Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:58

Паспорт чыры өкмөткө көлөкө түшүрдү


Кыргызстанда паспорт тендери боюнча чыр уланып жатат.

Буга чейин аталган тендерде жеңүүчү деп табылган литвалык «Гарсу Пасаулис» компаниясы «кыргыз өкмөтү милдеттенмелерди аткарган жок» деп Эл аралык арбитраждык сотко кайрыларын эскертти. Өкмөт маселени тынч жол менен жөнгө салууга умтуларын билдирип жатат.

Кыргызстанда паспорт чыры боюнча жаңжалдын жаңы жагдайлары күн сайын ачыкка чыгууда. Буга чейин бул жаңжалга Мамлекеттик каттоо кызматынын жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жетекчилеринин аты аталып, кызматтан кетсе, эми эл аралык деңгээлде соттошуу жөнүндө маселе козголду.

Тагыраагы, Кыргызстанда электрондук паспортко бланктарды алып келүү боюнча тендерде жеңүүчү деп аталган литвалык «Гарсу Пасаулис» компаниясы бул иш боюнча Эл аралык арбитраждык сотко кайрылууга камданып жатканын эскертти. Компания тендердин жыйынтыгы аткарылбай жатканына жана ал жөнүндө тарап жаткан маалыматтардын мазмунуна нааразы.

«Гарсу Пасаулис» жалдаган «Motieka & Audzevičius» юридикалык фирмасынын өкүлү Денис Парчажевдин «Азаттыкка» билдиргени боюнча, компания өз кызыкчылыгын эл аралык сотто акыр-аягына чейин коргой турганын кыргыз өкмөтүнө кабарлаган.

Өздүк булактардын маалыматына караганда, литвалык компания кыргыз өкмөтүнөн түздөн-түз алынбай калган киреше боюнча 12 млн. евро, ал эми ишкердик аброюна шек келтирилгени үчүн 50 млн. евро доолаганы турат.

Мындай билдирме келип түшкөнүн кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү ырасташты. Учурда өкмөт бул маселени сотко жеткирбей тынч жол менен жөнгө салууга умтулуп жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Эсенгул уулу билдирди:

Чыңгыз Эсенгул уулу.
Чыңгыз Эсенгул уулу.

«Кыргыз өкмөтү электрондук паспорт даярдоо боюнча тендерде жеңип чыккан литвалык «Гарсу Пасаулис» компаниясы менен чырды тынч жол менен жөнгө салууну көздөйт. Сүйлөшүүлөр ийгиликсиз өтсө, анда компания тийиштүү арбитраждык териштирүү боюнча демилге көтөрүү укугун өзүндө калтырат».

Өкмөт маселени тынч жол менен кандай негизде чечери белгисиз. Бул багытта аткаруу бийлиги өз аракеттерин ачык билдире элек.

Бирок иштин жүрүшүнө көз салгандар учурда бул кырдаал боюнча түшүнүксүз жагдай жаралганын белгилеп жатышат. Биринчиден, бул иш боюнча козголгон кылмыш иши тергелип бүтө элек. Ошондуктан тендерде мыйзам бузуу болгон-болбогону так аныкталган эмес.

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев бул маселенин күңгөй-тескейин тактабай туруп, литвалык компаниянын талабына жооп берүү туура эмес экенин айтты:

Мирлан Жээнчороев.
Мирлан Жээнчороев.

«Соттун предмети Кыргызстанда кабыл алынган чечимдер болушу керек. Ал эми учурда азыр тергөө аяктай элек. Соттун чечими жок. Соттун чечими менен гана тендердеги мыйзам бузуу жөнүндө тыянак чыгарса болот. Өкмөт да ошого жараша чечим кабыл алат. Өкмөт ошондой жыйынтыкты жарыяласа гана Эл аралык арбитраждык сотто кароого мүмкүнчүлүк болот».

Дал ушул конкурс мыйзам бузуу менен өткөнүн билдирген германиялык «Muhlbauer ID Services» компаниясы буга чейин Бишкектин район аралык сотуна кайрылган. Анда тендер боюнча иш-аракеттерди токтото туруу жөнүндө чечим кабыл алынган.

Ошол эле учурда бул иште дал ушул ишти тергеп жаткан УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркуловдун окуяга катышы бар экени кеп болуп, кызматтан кетүүгө аргасыз болду. Бул жагдай мурда козголгон кылмыш иши канчалык объективдүү тергелип жатканы тууралуу суроо жаратты.

Ал ортодо айрым активисттер бул кылмыш ишин жаап, паспорт чырына чекит коюш керек деген пикирлерин айтып жатышат. Алардын бири - укук коргоочу Динара Ошурахунова.

Динара Ошурахунова.
Динара Ошурахунова.

«Бул жерде УКМК буга чейин тараткан маалыматтар жарабай калды, - деди ал. - Жөн гана жарабай калды. Бул ишти токтотууга толук мүмкүнчүлүк бар. Ошондуктан парламент бул ишке кийлигишип, маалыматты жаап-жашырбай, коомчулукка алып чыгышы керек».

Кыргызстанда биометрикалык же электрондук жалпы жарандык паспортторду даярдоого 2018-жылы баасы 1 миллиард 263 миллион сомдук тендер жарыяланган. Тендерди литвалык «Гарсу Пасаулис» компаниясы утту деп табылган. Бирок бул компаниядан баасын арзан көрсөткөн германиялык «Muhlbauer ID Services» жана франциялык «DEMIA France» компаниялары нааразы болуп чыгышкан.

УКМК бул боюнча кылмыш ишин козгоп, бир катар жооптуу мамлекеттик кызматкерлерди «тендерди литвалык «Гарсу Пасаулис» компаниясынын утушуна кызыкчылыгы болгон» деп айыптаган.

Анын жыйынтыгында Мамкаттоонун төрагасынын орун басарлары Руслан Сарыбаев, Данияр Бакчиев жана «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Талант Абдуллаев камакка алынган. Ал эми Мамкаттоонун төрайымы Алина Шаикова кызматтан кеткен эле. Ушу тапта Сарыбаев менен Абдуллаев үй камагында отурат.

"Ыңгайсыз суроолор": Паспортгейт жана УКМК

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG