Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:42

Журналист Чынара Капарова КТРКны соттон утту


КТРКнын мурдагы алып баруучусу Чынара Капарова каналдын башкы директору Илим Карыпбековду Жогорку соттон утуп алды.

Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат катчысы Сюита Соурбаева “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Жогорку сот 26-марттагы токтому менен буга чейин Ленин жана Бишкек шаардык соту чыгарган чечимдерди күчүндө калтырды.

- Чынара Капарованын мурда ээлеген кызмат ордуна орноштуруу тууралуу доо арызы канааттандырылды. Капарова “Ала-Тоо” маалымат программалар студиясынын баяндамачысы болуп кызмат ордуна барат, - деди Соурбаева.

Сот токтомуна ылайык, КТРК Капаровага иштен алынгандан кийинки 55 миң сом айлыгын жана 5 миң сом өлчөмүндө моралдык чыгымын төлөп берүүгө милдеттендирилди.

Коомдук каналдын жетекчиси Илим Карыпбеков 2016-жылы Капарова маркум Эл акыны Сүйүнбай Эралиевди Улуу Ата мекендик согуштун баатыры деп эфирде туура эмес тааныштырганы үчүн иштен алган.

Капарова бул кемчилик үчүн эскертүү берүү жетиштүү болмогун айтып, сотко кайрылган. Илим Карыпбеков сот чечими кагаз түрүндө келсе, аны аткарууга даяр экенин билдирди.(UEz)

XS
SM
MD
LG