Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 28-январь, 2020 Бишкек убактысы 10:47

Европадагы кылмышкердин кыргыз паспорту


Иллюстрациялык сүрөт.

Германияда киши өлтүрүүгө шектүү адамдын Кыргызстан менен байланышы аныкталды.

Германияда буга чейин киши колдуу болгон 40 жаштагы чечен улутундагы грузин жараны Зелимхан Хангошвилинин өлүмүнө шектүү адам Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматына караштуу “Вымпел” атайын бөлүгүндө кызмат кылган жана буга чейин да бир кишини өлтүрүүгө айыпталган.

Бул тууралуу "Bellingcat", "Der Spiegel" жана орусиялык "The Insider" сайтынын иликтөөсүндө айтылат.

Ага ылайык, Германияда Вадим Соколов деген адамга таандык паспорт менен кармалган адамдын чыныгы аты-жөнү Вадим Красиков.

Иликтөөдө Красиковго 2007-жылы Карелиядагы Костомукша шаарында киши колдуу болгон ишкер Юрий Козловдун өлүмү үчүн шектүү катары издөө жарыяланганы айтылат. Бирок кийин шектүүгө издөө жарыялоо боюнча маалымат Интерполдун жана Орусиянын базаларынан өчүрүлгөн. Мындан соң ал Вадим Соколовдун наамына жаңы паспорт алган.​

Красиковдун Кыргызстанга да барганы аныкталган. Адегенде 2011-жылы барган. Андан кийин 2017-жылдын 31-августунда Бишкекке учуп барып, беш күн жүргөн.

Вадим Соколовдун наамына жазылган паспортту көтөрүп жүргөн Вадим Красиков.
Вадим Соколовдун наамына жазылган паспортту көтөрүп жүргөн Вадим Красиков.

Иликтөөдө Красиковду Орусиянын атайын кызматы жалданма киши өлтүргүч катары колдонгону айтылат.

Костомукшадагы кылмышка тиешеси бар деп 2014-жылдын 20-ноябрында Владимир Фоменко (1976-жылдын 23-июнунда туулган) жана Олег Иванов (1976-жылдын 23-июлунда туулган) кармалган.

Иликтөөдөгү маалыматка караганда, Фоменко Орусияга сиңирген эмгеги үчүн бир катар жогорку сыйлыктарга татыктуу болгон. Атургай Кыргызстандын президентинин атынан Glock-100 деген тапанча менен сыйланган.

Бирок азырынча кыргыз бийлиги бул тууралуу комментарий бере элек.

Берлиндин Моабит районунда быйыл 23-августта 40 жаштагы чечен улутундагы грузин жараны Зелимхан Хангошвилини атып кетишкен. Кылмышка шектүү Вадим Красиков ошол эле күнү кармалган жана полиция ал Орусиянын жараны экенин билдирген.

«The Insider» басылмасы жана «Bеllingcat» уюмунун иликтөөчү журналисттери кылмышка шектүүнүн Орусиянын атайын кызматтары менен байланышы тууралуу жазып чыгышкан.

Тергөөчүлөр Хангошвилинин өлүмүн анын буга чейинки кызматы менен байланыштырган. Ал үй-бүлөсү менен Германияга көчүп келгенге чейин Грузияда Ички иштер министрлигинин антитеррордук бөлүмүндө иштеген жана 2012-жылы Лопото капчыгайындагы жоочуларга каршы атайын операция катышкан.

4-декабрда немис бийлиги Хангошвилинин ишине байланыштуу Орусиянын Германиядагы элчилигинин эки кызматкерин «нон-грата персоналары» деп атап, өлкөдөн чыгарган.

Ушуга окшош дагы бир иш

Иликтөөчүлөр дал ушундай эле схема быйыл жазында Украинанын аскер чалгын кызматынын офицери Алексей Комаричевди жалдаган учурда колдонулганын жазышкан.

4-апрелде Киевде чалгын офицеринин машинесинин жанында бомбага жарылып, жарадар абалында колго түшүрүлгөн Комаричев Андрей Ломако деген адамга таандык Кыргызстандын паспортун көтөрүп жүргөнү аныкталган.

Алексей Ломако жана Руслан Кирик деген ат менен берилген паспорттор
Алексей Ломако жана Руслан Кирик деген ат менен берилген паспорттор

Украин бийликтери бул адам Орусиянын чалгын кызматынын тапшырмасын аткарганын жазып чыккан.

Атайын кызматтын башчысы шектүү Комаричев жарылма затты орнотуп жатканда жарылуу болгонун айткан.

Ооруканада жаткан жеринен аны суракка алган видео көрсөтүлгөн. Буга чейин ушул кылмышка шектүү ооруканада көз жумганы кабарланган. Бирок шектүүнүн башка шериктерин кармоо үчүн атайын «өлдү» деп кабар таратылганын Грицак ачыкка чыгарды.

Алексей Комаричев. Сүрөт украин коопсуздук кызматынын сайтынан алынды.
Алексей Комаричев. Сүрөт украин коопсуздук кызматынын сайтынан алынды.

Кармалгандардын дагы бири 1988-жылы туулган Орусиянын жараны Тимур Мовлаевич Дзортов.

Генерал Грицак мына ушул экөөнүн жанынан башка аты-жөндөр жазылган Кыргызстандын паспорттору табылганын билдирген. Украинанын атайын кызматынын расмий сайтына ал документтердин сүрөтү да чыгарылган:

*Биринчисинде паспорт 1983-жылы туулган Ломако Алексейге (Комаричев) 2015-жылдын 29-октябрында берилгени көрсөтүлгөн.

*Экинчисинде 1990-жылы туулган Кирик Русланга (Дзортов) 2016-жылдын 17-ноябрында берилгени көрсөтүлгөн.

Сурак учурунда тартылган видеодо шектүү Тимур Дзортов паспорттордун чоо-жайына кыскача токтолгон:

«Документтер бизге Москвада, "Тадж-Махал" ресторанында берилген. Документ Кыргызстандын жараныныкы, паспорттогу сүрөт меники. Бирок мен Кыргызстандын эмес, Орусиянын жаранымын. Документтер калкалануу үчүн колдонулган».

Тимур Дзотов биринчи сүрөттө Ингушетиянын башчысы Юнус-Бек Евкуров менен. Сүрөт украин коопсуздук кызматынын сайтынан алынды.
Тимур Дзотов биринчи сүрөттө Ингушетиянын башчысы Юнус-Бек Евкуров менен. Сүрөт украин коопсуздук кызматынын сайтынан алынды.

Анда Кыргызстандын Мамлекеттик каттоо кызматы паспорттор жасалма экенин кабарлаган.

«Паспорттордо көрсөтүлгөн жеке идентификациялык номурлар биздин системадан такыр өткөн эмес. Мындай ПИНдер жок. Ал эми паспорттордун серия номурларын текшергенде бул номурлар менен чындап эле паспорттор берилгени аныкталды. Бирок алар кармалган адамдарга эмес, башка кишилерге берилген. Паспорттордун бири такыр эле жараксыз деп чыгып жатат. Биз ушуларга таянып ал паспорттор жасалма деп жатабыз».

УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов шектүүлөрдүн биринин паспорту мурда кыргызстандык аял кишиге таандык болгонун тактаган.

- Ал аял 2015-жылы Орусияга барып, иштеп жүргөндө жоготуп ийген. Учурда ал Кыргызстанда. Паспорту жоголгону боюнча тиешелүү арызын жазган. Паспорт ошол аял кишинин идентификациялык номурларына туура келип атат.

Орусияда сатылган паспорттор

Ушул жумада, тагыраагы 4-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Орусияда кыргыз паспортун бизнеске айландырып алгандар тууралуу айтылган.

Вице-спикер Аида Касымалиева Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилигине кайрылып, жакында Санкт-Петербург шаарында мекендештер менен жолугуп келгенин, Кыргызстандын паспортун башка өлкөлөрдүн жарандарына сатып жаткандар көп экенин айткан:

Аида Касымалиева.
Аида Касымалиева.

- Кыргыз паспорту бизнеске айланды. Өзбекстандан барган мигранттар кыргыз паспортун жарнамалап сатып жатат. Кылмыш кылган адам кармалып калса анын паспорту Кыргызстандан, көбүнчөсү Сузактан берилген деп чыгып жатат. Текшергенде «жасалма паспорт эмес» деп пин туура чыгып жатат. Системаны текшергенде «жакынкы арада Кыргызстанда чыгарылган» деп көрсөтүүдө.

Бирок Мамлекеттик каттоо кызматы депутаттын бул дооматтарын четке каккан. Мекеменин башчысы Алмаз Мамбетов азыр кыргыз паспортун мыйзамсыз жазып берүү дээрлик мүмкүн эмес экенин билдирген:

- Бизде азыр киши өзү келип, биометрикасын бермейинче бирөө да паспорт ала албайт.

Мамбетов «паспортту жасоо жана паспортту мыйзамсыз жазып берүү деген эки башка нерсе экенин» айтып, эгер жасалма фактылары болсо, аны милиция текшериши керек экенин белгилеген.

Саймаитинин жасалма кыргыз паспорту

Мунун алдында Түркияда киши колдуу болгон ишкер Айеркен Саймаитиден да, аны өлтүрүү боюнча шектүү катары кармалгандардан да кыргыз паспорту табылган.

Мунун артынан эле Ички иштер министрлиги билдирүү таратып, Саймаитиге жасалма кыргыз паспорту берилгени аныкталганын кабарлаган. Ал жасалма паспортту Сузак районунан алганы белгилүү болгон.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) бул фактыга байланыштуу 1,5 ай мурда райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн жетектөөчү адисине айып коюлуп, иш сотко өткөнүн жарыялаган. Саймаити Кыргызстанда издөөдө жүргөн. ИИМдин 13-ноябрдагы маалыматына ылайык, Саймаити колдонуп жүргөн жасалма ID карта менен чет элдик паспортто 1982-жылы туулган Самятов Эркин Салимович деп жазылган.

Айеркен Саимаити
Айеркен Саимаити

Ал эми Түркиянын коопсуздук күчтөрү Саймаитини өлтүрүү боюнча шектүү катары кармалган үч кишинин экөөнөн да кыргыз паспорту алынганын жарыялаган.

Кыргызстандын Мамлекеттик каттоо кызматы болсо алардын аты-жөнү базадан чыкпай жатканын, алар кыргыз жараны болбошу мүмкүн экенин билдирүү менен чектелген.

Аталган фракциянын жыйынында Башкы прокуратуранын Тергөөнү көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысынын орун басары Жыргалбек Исмаилов соңку фактылар жөнүндө мындай деген:

- 86 паспорт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүргөн. Иш сотто жыйынтыкталып, тиешелүү кишилер жазасын алган. Ошол эле учурда бул факт боюнча Кытайдын издөөдө жүргөн уйгур жарандары да бар. Мындан сырткары Саймаити дегенге паспорт берилгени боюнча паспорттук столдун жетекчисине карата кылмыш иши козголуп, иш сотко жөнөтүлгөн. Азыркы күндө иш соттук кароодо турат.

Өзүнчө кеп болгон паспорттордун тизмеси алдыда айтылгандай 80ден ашык эмес, 100гө жакын болчу. Анда да Кытайдан келген уйгур жарандарына берилгени ачыкка чыккан.

Тагыраагы 2016-жылдын 17-майда Стамбулдагы Ататүрк аэропортунан кармалган 98 уйгур улутундагы адамдан кыргыз паспорту алынган. Маалыматтарга ылайык, кыргыз паспортун уйгурлар аэропорттогу паспорттук текшерүүдөн өтүп, транзиттик зонада төрт кишиден алган. Уйгурлар ар бир жасалма паспорт үчүн 2 500 евродон төлөгөнү айтылат. Аларды коштоп жүргөн төрт киши да кармалганы кабарланган.

Стамбулдагы жасалма кыргыз паспорттору боюнча коомчулукту дүңгүрөткөн окуядан бир жылдан кийин, кайра эле ушул шаарда жаңы факт катталган. Тагыраагы 2017-жылы түркиялык басылмалар теракт жасаган адам менен байланышта болгон деген шек менен кармалгандардан кыргыз паспорттору табылганын жазып чыгышкан.

2017-жылы ошондой эле Түштүк Кореяга кетүүнү каалаган 50дөн ашык кыргыз жаранынын аты-жөнүн корейче өзгөртүп, аларга жасалма документтер берилген факты катталган.

Былтыр Испанияда кармалган орусиялык кримтөбөл Борис Матузныйдын жанынан кыргыз паспорту алынса, ушул эле жылы Тажикстанда эл аралык издөөдө жүргөн тажик жаранынан да Кыргызстанга таандык документ болгону аныкталган. Быйыл болсо Казакстанда киши өлтүрүү боюнча шектүү катары Интерполдун издөөсүндө жүргөн, 53 жаштагы Бакытжан Успановдон кыргыз паспорту табылган.

- 2019-жылдын башынан бери мыйзамсыз паспорт берүү боюнча 36 кылмыш иши козголду. Бүгүнкү күндө бул фактылар боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Негизинен Мамкаттоонун кызматкерлеринин үстүнөн козголгон иштер, - деген анда Мирлан Каниметов.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги былтыр 2015-2016-жылдары мыйзамсыз паспорт берүүгө, жасалма паспортторго байланыштуу 228 кылмыш иши козголуп, 125и сотко жөнөтүлгөнүн, ондогон кылмыш иштери айыпталуучунун кайда экенин аныктоо мүмкүн болбогондуктан жана «кылмыш жообуна тартыла турган адамдар аныкталган жок» деген жүйө менен токтотулганын билдирген.

Бул чөйрөдөгү маселени мурдатан көтөрүп келе жаткан депутат Кенжебек Бокоев биометрикалык паспорт берүү мыйзамсыздыкты токтоткон жок деп эсептейт.

Кенжебек Бокоев.
Кенжебек Бокоев.

- Кыргыз паспорту кимдерге гана берилген жок? - деди ал. - Мунун баары бизде паспорт берүүдө чоң коррупциялык схема бар экенин далилдейт. «Адамдын бармак изин, башка белгилерин алып биометрикалык паспорт чыгарсак эле ушул токтойт» деп атышты эле. Демек болуп жаткан экен да. Паспорттор ушул күндөрү деле сатылып жатат. Ушуну жоготмоюнча болбойт.

Кыргызстанда жарандарга паспорттор 2012-жылдан бери Мамлекеттик каттоо кызматынын карамагындагы «Инфоком» мамлекеттик жекелештирүү борбору тарабынан берилип келе жатат. Аталган борбор башында ички паспортторду гана чыгарса, 2013-жылдын сентябрынан тартып жалпы жарандык паспортторду да чыгара баштаган. Ушул эле мекеме 2017-жылдан тартып биометрикалык ID карт же ички паспорт берип келет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (12)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG