Линктер

жекшемби, 24-июнь, 2018 Бишкек убактысы 13:05

Коомчулук өкүлдөрү Кыргызстанда паспорт берүүгө байланышкан коррупциялык схемалардын тамыры кыркылбай жатканына тынчсызданышууда.

Алардын айтымында, жарандык паспортторду жең ичинен сатууга байланышкан коррупциялык кыңыр иштердин масштабы улуттук коопсуздукка дагы шек келтириши мүмкүн.

Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Тайырбек Сарпашев биометриканын кириши менен жасалма жарандык паспорт даярдоого бөгөт коюлган деп эсептейт.

Оштогу жасалма паспорт жаңжалы

Прокуратура жакында Ош шаарындагы паспорт-виза бөлүмүнө карата "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "кызматтык жасалмалуулук" жана "мамлекеттик документтерди жасалма даярдоо, пайдалануу" деген беренелердеги кылмыш белгилери боюнча иш козгоду.

Анда аталган бөлүмдүн кызмат адамдары ысымы көрсөтүлбөгөн жаранга жасалма документтердин негизинде ички жана жалпы жарандык паспортторду даярдап бергени аныкталган. Ал жаран 2016-жылы июнь айында аталган паспортторду колдонуу менен Түркияга учуп кеткен. Коомчулукта жасалма жарандык паспортторду даярдап берүүнүн акысы 5 миң доллардан жогору экени айтылып жүрөт.

Жылдызкан Жолдошева.
Жылдызкан Жолдошева.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жылдызкан Жолдошева жасалма паспортторду даярдап, жең ичинен сатууга байланышкан коррупциялык схемалардын масштабы коркунучтуу чекке жетип калганын айтып, ага тез арада бөгөт коюу керектигин белгиледи:

- Паспорт даярдаган мекемелерде чоң бир ревизия жүрүшү керек. Соңку жылдары берилген паспортторду жана негиздеме болгон документтерин текшергенде эле анын кандай экени аныкталып калат. Ошондо гана биз паспорт беруү тармагындагы чыныгы абалды көрө алабыз. Бул жерде бир эле коррупция эмес, анын айынан улуттук коопсуздукка коркунуч келтире турган көйгөйлөргө дагы кептелүү коркунучу бар. Ошондуктан бул маселеге олуттуу карап, баштан-аяк текшерип чыгышыбыз абзел. Айрыкча бизге кошуна болгон өлкөлөрдөн келгендерге биздин жарандык паспорттордун берилип жатканы боюнча маалыматтарды иликтеп чыгышыбыз керек.

Паспорт мафиясын ким калкалайт?

Кыргызстанда жасалма паспорт жасоо фактыларынын көбөйүшүнүн себеби эмнеде? Паспорт боюнча көз боёмочулукту кимдер, кантип ишке ашырып жүрүшөт? Соңку окуялар өлкөнүн эл аралык беделине, коопсуздугуна кандай таасир этиши мүмкүн?

Буга чейин УКМК жана прокуратура органдары тарабынан жасалма документтердин негизинде жарандык паспортторду даярдап берген ондогон фактылардын бети ачылган. Бирок 2012-жылдан бери чуулгандуу бир нече кылмыш иштери козголгону менен алардын айрымдары гана сотко чейин жеткен.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, 2015-жылы жарандардын аты-жөндөрүн, персоналдык номерлерин жана пин-коддорун өзгөртүү менен жарандык паспортторду мыйзамсыз берген учурлар аныкталган.

Бирок жоопко тарта турган адамды аныктоого мүмкүн болгон жок деген негизде айрым кылмыш иштери кыскартылган. 2017-жылы ошол иштер кайра жанданып, бирок жыл аягында кайрадан токтогон. Муну мурдагы аскер прокурору Кубатбек Кожоналиев паспорттук коррупциянын чиеленишип кеткени менен байланыштырды:

- Мына ушуга окшогон терс көрүнүштөрдөн улам эл аралык аренада биздин жарандык паспорт өзүнүн беделин жоготуп, ага болгон ишеним азаюуда. Анан калса, биздин паспорт менен уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү жана экстремисттик уюмдардын өкүлдөрү кармалып жатпайбы. Ошондуктан буга абдан аябай аяр мамиле болушу керек эле. Бизде тескерисинче, жасалма паспорт даярдоо көмүскө кирешелүү ишкердиктин түрүнө айланып калгандай. Канча жылдан бери талкууга алынып келе жатканы менен бул тармактагы коррупцияны ооздуктай албай коюшту. Бул эми мамлекеттик бир катар органдардын жей турган жемине окшоп калды.

Биометриканын "билгичтиги"

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, анын ичинен 2015-жылдан 2017-жылга чейин мыйзамсыз паспорт берүүгө байланыштуу жалпысынан 64 кылмыш иши козголгон. Бирок алардын ичинен 34 кылмыш иши гана сотко жетип, алар боюнча тиешелүү сот чечимдери чыккан. Калган кылмыш иштери тергөө учурунда кыскартылган, токтотулган же жабылган.

Тайырбек Сарпашев.
Тайырбек Сарпашев.

Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Тайырбек Сарпашев биометриканын киргизилиши менен жасалма паспортторду даярдоого бөгөт коюлган деп эсептейт:

- Биометрика киргизилгенден баштап, мамлекеттик каттоо кызматында жасалма паспорт даярдалышы мүмкүн эмес. Биз ага жол бербей турган тутумду иштеп чыгып, киргизип койдук. Анткени биометрика аркылуу паспорт ээсинин жүзүнүн, манжаларынын белгилери кошо кирип, жасалма документ даярдоо менен паспорт берүүгө такыр мүмкүн болбой калды. Мурда албетте ошондой иштер болуп келген. Анткени жанагы персоналдык номерди алмаштырып, адамдардын аты-жөнүн өзгөртүү менен улам жаңы паспорттор берилип келе берген. Азыр андай жасоого эч мүмкүн эмес.

2014-жылы грузин кылмыш төбөлү Роман Барбакадзе кыргыз паспорту менен кармалган. Андан бир жыл мурун Илья Самсония деген дагы бир грузиялык кримтөбөл "Манас" аба майданында кыргыз паспорту менен колго түшүп, төрт жылга соттолгон.

Казакстандык банкир, оппозиционер, бозгундагы Мухтар Аблязов 2012-жылы Нурдин Осмонов деген адамдын наамына кыргыз паспортун жасатып алганы ачыкка чыккан. 2015-жылы Стамбулда киши колдуу болуп өлгөн тажик оппозициячысы Умарали Кувватовдун жанынан да кыргыз паспорту табылган.

Тасмада: Паспорт чыры: корейге айланган кыргыздар
Паспорт чыры: корейге айланган кыргыздар
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:22 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG