Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:50

Былтыр мыйзамсыз паспорт берүүгө байланыштуу 27 иш козголгон


Иллюстрация.
Иллюстрация.

2017-жылы мыйзамсыз паспорт берүүгө байланыштуу 27 факт боюнча кылмыш иши козголгон. Быйыл ушундай эле негизде алты факт катталып, иш козголду. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин башчысы Махабат Пратова “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтымында, бир пин-кодду эки адамга берип койгон учурлар кездешип жатат.

Буга чейин кыргыз паспорттору чет өлкөлүк жарандарга, кримтөбөлдөргө, бозгундагы саясатчыларга берилген бир канча факты катталган.

ИИМдин маалыматына ылайык, 2015-2016-жылдары мыйзамсыз паспорт берүүгө, жасалма паспортторго байланыштуу 228 кылмыш иш козголгон. Анын негизинде сотко 125 иш жөнөтүлгөн. Ондогон кылмыш иштери айыпталуучунун кайда экенин аныктоого мүмкүн болбогондуктан жана "кылмыш жообуна тартыла турган адамдар аныкталган жок" деген жүйө менен токтотулган.

Буга чейин Түштүк Кореяга кетүүнү каалаган 50дөн ашык кыргыз жаранына аты-жөнүн корейче өзгөртүп, жасалма документтерди берүү фактысы катталган. 2016-жылы Түркиянын Стамбул шаарында аэропорттон уйгур улутундагы 98 кытай жараны жасалма кыргыз паспорту менен кармалган. Бул факты боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон жана аны тергөөнү УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча бөлүмүнө жөнөткөн. Бирок бир айга жетпей эле "кылмыш жоопкерчилигине тартыла турган адамдар аныкталган жок" деген негизде ишти тергөө токтотулган. (КЕ/ЕВМ)

XS
SM
MD
LG