Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:24

Анталияда сабалган кыздын абалы оор


Ооруканадагы Малика Ноотиева
Ооруканадагы Малика Ноотиева

Малика Ноотиеванын башына экинчи ирет операция жасалган соң, көп өтпөй мээсине кан куюлуп кеткен. Буга байланыштуу кыз кайрадан реанимация бөлүмүнө которулду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги маалымдады. Ал эми кыздын жанында каралашып жүргөн мекендеши Гүлмира Исабекованын “Азаттыкка” билдиргенине караганда, инсульт эмне себептен болгону белгисиз:

- Операциядан жакшы эле чыкты эле, бирок азыр ойгонбой жатат. Башын эле чайкап атат. Уктап жатып да чайкап атат. Дарыгерлер ички органдары баары таза, жаш, айыгып кетет деп атышат. Биз да ошого үмүт байлап турабыз.

23 жаштагы Малика Ноотиева 21-декабрда сабалып, эс-учун билбеген абалда Анталиянын “Акдеңиз” ооруканасына түшкөн. Аны сабаган деген шек менен бир түрк жараны кармалып, дагы экөө издөөгө алынган. Ишти Анталиянын прокуратурасы тергеп жатат.(ElB/ZKo)

XS
SM
MD
LG