Линктер

шаршемби, 19-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 21:35

"Бир дүйнө": Кыргызстанда аялдардын эмгек укугу корголбойт


Кыргызстандагы тигүү цехтеринин бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда аялдардын эмгекке болгон укуктары корголбой жатат. Бул тууралуу "Бир дүйнө Кыргызстан" укук коргоо кыймылынын "Аялдар маршын" уюштуруу боюнча тараткан билдирүүсүндө жазылган.

Аталган уюм Европа биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жарыялаган маалыматтарга таянуу менен өлкөдө аялдарды саясатка, башкаруу органдарына тартууда да көйгөй бар экенин кабарлады. Маселен, бийликте аялдар 40 пайызды түзүшү керек деген эреже бар экенине карабай иш жүзүндө бул көрсөткүч кыйла аз экенин жазды. Буга Жогорку Кеңештеги 120 депутаттын 20сы гана аялдар экенин мисал келтирди.

БУУнун буга чейинки иликтөөлөрү Борбордук жана Чыгыш Европада жана Борбор Азияда 2015-жылы эркектерге салыштырмалуу аялдардын маянасы орто эсеп менен 21,8 пайызга, батыш өлкөлөрүндө 16 пайызга төмөндөгөнүн көрсөткөн.

Ошол эле кезде эркектерге караганда аялдар үй-чарбачылыкта жумушту 2,5 эсе, айрым өлкөлөрдө 8 эсе көп аткарышары, бирок ага айлык төлөнбөй турганы белгиленген.

"Бир дүйнө Кыргызстан" кыймылы кыргыз өкмөтүнүн 2000-жылдын 24-мартындагы №158 токтомунда эмгектин 450 түрүндө аялдарды тартууга тыюу салынганын жана аны жокко чыгаруу зарылдыгын айтууда.

20-январда Бишкекте аталган кыймылдын жаш лидер-волонтерлору аялдардын укуктарын коргоо тууралуу жүрүш уюштуруп, анда кыз-келиндердин көйгөйлөрүн чечүү талабы менен катар бул токтомду жокко чыгарууга да бийликти чакырышты. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG