Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:02

Маликага жардам издеген түрк жигит


Халит Мерт
Халит Мерт

Бир ай мурда катуу сабалып, өзүнө келе албай жаткан Маликага Түркиянын социалдык тармактарында акчалай жардам чогулуп жатат.

Кыргызстандык 23 жаштагы Малика Ноотиева 21-декабрда сабалып, эс-учун билбеген абалда Анталиянын “Акдеңиз” ооруканасына түшкөн. Анын башына экинчи ирет операция жасалган соң 31-январда мээсине кан куюлуп кеткени кабарланган. Буга байланыштуу кыз кайрадан реанимация бөлүмүнө которулган.

Москвадан Анталияга жетелеген азап

Москвадан Анталияга жетелеген азап

Түркиядагы ооруканага оор абалда түшкөн бейтааныш кыргыз кыздын жакындары табылды.

Учурда Түркиянын социалдык тармактарында Маликага жардам берүүгө чакырыктар тарап, керектүү буюмдар, акчалай жардам чогултулуп жатат.

Анталиядагы оорукананын реанимация бөлүмүндө жаткан Малика Ноотиеванын абалы туруктуу. Кыргызстандан кызынын жанына келген апасы Маликанын операциядан кийинки абалы тууралуу буларды айтты:

- Азырынча жатат, өзүнө келе элек. Реанимацияда.

- Дарыгерлер эмне деп жатышат?

- Жакшы эле деп жатышат. Уктап жатат. Үч саат болду, ойгоно элек.

- Операциясы кандай өттү?

- Жакшы эле.

Соцтармакта тараган тасма

Маликанын оор абалын интернеттен окуган анталиялык Халит Мерт ошол заматта ооруканага жетип барган. Ал видео тартып, өзү жетектеген "Анталия-жардам" платформасынын баракчасы аркылуу социалдык тармактардын колдонуучуларынан жардам сураган.

- Малика сүйлөй албайт. Апасы түркчө билбейт экен. Ооруканадан бейтап эмнеге муктаж экенин тактадым. Шейшеп, жалаяк, крем сыяктуу керектелчү нерселери жок экен. Дароо аларды апасына алып бердим. Маликанын видеосун тартып, өз баракчамдан бөлүштүм.

Малика жаткан Акдеңиз университетинин ооруканасы мамлекеттик медициналык мекеме болуп эсептелет. Ошондуктан анын күнүмдүк керектелчү буюмдарын бейтапкана көтөрбөйт. Бул жагдайды көргөн ыктыярчы Халит Мерт тез арада апасына материалдык жардам көрсөтүлүшү керек экенин билдирди.

- Апасы Кыргызстандан жаңы эле келгендиктен бул жакта эч кандай кирешеси жок. Азыр колунда өтө аз гана акчасы калыптыр. Мен видеону баракчама койгондон баштап эле туш тараптан материалдык жардам берүүнү каалагандар чала башташты. Мен азырынча өзүмдүн банктагы эсебимди берип, акча чогултуп жатам. Чогулса эле апасына алып барып берем.

Оорукана мамлекеттик болгондуктан бейтапка каралашкандар түнкүсүн бул жерде кала албайт. Ал эми Маликанын апасы күнү-түнү кызынын жанында, бирок жатканга керебети жок. Ал отургучта эле уктап, кызынын жанынан бир карыш жылбай отурат. Буга күбө болгон Халит Мерт кыргызча же орусча билген жардамчы таап калаармын деген ниетте.

- Биз апасына жардам бере турган ыктыярчыларды издеп жатабыз. Анталияда негизинен орус тилдүүлөр көп жашайт эмеспи. Ошондой кишилер келип, кезеги менен каралашса болот эле. Жок дегенде апасы эки күндө бир уктап, эс алып алса жакшы болмок. Биздин жардам платформабыз Анталияда өтө кеңири тарагандыктан орусча билгендер көп чалып жатышат.

Түркиянын мыйзамдарына ылайык, түрк жараны болбогондор жардам чогултуу үчүн банкта эсеп ачтыра алышпайт.

- Маликанын дарылануусу кеминде үч айга созулат экен. Андыктан мен жакын арада Анталиянын губернаторуна арыз менен кайрылайын деп жатам. Апасына банктан эсеп ачсак, ал каалаган убагында дары-дармегин алып турганга мүмкүнчүлүгү болмок.

23 жаштагы Малика Ноотиева 21-декабрда катуу сабалып, эс-учун билбеген абалда Анталиянын “Акдеңиз” ооруканасына түшкөн. Аны сабаган деген шек менен бир түрк жараны кармалып, дагы экөө издөөгө алынган. Ишти Анталиянын прокуратурасы тергеп жатат.

Редакция: Бул макала жарыяланган күндүн эртеси Малика өзүнө келгени белгилүү болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” атасы Раимбек Ноотиев билдирди. "Мени көрүп эле “ата” деп сүйлөдү. Бир жак колу, бир жак буту бир аз кыймылдап жатат. "Догдурлар жүрөгү күчтүү экен, жакшы болот" деп айтышты", - деген Раимбек Ноотиев кечээ Анталияга учуп келген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG