Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:26

Өкмөттүн талдоо жана болжолдоо секторунун башчысы Егор Скобеев камалды


Егор Скобеев.
Егор Скобеев.

Өкмөттүн аппаратынын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн талдоо жана болжолдоо секторунун башчысы Егор Скобеев кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда «Азаттыктын» жеке булактары билдирди.

Маалыматка караганда, Биринчи май райондук соту Скобеевдин бөгөт чарасын карап, аны 17-ноябрга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камакка алуу боюнча чечим чыгарган.

Айрым маалымат каражаттары Аскер прокуратурасы ал коррупцияга шек саналып жатканы тууралуу маалымат бергенин жазышты. Башкы прокуратура бул боюнча азырынча маалымат бере элек.

Өкмөттүн сайтындагы маалымат боюнча, Егор Скобеев эмгек жолун 1995-жылы ички иштер органдарында баштаган. 2016-2018-жылдары Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшүү комитетинде консультант болуп иштеген.

2018-жылдын апрелинен тарта өкмөттүн аппаратынын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн талдоо жана болжолдоо секторунун башчысы болуп иштеп келет. (BTo)

XS
SM
MD
LG