Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:24

Шаикова менен УКМКнын айтышы


Мамлекеттик каттоо кызматы.
Мамлекеттик каттоо кызматы.

Кыргызстанда паспорт чырынын жаңы жагдайлары ачыкка чыкты.

Кыргызстандагы паспорт тендери боюнча чырдагы жаңы жагдайды бул ирет Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы төрайымы Алина Шаикова айтып чыкты. Өткөн айда кызматтан кеткен Шаикованын айтымында, 2018-жылы 6-декабрда аны жана президенттин кеңешчиси Дастан Догоевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Идрис Кадыркулов Бишкектеги ресторандардын бирине чакырган.

Жолугушуунун жүрүшүндө ал чет өлкөлүк ишкерлер менен тааныштырып, Кыргызстандагы документ даярдоо мүмкүнчүлүгү талкууланган.

Алина Шаикова.
Алина Шаикова.

«Жолугушуунун жүрүшүндө ачык сураныч болгон эмес. Бирок жолугушууну Кадыркулов уюштуруп, европалык компаниянын өкүлдөрү менен жолуктурганы факт. Ал компаниянын өкүлдөрү Кыргызстанда өз бизнесин өнүктүрүү боюнча маселени талкуулоого даяр болгон. Бирок бул жолугушуунун кийинки тергөө иш-аракеттери менен байланышы бар-жогун тастыктай албайм. Муну атайын коомдук же депутаттык комиссия териштирсин», - деп билдирди Шаикова.

Мамкаттоонун экс-төрайымынын бул маалыматынан соң УКМК жооп иретинде билдирүү таратты. Комитет чынында эле «башкы чекист» Кадыркулов Мамкаттоонун жетекчилери менен швейцариялык ишкерлердин расмий эмес жолугушуусун уюштурганын ырастады.

Андагы маалыматка ылайык, 2014-жылы кыргыз өкмөтү жумушчу топ түзүп, мамлекеттик типографияны куруу боюнча изилдөө жүргүзүлгөн. Бул топко Идрис Кадыркулов да мүчө болгон. Дал ушул иштин алкагында швейцариялык «КБА НотаСис С.А.» компаниясы кайрылып, типографияны түзүүгө өз көмөгүн сунуш кылган. Бирок кыргыз өкмөтү менен узакка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин эч кандай жыйынтык чыккан эмес.

Мына ушул иштин алкагында Идрис Кадыркулов «КБА НотаСис С.А.» компаниясынын өкүлдөрүнө Мамкаттоонун жетекчилери менен жолугушуу уюштуруп берген. Бирок бул учурда Кадыркулов жумушчу топтун курамынан чыгып, УКМКны жетектеп калган эле. УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов бул жолугушуу мамлекеттик кызыкчылыкты көздөгөнүн билдирди:

Рахат Сулайманов.
Рахат Сулайманов.

«Бул расмий эмес жолугушууда Догоев жана Шаикова өздүк өндүрүштү уюштуруу боюнча сунушту кароодон баш тарткан. Буга байланыштуу Шаикованын Кадыркуловду «кандайдыр бир кызыкчылыгы бар» деп айтып чыгышы - анын УКМКны коомчулук алдында жаман көрсөтүү аракети. Мындай жол менен ал жоопкерчиликтен качууга аракет кылып жатат».

Эмнеге маанилүү?

Кыргызстанда электрондук паспорт даярдоо боюнча чыр эки айдан бери уланып келет. Ал үчүн бланктарды сатып алуу боюнча тендерде литвалык «Гарсу Пасаулис» компаниясы жеңип чыккан.

УКМК бул боюнча өткөн тендерге байланыштуу «Коррупция» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, Мамкаттоонун төрагасынын орун басарлары Руслан Сарыбаев, Данияр Бакчиев жана «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Талант Абдуллаев камакка алынган. Ал эми Мамкаттоонун төрайымы Алина Шаикова кызматтан кеткен эле.

Тергөө Мамкаттоонун жетекчилери литвалык компаниянын өкүлдөрү менен мурдатан тааныш болуп, тендерде алардын таламын талашканын маалымдаган. Бул боюнча УКМКнын жетекчиси Идрис Кадыркулов парламентте маалымат берип, өлкөдө паспорт даярдоодо коррупциялык схема орун алганын билдирген.

Эми УКМКнын төрагасынын өзүнүн да аты аталган соң бул жагдайды иликтөө тууралуу талаптар айтыла баштады. Коомдук ишмер Эдил Байсалов УКМКнын төрагасы бизнес иштерге аралашканы күмөн ойлорду жаратарын белгиледи:

Эдил Байсалов.
Эдил Байсалов.

«Формалдуу эмес жолугушууну УКМКнын төрагасы өмүрүндө өткөрбөшү керек. Башка өкмөт мүчөсү же жетекчи менен өз кабинетинде жолуксун, расмий түрдө өз кабинетинде жолуксун, талкууласын. Анын мүмкүнчүлүгү толтура. Анын ордуна эң кымбат ресторанга Шаикова менен Догоевди чакырып, Кадыркулов ортомчу болгондой кандай иш бар? Мына, паспорт чыры боюнча бир айдан бери «Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилеринин кызыкчылыгы бар экен, баланчанчы жылы конференцияда бирөө менен жолугушуптур, тамак ичиптир» деп жатышат. Ал күнөө болсо, Идрис Кадыркулов да жоопкерчиликке тартылышы керек».

Эдил Байсалов Кадыркулов жолугушуу уюштурган швейцариялык компания буга чейин башка өлкөлөрдө чырга аралашканын айтып чыкты.

Ишкерлерди Жээнбеков да кабыл алган

Анткен менен Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков швейцариялык компаниянын ишинин айланасында айрым маалыматтарды ачыкка чыгарды. Депутаттын айтымында, швейцариялык «КБА НотаСис С.А.» компаниясынын өкүлдөрү менен өзү жана Идрис Кадыркулов басмакана куруу боюнча жумушчу топтун мүчөсү катары тааныш болушкан.

Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

«“КБА НотаСис С.А.” компаниясынын өкүлү Михаил Полуяновду былтыр Сооронбай Жээнбеков да кабыл алган, - деди Момбеков. - Ал өзү өкмөт башчы болуп турган учурда Болсунбек Казаков, Жылдызбек Исакулов, Аалы Карашев жана мен фирманын жабдыктарын көрүп келгенбиз. Булар бланк чыгарбайт, бланк даярдаган жабдуу чыгарышат. Андыктан Алина Шаикова бул жерден башкача өңүттө маалымат берип, тескери жакка буруп жаткандай сезилет».

Ачык булактарда «КБА НотаСис С.А» компаниясы басмакана жаатында иш алып барган компания катары көрсөтүлгөн. Ал 1952-жылы Швейцарияда түзүлгөн.

Былтыр бул компания менен мамлекеттик «Учкун» басмаканасы кызматташтык боюнча меморандумга кол койгону кабарланган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG