айлык менен шаарда жашоо кыйын экенин айтууда. Ошондуктан ал чет жактарга чыгып иштеп келүүнү чечкен. Арген ал жактан иштеп эле тим болбой тил үйрөнүп жана тажрыйба топтогусу келет:
- Тил жагын өнүктүрүш үчүн чет жактардан иш караштырып жүрөм. Кыргызстанда жакшы жумуштарга кириш үчүн сынактан өтүшүң керек. Ал сынакта деле таанышың же акчаң болбосо өтө албай калдың. Азыр мен чет жакка чыгып тажрыйба, бир аз акча топтоп келсемби деп ойлогом.
Жумушсуз да, бош орун да көп
2016-жылы Кыргызстандын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги өлкө боюнча 18 миңден ашык жумушчу орду бош деп жар салган.
Кыргызстанда чет өлкөдөгү жумушка кызыккан Арген өңдүү студенттер арбын. Алардын арасында бүтүрүүчүлөр жана жайкы каникулда иштеп келүүнү каалагандар да бар.
Байкоочулардын айтымында, соңку жылдары Түркияга жайында студенттерди топ-тобу менен жумушка чакырган ишканалар көбөйдү. Анда студенттер тейлүүчү жумуштарда иштеп, күзүндө кайтып келишет.
Бишкектеги “ReiseKG” компаниясы алты жылдан бери 100дөй студентти жайында Германияга иштеп келүүгө жөнөтөт.
Фирманын шарты боюнча жаран студент болушу жана немис тилин билиши керек. “ReiseKG” компаниясынын өкүлү Адилет Абылкариевдин айтымында, жаштар студент кезинде окуу менен кошо иштеп да тажрыйба топтошу зарыл. Экөөнү тең айкалыштарган студент үчүн кийин жумуш табуу оңой болот.
- Иш жайкы каникулга туш келет. Ошого жараша пландап Шенген визасын ачып беребиз. Ал жактагы фирмалар менен иштеп студенттин жатаканасын, жумуш ордун таап берүү - биздин милдет. Жаштарга жакшы тажрыйба болуп жатат, - деди ал.
Мындай фирмалар "чет өлкөдөн айына 500дөн 1000 еврого чейин айлык аласыңар" деп убада беришет.
Учурда Интернетте "чет өлкөдөн жумуш берилет" деген жарыялар ондоп саналат. Айрым учурда мындай жарнамалар менен шылуундардын кылтагына илинип, чет жакта эмгек акысын ала албай же документин алдырып кулчулукка туш болгондор арбын.
Алардын бири Максат Турумбеков да Орусияда иштеп жүрүп айлыгын жедирип ийген. Эми ал Кыргызстанга келип, анча-мынча тил үйрөнүп Европага кетсемби деп ойлонуп жүргөн кези.
- Мен жумушту Интернеттен эле издейм. Эми баарыбыз "келишим менен кетиш керек" деп айтабыз бирок, андай болбой калат. Келишимсиз кеткен коркунучтуу экен. "Тууганым, тааныштарым бар" деп бара берген жарабайт.
11-апрелде өкмөттүн “Таза коом” долбоорунун алкагында түзүлгөн Маалыматтык кеңеш берүүчү борбору иш орундарынын жармаңкесин уюштурган. Ага отузга жакын расмий иштеген мекемелердин өкүлдөрү катышкан.
Маалыматтык кеңеш берүүчү борбордон Орусияга жана Түркияга үч миңдей орунга жумушчу керек экенин билдиришти. Бирок соңку кезде Орусиядагы дүйнөлүк спорттук иш-чарага байланыштуу мигранттар туш боло турган эрежелер бир аз катаалдашып жатат.
Кыргызстанда жумушсуздардын расмий саны 2017-жылдагы статистикада 192,2 миң адам деп эсептелген. Ал эми талдоочулардын айтымында, жумушсуздар мындан бир канча эсе көп болушу мүмкүн. Ошондой эле жылына жүздөгөн студенттер жогорку окуу жайларды бүтүрүп, дипломдуу "жумушсуздардын армиясын" толуктайт.
Эксперттердин баамында, жакынкы жылдары курулуш, тикмечилик, ашпозчулук сыяктуу кесиптердин ээлери жана IT-технология тармагында адистер керек болот.