Линктер

шейшемби, 20-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 01:45

Кооптуу ишке тартылган балдар арбын


Сүлүктүдөгү көмүр кенинде иштеген 11 жаштагы Нурбек (2012-жылы тартылган сүрөт)

Кыргызстанда кара жумуш жасаган балдардын саны азайганы менен оор жана зыяндуу ишке тартылгандар дале арбын.

“Оор, баланын ден соолугуна зын келтире турган ишке тартылгандар азайган жок. Маселен, ата-энелер балдарын мал сойгон жерлерге жиберишет, 16 саатка чейин кафелерде иштешет, көмүр шахталарда, жазында талаада уулуу жер семирткичтерди чачкан жерлерде балдардын жүргөнү далилденген” – деп баса белгилейт “Балдарды коргоо лигасынын” жетекчиси, укук коргоочу Назгүл Турдубекова.

Улуттук статистикалык комитет менен Эл аралык эмгек уюмунун 2014-жылкы иликтөөсүндө өлкөдөгү балдардын 39% жумушка тартылганы аныкталган. Бул элеттик балдардын ар бир экинчиси, ал эми шаарда ар бир бешинчи бала чоңдор менен теңтайлашып иштейт дегенди түшүндүрөт. Ош, Жалал-Абад облустарында балдардын дээрлик жарымы ишке тартылса, бул көрсөткүч Ысык-Көлдө 48% түзөт.

Бала кичинесинен эле ата-энесине кол кабыш кылып өскөн кыргыз коомунда “балдар эмгеги” деген сөзгө анча маани берилбей келгенин адистер айтышат.

“Калктын аярлуу катмарын коргоо жана өнүктүрүү” коомдук фондунун төрайымы Зайнап Эшмуратова көп ата-энелер балдардын оор иштерди жасаганын көнүмүш катары көрүшөрүн, “түштүк аймактарда тамеки өстүрүү кайра жандана баштаганы анда иштеген балдардын саны арбыганы” менен байланыштырат.

“Мыйзам боюнча бала төрт сааттан ашык эмгектенсе ал балдар эмгеги деп эсептелинет" деген Назгүл Турдубекова "Эгер баланын дене боюна жана психологиялык саламаттыгына зыян келтирилсе Кылмыш жана Административдик кодекстин чегинде жумушка алган же жумшаган адамдар, ишканалар жоопкерчиликке тартыларын” эскертет.

Баланын куралы - билим

Балдарды мектепте окутуп, билим берүү алардын эмгегин эксплуатациялоого каршы күрөштүн бирден бир чарасы. Кат-сабаты жоюлбаган балдар арзыбаган тыйынга жалданып иштеп, коомдун жакыр катмарын толуктайт. Кыргызстанда мектепке барбаган балдардын санын аныктоо максатында соңку иликтөө 2012-жылы жүргүзүлүп, анда 63 миң бала эч жерде окубаганы такталган. Бирок бул балдардын канчасы окуусун таштап, иштеп жүргөнү так ажыратылып көрсөтүлгөн эмес.

ЮНИСЕФ уюмунун Кыргызстандагы кеңсесинин өкүлү Мавлюда Жапарова “мектепке барбаган балдардын санын, себебин аныктоо үчүн” Билим берүү министрлиги менен атайын усул иштелип жатканын “Азаттыкка” берген комментарийинде айтты.

“Балдарды коргоо борбору” коомдук бирикмесинин адиси Кумар Эргешова көпчүлүк балдар ата-эненин жоопкерсиздигинен жана жетишпеген турмуштун айынан билимден өксүп калышарын айтат. ​“Мектепке барбай калып, бирок жашы чоңоюп кеткен балдарды атайын реабилитациялык борболорго, атайын группаларга тартып жатабыз. Андан сырткары Бишкекте 17 атайын окуу жай билимден өксүп калган балдарды кесипке үйрөтөт” - деген Эргешованын пикиринде соңку кезде балдарды мажбурлап иштетүү азайып баратат.

Жарандык коом өкмөттү, эл аралык жана бейөкмөт уюмдарды балдарга карата дискриминацияны 2030-жылга чейин мүмкүн болушунча азайтууга күч үрөөгө үндөйт.

Дүйнөдө ишке тартылган балдар азайды

Дүйнөдө согуш баскан, табигый кырсыктар болгон жерлерде балдар эптеп жан багыштын айынан ар кандай жумуш жасашат. Алардын көбү мектепти такыр көрбөсө, дагы бир тобу аргасыздан окубай калышат.

Балдарды эмгекке тартууга көпчүлүк өлкөлөрдө тыюу салынган. Ошол эле маалда дүйнөнүн 50дөй өлкөсүндө 18ге толо элек балдарды оор жумуштан коргой турган мыйзамдар жок.

Эл аралык эмгек уюмунун эсебинде дүйнө жүзүндө 85 миллиондой бала кооптуу жумуштарды аткарышат. Бул көрсөткүч 2000-жылы 171 миллионго жеткен.

Глобалдык масштабда Азия жана Тынч океан регионунда 78 млн бала, башкача айтканда 10 баланын бирөө иштесе, Африканын Сахара чөлкөмүндө 59 млн (беш баланын бирөө), Латын Америкасы менен Кариб аймагында 13 млн, Жакынкы Чыгыш менен Түндүк Африкада 9,2 млн бала чоңдор аткарган иштерди жасашат.

Дүйнөдө балдарды эксплуатациялоо Нигерия, Пакистан жана Ооганстанда эң кеңири тараган. Бул өлкөлөр узакка созулган согуш-жаңжалдардан башы чыкпагандыктан мектепке барып кат сабатын жоё албаган жеткинчектер көп.

Эл аралык эмгек уюмунун эсебинде дүйнөдө 5 жаштан 17ге чейин ишке тартылган балдардын саны 2000-жылга салыштырмалуу азайган.

Мындан 15 жыл мурун 246 миллиондой бала күн көрүү үчүн иштөөгө мажбур болсо, учурда алардын саны 186 миллионго түшкөн. Тестиер кезинен түйшүк тартып, чоңдор менен аралашып иштеген балдардын оюнга убактысы да жок, алардын дээрлик көбү билим ала албай калат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG