Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:33

Каникул ата-эне капчыгына жараша өтөт


Иллюстрация
Иллюстрация

Мектепке чейинки жана мектеп курагындагы кыргызстандык балдар быйылкы жылы жай мезгилин кандай өткөрүшөт? Апта темасына “Азаттык” бул ирет ушул теманы тандап алып, айылдык жана шаардык балдардын жайкы күндөрдү кантип өткөрөрүнө, ата-эненин жана өкмөттүн камкордуктарына кызыгып көрүштү.

Нарын аймагындагы жайлоо бала бакчалары ишин 15-июндан баштап, 20-августта аяктайт. Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда учурда бакча жайгаша турган жайлоолорго боз үйлөр жеткирилип, керектүү нерселер алынып жатат. Бирок тарбиячыларга маяна төлөө маселеси чечилбей, ара жолдо турат. Былтыркы маяналар балдарын бакчага берген малчылардын сүт, сары май, сүзмө, козу түрүндөгү азык-түлүктөрүнүн эсебинен чечилген. Теманы Мирлан Кадыров улантат.

please wait

No media source currently available

0:00 0:03:32 0:00
Түз линк

Ысык-Көлдү көпчүлүк эс алуунун чордону катары кабылдаганы менен мында айыл тургундары, ал тургай өспүрүм балдар үчүн жай мезгили тынымсыз түйшүк менен өтөт. Жайы менен туристтерге кызмат көрсөткөндөрдүн басымдуу бөлүгү дал ушул окуучу балдар. Өспүрүмдөрдүн негизги жумушу - соода, мындан сырткары кайык, катамаранды ижарага берип, эс алууга керектүү кызматтарды көрсөтүү да алардын милдетине кирет. Көлдө окуучулар быйылкы жайга кандай иштерди пландап койгонун Самат Асипов баяндайт.

please wait

No media source currently available

0:00 0:03:07 0:00
Түз линк

Алыскы Баткенде деле ата-энелер кол арага жараган балдарын үй-тиричилигине көбүрөөк каралашса дешет. Ата-эне күндөлүк түйшүктөн тышкары балдарын эс алдырууну пландайбы, балдарынын эс алуусуна, дүйнө таанымын кеңейтүүгө кызыктарбы? Кабарчыбыз Жеңиш Айдаров сураштырып көрдү.

please wait

No media source currently available

0:00 0:03:36 0:00
Түз линк

Ош шаарынын балдары совет мезгилиндегидей массалык түрдө мамлекеттин эсебинен эс алышпайт. Көпчүлүгү иштешет. Мектеп курагындагы балдардын элүүдөн бири гана билим берүү тармагы уюштурган бекер лагерлерге барышат дейт кабарчыбыз Ыдырыс Исаков.

please wait

No media source currently available

0:00 0:03:12 0:00
Түз линк

Ал эми борбор калаа Бишкекте окуучулар үчүн мектептин алдында түзүлгөн жана менчик жайкы лагерлер иштей баштады. Кыргызстанда 5 жаштан 17 жашка чейин 2 миллиондон ашуун бала болсо, жайкы лагерге алардын аз гана бөлүгү барат. Кээ бирлерин окуу, тарбия, эс алуу программалары толук ынандырбаса, кээ бирөөнүн чөнтөгү жука. Бишкекте балдар үчүн эс алуу канча турарын Канымгүл Элкеева сураштырып көрдү.

please wait

No media source currently available

0:00 0:04:21 0:00
Түз линк

Эми кезекти адистин пикирине берсек. Мектеп курагындагы жана мектепке чейинки балдардын жайкы эс алууларына байланышкан пландар, чечилген жана чечилбей жаткан маселелер тууралуу “Азаттыктын” суроолоруна Билим берүү министрлигинин жетектөөчү адиси Гүлшан Абдылдаева жооп берди. Адисти кепке кабарчыбыз Бактыгүл Чыныбаева тарткан.

please wait

No media source currently available

0:00 0:04:08 0:00
Түз линк

XS
SM
MD
LG