Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:06

УКМКнын төрагасы кызматтан кетти


Идрис Кадыркулов.
Идрис Кадыркулов.

УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов кызматтан кетти. Мындай чечимди ал паспорт чыры боюнча акыркы жагдайдан соң кабыл алган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Идрис Кадыркулов кызматтан кеткенин 15-майда эртең менен жарыялады. УКМКнын басма сөз кызматы аркылуу тараткан билдирүүдө Кадыркулов мындай чечимге паспорт чыры боюнча акыркы кездеги маалымат каражаттарындагы жана жарандык коомдогу талкуулар себеп болгонун көрсөткөн.

«“УКМКда Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилеринин мыйзамсыз иштери тууралуу жетиштүү далилдер бар” деген маалыматтар бир нече ирет кабарланган. Ага карабай, бул маселе коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Ушундан улам түзүлгөн кырдаалды эске алып, менин тергөө иштерине кийлигишүү мүмкүнчүлүгүм жөнүндө пикирлерди четке кагыш үчүн УКМКнын жетекчилигинен баш тартууну чечтим. Бул боюнча президентке - Башкы командачыга арыз бердим», деп айтылат билдирүүдө.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кадыркуловдун арызы боюнча чечимди көпкө күттүргөн жок. Билдирүү таратылгандан жарым саат өтпөй президенттин басма сөз кызматы Идрис Кадыркуловду жумуштан бошотуу боюнча өлкө башчысынын жарлыгын жарыялады.

Идрис Кадыркуловдун отставкасы паспорт чыры боюнча Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы төрайымы Алина Шаикованын билдирүүсүнөн кийин болду.

Анда Шаикова 2018-жылы 6-декабрда аны жана президенттин кеңешчиси Дастан Догоевди Идрис Кадыркулов Бишкектеги ресторандардын бирине чакырып, чет өлкөлүк ишкерлер менен тааныштырганын айтып чыккан.

«Жолугушуунун жүрүшүндө ачык сураныч болгон эмес. Бирок жолугушууну Кадыркулов уюштуруп, европалык компаниянын өкүлдөрү менен кездештиргени факт. Ал компаниянын өкүлдөрү Кыргызстанда өз бизнесин өнүктүрүү боюнча маселени талкуулоого даяр болгон. Бирок бул жолугушуунун кийинки тергөө иштери менен байланышы бар-жогун тастыктай албайм. Муну атайын коомдук же депутаттык комиссия териштирсин», - деп билдирген Шаикова.

Алина Шаикованын маалыматына УКМК жооп берип, мындай жолугушуу болгонун ырастаган. Атайын кызмат ал жолугушуу мамлекеттик кызыкчылыкты көздөгөн деп түшүндүргөн. Бул маалымат ачыкка чыккан соң коомчулукта Идрис Кадыркуловдун кызматтан кетишин талап кылган чакырыктар айтылган.

Маселен, коомдук ишмер Эдил Байсалов Кадыркуловду кызматтан кетүүгө чакырып, паспорт чыры боюнча УКМКнын тергөөсү туңгуюкка кептелгенин билдирген:

«Мен Идрис Кадыркулов бүгүн өз арызы менен кызматтан кетиши керек деп эсептейм. Ал гана эмес арызды жазып, президенттин үстөлүндө жатат деп ишенгим келет. УКМКга ишеним жөнүндө сөз кылуу мүмкүн эмес. Бул жерде кеп учурда тергөөдө турган ондогон резонанстуу иштер жөнүндө болуп жатат. Коомдун ишеними менен ойноого болбойт».

Эдил Байсалов паспорт чыры боюнча Кадыркулов жетектеген УКМК Мамкаттоонун мурдагы башчыларын «чет өлкөлүк компаниянын таламын талашты» деп айыптап чыкканы менен өзү дал ушундай мыйзам бузууга барганын кошумчалаган.

Паспорт чыры

Кыргызстанда электрондук паспорт даярдоо боюнча чыр эки айдан бери уланып келет. Ал үчүн бланктарды сатып алуу боюнча тендерде литвалык «Гарсу Пасаулис» компаниясы жеңип чыккан.

УКМК бул боюнча өткөн тендерге байланыштуу «Коррупция» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, Мамкаттоонун төрагасынын орун басарлары Руслан Сарыбаев, Данияр Бакчиев жана «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Талант Абдуллаев камакка алынган. Ал эми Мамкаттоонун төрайымы Алина Шаикова кызматтан кеткен эле.

​Тергөө Мамкаттоонун жетекчилери литвалык компаниянын өкүлдөрү менен мурдатан тааныш болуп, тендерде алардын таламын талашканын маалымдаган. Бул боюнча УКМКнын жетекчиси Идрис Кадыркулов парламентте маалымат берип, өлкөдө паспорт даярдоодо коррупциялык схема орун алганын билдирген.

Дал ушул ишти иликтеген УКМКнын жетекчиси Идрис Кадыркуловдун бул жаңжалга байланыштуу аты аталып, эми кызматтан кетип отурат.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев паспорт тендери жана анда аты аталып жаткан Идрис Кадыркуловдун катышы бар-жогун аныкташ үчүн депутаттык комиссия түзүүнү сунуш кылды. Эл өкүлү бул маалыматтарга парламент реакция кылышы керек деп эсептейт.

«Маалымат каражаттарына «паспорттук тендерине УКМК жетекчисинин да байланышы бар» деп чыгып жатат, - деди депутат. - Парламент реакция кылбаса, коомчулук бизге терс баа берет. Ошондуктан биз депуттаттык комиссия түзсөк болот эле. Себеби бир топ эле маалыматтар бар. Ошону ачыкка чыгарсак туура болот эле. Тендерге катышкан кээ бир кишилер «комиссия болсо бир топ суроолорду айтып, маалымат берет элек» деп айтып жатышат».

Саясат талдоочу Орозбек Молдалиев бул окуяда коомдук пикирдин ролу чоң болгонун белгиледи:

«Коомчулук жакшы аракеттенип койду. Бирок маселенин экинчи жагы бар. Эмне үчүн чет өлкөлүк компаниянын өкүлдөрүн ээрчитип алып, жеке менчик ресторанга алып барып, мамлекеттик кызматкерлер менен жолуктуруп, «ушулар менен иштегиле» дейт? Бул кызматтык этикага сыйбаган жорук. Бул жагынан жооп бериши керек. «УКМК коррупцияга каршы күрөш жүргүзөт» деп айтып жатса, анан өздөрү барып алып, ресторанда жолугуп жүрөт. Биздин жетекчилер ушул сыяктуу окуялардан сабак албайт окшойт».

Кадыркулов ким?

48 жаштагы Идрис Кадыркулов былтыр апрель айында УКМКнын төрагылыгына дайындалган. Ага чейин атайын кызматтын Ош облусундагы жетекчиси болуп иштеп келген Кадыркулов коомчулукка анча белгилүү эмес болчу.

Өлкөдөгү эң маанилүү жана таасирдүү кызмат болгон УКМКнын жетекчилигине өлкө бийлигине эң ишенимдүү кадрлар дайындалып келет.

Кадыркуловдун бир тууган агасы Искендер Кадыркулов буга чейин Кыргызстан социал-демократиялык партиясынан (КСДП) Жогорку Кеңештин депутаты болгон. 2017-жылдан тартып «Түндүк электр» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси болуп иштеп келет.

Кадыркулов эгемен Кыргызстандын тарыхында буга чейин жаңжалдан соң өз арызы менен кызматтан кеткен УКМКнын экинчи төрагасы болуп калды. 2006-жылы «Матрешка гейт» деген аталыш менен белгилүү болгон Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаты Өмүрбек Текебаевдин чемоданына баңгизат салуу боюнча жаңжалдан соң УКМКнын ал кездеги төрагасы Бусурманкул Таабалдиев кызматтан кеткени маалым.

Эми эмне болот?

Идрис Кадыркуловдун кызматтан кетиши менен паспорт чыры боюнча козголгон кылмыш иши эмне болот деген суроо жаралды. Анткени айрым жарандык коом өкүлдөрү бул иште пайда болгон жагдайлар күнөө тагылган Мамкаттоонун мурдагы жетекчилери боюнча ишти кайрадан карап чыгууга чакырышууда.

Ал арада электрондук паспортторго бланктарды сатып алуу боюнча тендерде жеңүүчү аталган литвалык «Гарсу Пасаулис» компаниясы Эл аралык арбитражга кайрылууга камданып жатканы белгилүү болду. Мындай маалыматты аталган компаниянын өкүлдөрү ырасташты.

Компания жалдаган «Motieka & Audzevičius» фирмасынын өкүлү Денис Парчажев ишкана кыргыз өкмөтүнө өз кызыкчылыгын акыр аягына чейин коргой турганын жана эл аралык арбитражга кайрылууга ниеттенип жатканын билдирди. Ошол эле учурда «Гарсу Пасаулис» сүйлөшүүгө ачык экени да айтылат.

Өздүк булактардын маалыматына караганда, литвалык компания кыргыз өкмөтүнөн түздөн-түз алынбай калган киреше боюнча 12 млн. евро, ал эми ишкердик аброюна шек келтирилгени үчүн 50 млн. евро доолаганы турат.

Кыргыз өкмөтү бул боюнча маалымат даярдалып жатканын билдирди.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG