Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:23

Бишкекте аялдардын укугун коргоого арналган жүрүш өттү


Жаш лидерлер аялдардын укуктарын коргоп чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:22 0:00

Иш-чараны "Бир дүйнө Кыргызстан" укук коргоо кыймылы уюштуруп, ага аталган уюмдун жаш волонтерлору катышты. Жүрүш Бишкектеги Уркуя Салиеванын эстелигинин жанынан башталып, Ала-Тоо аянтында аяктады. Катышуучулар "Аялдардын укуктары - адам укуктары!", "Биз көп аял алууга каршыбыз!", "Эрте никеге жол жок!" деген чакырыктарды жасашты. Акциянын максаты - эрте никеге, кыз уурдоого, көп аял алууга, педофилияга, үй-бүлөлүк жана сексуалдык зомбулукка, жумуштагы гендердик теңсиздикке, кулчулукка мажбурлоого жана адамдарды сатууга каршы турууга коомчулукту чакырууга багытталган.

Ошондой эле акция Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча декларациясынын жетимиш жылдыгына жана 20-21-январда бүт дүйнөдө белгилене турган эл аралык аялдар маршына карата өткөрүлдү.

Былтыр 21-январда планетанын бардык аялдарына колдоо көрсөтүү, жыныстык белги боюнча кодулоосуз жана басмырлоосуз бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүү талабы менен дүйнөнүн 600 шаарында 6 миллиондон ашык кыз-келиндер акцияга чыгышкан.

XS
SM
MD
LG