Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:59

Боорукерлерди бириктирген Малика


Малика Ноотиева. Анталия шаары, Түркия.
Малика Ноотиева. Анталия шаары, Түркия.

Түркиянын Анталия шаарында зомбулукка кабылып, 2016-жылдан бери сот иштерине жана саламаттыгына байланыштуу Түркияда жашап жүргөн Малика Ноотиева 7-майда Кыргызстанга учуп кетти. Маликанын саламаттыгы толук калыбына келе элек. Ал эми сот иштери аяктоо алдында турганын кыргызстандык жабырлануучунун адвокаты билдирди.

Мыкаачынын колунан азап көрүп, башына үч жолу операция жасаткан Малика Ноотиеванын саламаттыгын дарыгерлер эки жыл бою көзөмөлдөп турушту. Азыр Маликанын сол жагы кыймылга келе элек, сүйлөй элек, бирок оюн жаңдап түшүндүргөнгө жарап калды.

Анталиялык дарыгерлер мунун баары акырындык менен калыбына келерине ишендирип жатышат. Эми мындан аркы саламаттыгына кыргызстандык дарыгерлер көз салат. Маликанын апасы Адел буларды айтты:

- Малика "Кыргызстанга кетем" деп сүйүнүп отурат. Эми калган дарылануусунун баарын Кыргызстанга барганда улантабыз. Дарыгерлер Маликанын өзүнө түшүндүрүп айтышты, "аракет кыл" дешти. "Кыргызстанга кетебиз" деп кубанып отурабыз.

Айсулуу Чоткараева Малика Ноотиева менен аэропортто.
Айсулуу Чоткараева Малика Ноотиева менен аэропортто.

Маликанын сакайып, мекенине кайтып жатканына өздөрү эле эмес, эки жыл бою алардын ысыгына күйүп, суугуна тоңгон мекендештери, жергиликтүү тилектештери да жетине албай жатышат. Алардын арасында Маликаны апасы Адел менен кошо үйүнө жайгаштырып, каралашкан Айсулуу Чоткараева да бар.

- Ооруканадан чыккандан бери абалын сурап турдум. Кийин жагдайга жараша биздин үйгө чакырып алдым. Колумдан келишинче жардам бердим. Ырыскымды эне-кыз менен тең бөлүшүп жедик. Менин үйүмдө Малика такшалып, басканы оңолуп калды. Кыргыз болгондон кийин кайда жүрсөк да колдоо көрсөтүшүбүз керек деп ойлойм.

Түркмөнстандык Арзу Өзарслан үчүн Малика бир тууганындай эле болуп калды. Ал кейиштүү окуяга кабылган Маликанын эс-учу жок абалдагы сүрөтүн Интернеттен көрүп калып, ошондон бери ар тараптуу колдоо көрсөтүп келди.

- Маликанын окуясын уккандан кийин мен гана эмес, Анталияда жашаган түрк тилдүү мамлекеттердин өкүлдөрүнүн баары жардамга келди. Акчалай колдоо көрсөтүштү, кийим-кече, дары-дармек, айтор колунан эмне келсе баарын алып келип беришкенин көрдүм. Жергиликтүү калк да четте турган жок. Машинелери менен Маликаны ооруканаларга, сотко алып барып жардам беришти. Меникинде бир айдай жашап, анан ооруканага кайра жаткырганбыз. Азыр эми кыргызстандык мекендештери менен турушат. Эми Малика Кыргызстанга кайтып жатат. Дагы качан көрүшөрүбүздү билбейм. Азыр коштошуп кайгырып турам. Анын өзүнө да айттым, "жашоодо кандай гана тоскоолдуктар болбосун, келечегиң кең, ден соолугуң бекем болсун" дедим.

Маликага жардам издеген түрк жигит

Маликага жардам издеген түрк жигит

Катуу сабалып, өзүнө келе албай жаткан Маликага Түркиянын социалдык тармактарында акчалай жардам чогулуп жатат.

Малика Ноотиеваны колдогондордун дагы бири – ыктыярчы, "Анталия камкордук платформасынын" мүчөсү Халит Мерт. Ал кыргызстандык кыз тууралуу жергиликтүү телеканалдар аркылуу маалымат таратып, укугун коргоп, Маликага керек болгон каражаттарды алгачкылардан болуп жеткирген:

- "Маликанын башына түшкөн окуя Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда далай маселелерди жаратат го" деп ойлогонбуз. Бирок тескерисинче, Түркияда Маликага колдоо көрсөткөндөр көп болду. Түркия, Кыргызстандан гана эмес, дүйнөнүн төрт бурчунан акчалай жардам келди. Ал эми кылмышкерлер эң оор жаза алаарынан күмөн жок. Биз үй-бүлөбүз менен Маликага абдан көнүп калдык. Мындан ары Кыргызстанда ата-энеси менен дайым байланышта болобуз. Маликанын Анталияга конокко келишин күтөбүз.

Малика Ноотиева кабылган окуя боюнча козголгон кылмыш иши боюнча сот жараяны аягына чыга элек. Маликанын адвокаты Энис Зияли сот аяктаганы калганын билдирди:

- Учурда Маликанын соту аяктап баратат. Буга чейин бир канча соттук отурум болду. Маликанын ооруканадагы анализдеринин баарын соттук-медициналык экспертизага жөнөттүк. Эми кийинки соттук отурум качан болору белгисиз. Шектүү бир түрк жараны учурда камакта. Ага Түркиянын Кылмыш-жаза кодексинин 147-беренеси жана 87-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Анда киши өлтүрүүгө аракет кылуу жана зордук-зомбулук боюнча аз дегенде 20 жылдан кем эмес жаза алат деген үмүтүбүз бар.

Анталия шаарына бала багуучу болуп иштегени келген Малика 2016-жылы тааныш кызынын тилине кирип, каргашалуу окуяга кабылган. Соттук отурумда Малика түрк жараны М.Й. аны автоунаасына салып, Анталиянын Коркутели аймагына алып барганын айтып берген. Сотто М.Й. автоунаада кызга зомбулук көрсөтүп, башына темир менен бир канча жолу уруп, жолдун жээгине таштап качып кеткени айтылган. Айыпталуучу М.Й. сотто күнөөсүн мойнуна алган эмес.

Малика Ноотиеванын иши боюнча алгачкы соттук отурум 2017-жылы 12-июлда оор жазаларды караган төртүнчү сотто өткөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG