Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:09

Скобеевдин ишиндеги Атамбаевдин көлөкөсү


Егор Скобеев буга чейинки өкмөттүн расмий басма сөз жыйындарында.
Егор Скобеев буга чейинки өкмөттүн расмий басма сөз жыйындарында.

Өкмөттүн талдоо жана болжолдоо секторунун башчысы, камакка алынган Егор Скобеев ооруканага жаткырылды. Ал кайсы ишке шектүү катары кармалганы расмий айтыла элек.

Бирок басылмалар Скобеев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин орусиялык жарандарга курал белек кылганы боюнча шектүү катары өтүп жатканын белгилеп жатышат. Ошол себептүү муну Атамбаевди таптакыр дискредитациялоо аракети катары баалагандар да бар.

Расмий айтылбаган кармоо

Өкмөттүн аппаратынын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн талдоо жана болжолдоо секторунун башчысы Егор Скобеев кармалганы тууралуу кабар 21-сентябрдан бери байма-бай жазылып келди.

Бул аралыкта бир да укук коргоо органы маалыматты расмий ырастаган жок. Медиа каражаттары, анын ичинде «Азаттык» да жеке булактарына таянуу менен гана маалымат берип жатты.

24-сентябрда гана Бишкектин Биринчи май райондук соту маалыматты ырастап, Скобеевдин камакка алынганын тактап беришти. Аталган соттун расмий өкүлү Асел Равшанбекова «Азаттыкка» буларды билдирди:​

- 2019-жылдын 21-сентябрында Аскер прокуратурасынын прокурору Ботобаевден Скобеевдин кармалышынын мыйзамдуулугун текшерүү жана бөгөт чарасын карап, камакка алуу тууралуу өтүнүч менен кайрылуу түштү. Прокуратуранын бул өтүнүчү толугу менен канааттандырылды. Кармоо негиздүү жана мыйзамдуу деп табылды жана Скобеевге карата 17-ноябрга чейин камакка алуу тууралуу чечим кабыл алынды. Ал УКМКнын тергөө абагында кармалышы керек.

Биринчи май райондук соту.
Биринчи май райондук соту.

Соттун өкүлү Егор Скобеевге козголгон кылмыш ишинин мазмуну тууралуу эч нерсе айта албасын билдирди.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматкери Жаркынай Азиева жана Аскердик прокуратуранын өкүлү Руслан Бейшалиев да ушундай эле маалымат менен чектелишти. Өкмөттүк аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси Чыңгыз Эсенгулов болсо комментарийди күч түзүмдөрү гана берерин айтты.

Егор Скобеевдин адвокаты Башир Заидов өзү коргоп жаткан кишиге коюлуп жаткан айыптар тууралуу айта албай турганын билдирип, бирок анын ден соолугу оор экенин кабарлады:

Башир Заидов.
Башир Заидов.

- Ал кармалган учурда реанимацияга түшүп калды. Азыр ооруканадан аны жалпы палатага чыгарышты. Анын абалы өтө оор. Азыр кенен комментарий бере албайбыз. Калган маалыматтарды мен анын өзү менен кеңешкенден кийин беришим мүмкүн.

Мунун алдында айрым сайттар Скобеев тергөө менен кызматташууга кол койгонун кабарлашты. Адвокат Заидов муну ырастаган да, төгүндөгөн да жок.

Өкмөттүн сайтындагы маалымат боюнча, Егор Скобеев эмгек жолун 1995-жылы ички иштер органдарында баштаган. 2016-2018-жылдары Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшүү комитетинде консультант болуп иштеген.

2018-жылдын апрелинен тартып өкмөттүн аппаратынын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн талдоо жана болжолдоо секторунун башчысы болуп иштеп келет.

Иштин мазмуну суроо жаратты

Ушул күндөрү күч кызматтарындагы булактарына таянуу менен кабар жазып жаткан басылмалардын айрымдары Скобеев коррупцияга байланыштуу шек менен кармалганын жазышса, башкалары мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге ачылган башка кылмыш ишине байланыштуу кармалганын маалымдашты. Тагыраагы Атамбаевдин орусиялык жарандарга курал белек кылганы боюнча шек саналып жатканын билдиришүүдө.

Бул иш жөнүндө коомчулукта маалымат көп эмес. Болгону ал Алмазбек Атамбаев премьер-министр болуп турган 2011-жылга барып такалары белгилүү. Ал жөнүндө кабар 2015-жылы орусиялык «Коммерсант» басылмасынан тараган. Аталган сайт ошол жылы Орусияда рейдерликти уюштурууга байланыштуу шек саналып жаткан Мамлекеттик Думанын депутаты Денис Вороненковдун жанынан Glock-19 үлгүсүндөгү тапанча табылганын жазган.

Тергөөдө бул тапанча Кыргызстандын Ички иштер министрлиги тарабынан ошол кездеги өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевдин 2011-жылдын 9-июнундагы буйругунун негизинде депутатка сыйлык катары ыйгарылганы аныкталган.

Ушундай эле тапанчалар 50дөй огу менен кошо Орусиядагы ишкер Виталий Качурга жана Федералдык коопсуздук кызматынын мурдагы полковниги Андрей Мурзиковго «Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин материалдык-техникалык базасын чыңдоого кошкон салымы үчүн» деген негизде сыйлык катары ыйгарылган.

Орусиянын Тергөө комитети берилген тапанчалардын баасы 150 миң доллар болгонун тактап, курал-жарактардын мыйзамдуулугун иликтеп жатканын жарыялаган.

Бул кабар чыккан учурда, мындан төрт жыл мурда Кыргызстандын Ички иштер министрлиги орусиялык басылмада көрсөтүлгөн жагдайлар иликтенип жатканын билдирген болчу. Бирок анын жыйынтыгы айтылган эмес.

Азыр камакта отурган Алмазбек Атамбаевдин адвокаттарынын бири Замирбек Жоошев бул иш боюнча билдирүү ала элек экенин айтты:

Замир Жоошев.
Замир Жоошев.

- 24.kg басылмасы «Алмазбек Атамбаевге курал боюнча да кылмыш иши козголду» деп жазып чыгып, Скобеевдин ошол иш боюнча кармалганын билдирбедиби. Бизге тергөө органдарынан бул иш боюнча кабарлама алган жокпуз. Бул иштен биздин кабарыбыз жок, айтылган эмес. Балким бардыр, балким жоктур, биз аны так билбейбиз.

7-8-августта Кой-Таштагы үйүнөн кармалып, камакка алынган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге азыр кеминде 14 эпизод боюнча айып коюлганы белгилүү. Анын көбү ушул эле операциядагы аракеттерге байланыштуу. Бирок кабат-кабат иштер улам кошулуп жатканда, сегиз жыл мурдагы иш боюнча да айып коюлаары айтылганы коомчулукта ар кандай кабылданууда.

Саясий серепчи Аида Алымбаеванын оюн угуп көрөлү.

Аида Алымбаева.
Аида Алымбаева.

- Азыркы учурда Кыргызстанда саясий куугунтук жүрүп жатканы ачык эле белгилүү, - дейт ал. - Атамбаевдин айланасындагы жагдайлар, анын тарапташтарына, анын ичинде депутат Ирина Карамушкинага козголгон иштер, КСДПнын тартылып алынышы, «Апрель» телеканалынын мүлкүнүн камакка алынышы буга далил. Егор Скобеевдин ишин өзүнчө карап көрүш керек. Ал Атамбаевдин тушунда кандай кызматта эле, же ошол берилип кетти деген куралдарга тиешеси барбы, балким кийин расмий айтылгандан кийин толук билинет. Мүмкүн чын эле тиешеси бардыр? Бирок мындай жалпы караганда Атамбаевдин жана анын партиясынын атын өчүрүш үчүн жасалган аракеттей сезилүүдө. Азыркы бийлик өз бийлигинин легитимдүүлүгүн далилдеш үчүн, «Алмазбек Атамбаев жакшы иштебептир, мына, кылмыш кылыптыр, дагы чыгып жатат» дегенди көрсөткүсү келип жатат. Же экономика өспөсө, же инвестиция көбөйбөсө бийлик ушундай аракеттер менен өзүн актап, элди алаксыткысы келет.

Орусиялык сайттардагы маалыматтарга караганда, Кыргызстан аркылуу сыйлык катары берилген курал-жарактар боюнча Орусияда өзүнчө сот процесси жүргөн.

Бул жөнүндө төрт жыл мурда “Азаттык” да чакан иликтөө баянын жарыялаган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG