Линктер

дүйшөмбү, 28-май, 2018 Бишкек убактысы 07:06

Биринчи май - Эмгек күнүнө байланыштуу "Азаттык" Кыргызстанда жумушчулардын укуктары кандай корголоорун, жумуш табуу маселесин, эмгек акынын өлчөмүн жана башка суроолорду "Арай көз чарай" берүүсүндө талкуулады.

Талкууга ЖИА Бизнес биримдигинин эмгек жана жумуш менен камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы Жоодар Омошов, Темир жолчулар кесиптик кошуунунун төрагасы Эрнис Докенов жана "Мүмкүнчүлүгү чектелүү аялдардын эмгек укугун коргоо" уюмунун башкаруучусу Үкөй Мураталиева катышты.

"Азаттык": Эрнис мырза, Кыргызстанда эмгекчилердин укугу канчалык корголуп жатат? Кесиптик кошуундун өкүлү катары кандай баа бере аласыз?

Жумушсуз да, бош орун да көп

2016-жылы Кыргызстандын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги өлкө боюнча 18 миңден ашык жумушчу орду бош деп жар салган.

Докенов: Биздин ишкана мамлекетке караштуу болгондуктан, эмгекчилерге тиешелүү бардык жеңилдиктер каралган. Көз каранды эмес кесиптик кошуунубуз 2004-жылы түзүлгөн. Ошондон бери иштеп келе жатабыз.

Биздеги жумушчулардын укугу жамааттык келишим аркылуу корголот. Анда бардык жеңилдиктер, медициналык камсыздандыруу жана башка милдеттенмелер жазылган. Мен жетектеген кесиптик кошуундун кийлигишүүсү менен 2004-жылдан бери жумушчулар айлык акысын ар айдын онунчу күнүнөн кечикпей алып жатышат. Экинчиден, айлык акы ар бир жумушчуга таратылат, алар бир айда иштеген иши үчүн канча акча төлөнүп, анын ичинен канча пайызы социалдык фондго, канча пайызы салыкка төлөнгөнүн жана башка чыгашаларын эсептей алышат.

Эрнис Докенов.
Эрнис Докенов.

Биздин кесиптик кошуунга жетекчиликтин үстүнөн же башка укугу бузулганы тууралуу арыздар да түшүп турат. Мисалы, "жумуш мөөнөтүнөн ашыкча саат же күнү-түнү иштеген учурда тиешелүү акы төлөнбөй калды" деп кайрылышат. Бирок көбүнчө "иштен негизсиз алып жатат" деп жетекчиликтин үстүнөн даттанган кайрылуулар болуп турат. Андай учурда биз аралашып, жамааттык келишимдеги тартипте маселени чечүүгө аракет кылабыз.

"Азаттык": Статистикалык маалымат боюнча, жыл сайын Кыргызстанда 80 миңден 100 миңге чейин жаштар мектепти, түрдүү окуу жайларын аяктайт. Бирок алардын көбү өзүнө тиешелүү иш таба албайт. Акыркы жылдары иш издеген жаштар 30% көбөйгөн. Ошол эле учурда жумуш издегендер менен кошо жумушчу издеген ишкана, мекемелердин да көптүгү айтылып жүрөт. Миңге жакын ишкананын башын бириктирген ЖИА Бизнес биримдигинде абал кандай?

Бизнестин көзүн тапкан эпчил жаштар

Стартапер бизнесин жаңы инновациялык идеялар, технологиялар менен жүргүзөт. Кыргызстанда стартаперлердин жаңы мууну пайда болду.

Омошов: Бизде иш издегендер өзү, билими, жөндөмү тууралуу баяндама кагаз-резюме жазганды азырынча жакшы өздөштүрө элек. Менин таң калганым - 20га чыга элек улан-кыздар жыйырмага жакын ишканада иштеп келгенин көрсөтүшкөнү. Окууну бүтүп эле он жерде иштегенин көрсөткөнү алардын ишти аткара албаганын аныктап турат.

Учурда Кыргызстанда айлык акы аз. Муну моюнга алыш керек. Статистикалык орточо айлык акы 200-300 доллар дегени менен, иш жүзүндө андан да аз. Биздин ишкерлерде айлык акыны көбүрөөк төлөп берүү мүмкүнчүлүгү деле аз. Иш берүүчүлөр менен иш издегендер бири-бирин таба албай жатканынын бир себеби ушул. Экинчиден, иш берүүчүлөр жумушчудан тажрыйба, иш билгиликти издейбиз, талап кылабыз.

Кээде "идиректүү жаштарды өзүбүз үйрөтүп, окутуп алабыз" деген учурлар болот. Айрым учурларда алар бизден үйрөнүп алып, андан кийин маянаны көбүрөөк сунуш кылган ишканаларга кетип калат. Бирок алар андай ишканадан кийин дагы көбүрөөк айлык издей тургандыгын эске алыш керек.

"Азаттык": Үкөй айым, бизде мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын эмгек укугу сакталып жатабы?

Үкөй Мураталиева.
Үкөй Мураталиева.

Мураталиева: Бизде мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды иш менен камсыз кылууда көбүнчө көзү азиз жана кулагы дүлөй адамдарга көбүрөөк көңүл бурулуп келген. Алар үчүн атайын иш орундары түзүлгөн. Бирок бүгүнкү күндө мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын иштөөгө укугу тууралуу маселе көп көтөрүлүп, түрдүү эл аралык уюмдардын колдоосу менен аларга билим берилип, алар кесип үйрөнүп жатышат.

Биздин чөйрөдө эле мал чарбачылыгындагы, тигүү цехтерин иштеткен майыптар соо кишилерден кем калышпай ийгиликке жетип жатат. Бирок ошого карабай, мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды соо адамдан бөлүп карап, анын колунан иш келбегендей кабыл алуу адаты сакталууда.

Иш берүүчү өзүнө соо, бирок колунан иш келбеген жумушчу керекпи же буту баспай арабада отурса да мээси жана колу жакшы иштеген жумушчу керекпи - ошону так ойлонуп чечиши керек. Тилекке каршы, биздеги майып адамдарга көндүм болуп калган мамиледен улам түрдүү кесиптерге окуп үйрөнгөн мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарыбыз ишсиз калып жатат.

Бизге да "ар бир ишканада майыптыгы бар адамдар ишке алынышы керек, алар жамааттын кеминде 5% түзүшү керек" деген мыйзамды киргизип, күчтөндүрүү зарыл. Бул мыйзам мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын иштөө укугунун сакталышына чоң өбөлгө түзмөк.

Талкууну толугу менен аудиодон угуңуз

Этибар алынбаган эмгек укугу
please wait

No media source currently available

0:00 0:22:34 0:00
Түз линк
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG