Линктер

шейшемби, 17-июль, 2018 Бишкек убактысы 00:34

Кыргызстанда жумуш ордундагы коопсуздук, эмгек келишимдеринин мыйзамдык күчү жана аткарылышы, иш учурунда кырсыкка учурагандарга кенемте төлөп берүү жаатында миңдеген арыздар түшкөнү менен алар жумушчунун пайдасына чечилген учурлар өтө аз кездешет.

Кыргыз Республикасынын Баш мыйзамына ылайык ар бир жаран иштөөгө, иш учурундагы коопсуздукка, кесип тандоого, жумуш берүүчүдөн иш ордундагы коопсуздукту, тазалыкты талап кылуу менен катар иш акысын убагында алууга укуктуу.

Бирок акыркы убакта иш учурунда кырсыкка учураган жарандардын укугу корголбой, менчик ишканалар жалпы коопсуздук, тазалык талаптарын аткарбаган миңдеген фактылар катталууда.

"Арай көз чарай" талкуусуна Акыйкатчы институтунун башкы адиси Салтанат Касымбекова, Өкмөткө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын улук инспектору Кубанычбек Маатказиев жана көз каранды эмес адвокат Асел Рысбаева катышты.

"Азаттык": Жумуш ордундагы мыйзам жана укук бузуу боюнча Акыйкатчы институту бир топ фактылардын бетин ачканы менен жоопко тартылгандар аз бойдон. Мунун себеби эмнеде?

Салтанат Касымбекова: Акыйкатчы институтуна жылдан жылга эмгек маселелери боюнча абдан көп арыздар түшөт. Бул жөнүндө жылдык баяндамабыз да чыгып турат. Кайрылгандардын көбү эле айлык акысын убагында ала албаган, иш ордунда коопсуздук эрежелери сакталбаган, эмгек өргүүсүнө убагында чыга албаган, негизсиз, себепсиз эле мыйзамга каршы иштен бошоп калганда. Алардын маселесин чечүүдө биз туш болгон негизги кыйынчылык - эмгек келишиминин жоктугу.

Жарандардын укугун коргоодо дал ушул жазуу жүзүндөгү келишимдеринин жоктугу абдан чоң кыйынчылык жаратып жатат. Маселен, биз жүргүзгөн сурамжылоодо Бишкектеги тигүү цехтеринде иштегендердин 100 пайызы келишим түзбөй турганын билдирген. Анысы аз келгенсип цехтердеги иш коопсуздугу, эмгек шарттары таптакыр талапка жооп бербейт экен. Жалаң эле тигүү цехтеринде иштегендерден эмес, курулуш тармагынан да арыздар көп түшөт.

"Азаттык": Анда эмнеге Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция ишкана-мекемелердеги акыбалды жетиштүү деңгээлде текшере албайт?

Кубанычбек Маатказиев: Бизде текшерүү жүргүзгөнгө толук мүмкүнчүлүктөр бар. Пландуу жана пландан тышкары текшерүүлөрдү жүргүзөбүз. Пландалган учурда жогоруда айтылгандай эле, Акыйкатчы институту менен чогуу Бишкектеги тигүү цехтерин текшерүүгө биз да барганбыз. Тилекке каршы, эмгек коопсуздугу көп жерде сакталбаганы аныкталды. Мындан тышкары, жалданган кызматкерлер келишим да түзүшпөйт. Текшерүүнүн жыйынтыгында "Эмгек жана эмгекке болгон укукту коргоо" мыйзамынын негизинде биз жазма буйруктарды берип, аткарылышына мөөнөт койгонбуз. Эгер кайрадан текшерүү учурунда мыйзам бузуу улана берсе, айыппул салынат.

Кыргызстандагы курулуштардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы курулуштардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

"Азаттык": Айыппулдун көлөмү канчалык? Мыйзам бузган жеке ишкердин капчыгына сокку ургудай деңгээлдеби?

Кубанычбек Маатказиев: Жок, андай деп айтуу кыйын. Административдик кодекс боюнча мурда 2 миң сом салынчу, кайра иштетилип, көп сунуш-пикирлер түшкөндөн кийин 7 миң сомго көтөрүлдү. Эгерде жумушчу курулуштан травма алса же коопсуздугу сакталбаса 15 күндүк мөөнөттө окуя иликтенип, айыптуу жактар аныкталат. Биздин мамлекеттик инспекция атайын комиссия түзүп, кырсыктын чоо-жайын 15 күндө аныктоого тийиш.

"Азаттык": Өз укугун коргоп, атайын юристке кайрылып же тийиштүү органдарга барган адамдар жетиштүү жардам ала алабы? Деги эле Кыргызстанда эмгек келишими деген мыйзамдык документ эмнеге толук иштебейт?

Асел Рысбаева: Тилекке каршы, укук коргоо органдарына кайрылып же түз эле адвокат жалдоо ар бир эле жумушчунун колунан келе бербейт. Өз укугуна кайдыгер карабаган сабаттуу адамдар албетте, адилеттик издешет. Ошентсе да жумушка кирерде сөзсүз түрдө түзүлүүчү эмгек келишимдери түзүлбөй калып, оозеки эле макулдашып ишке кирише беришет. Бирок ошол оозеки макулдашуу деле, эгер адам ишти аткарып жаткан болсо, юридикалык күчкө ээ болуп саналат. Ушул жагдайды бардык жарандар эске алышы керек.

Мамлекеттик органдардын жеке ишкерлик жайларындагы коопсуздукту текшерип, жөнгө салышына жолтоо болгон дагы бир жагдай бар. Бул жеке ишкерликти колдоо боюнча Кыргызстандагы мыйзамдардын эки жактуулугу. Маселен, Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын кызматкерлери ошол эле укуктар бузулуп жаткан тигүү цехтерин, кафе-ресторандарды же өспүрүмдөр тынымсыз иштеген жайларды алдын-ала эскертпестен текшере алышпайт.

Эскертүү 10 күн мурда берилип, кайсы бир жарандын арызынын негизинде болушу керек. 10 күн мурда ишкерге атайын маалымдама жиберилет. Албетте, ага чейин бардык мыйзам бузуулган жагдайларды убактылуу токтото турушат да? Ушундай эки ача мыйзамдык база мамлекеттик органдардын талап коюшуна бөгөт болуп жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG