Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:49

Паспорт тендери боюнча үч жетекчи камалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик каттоо кызматынын (Мамкаттоо) жетекчилиги электрондук паспортко бланктарды сатып алуудагы тендер чырына байланыштуу кармалганы кабарланды.

Айрым маалымат каражаттары Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттеги (УКМК) булактарына таянып «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Талант Абдуллаев, Мамлекеттик каттоо кызматынын статс-катчысы Данияр Бакчиев, аталган мекеменин төрагасынын орун басары Руслан Сарыбаев камакка алынганын жазып жатышат. Бирок УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов жетекчилердин кармалганын четке каккан да, тастыктаган да жок:

«Учурда мурда козголгон кылмыш иши боюнча тергөө жүрүп жатат. Калган маалыматтарды кийин беребиз».

Көп өтпөй атайын кызмат маалымат таратып, Мамкаттоонун жетекчилик кызматындагы үч адам УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин кабарлады.

Ал маалыматта 2018-жылы биометриялык паспортторго бланк даярдоо боюнча 1 миллиард 263 миллион сомдук тендер жарыяланып, ага чет элдик беш компания катышканы айтылат. Тендерде компаниялардын бири эң арзан бааны сунуш кылганына карабай Мамкаттоонун комиссиясынын чечими менен тендерден өтпөй калганы белгиленет. УКМК Мамкаттоонун кызматкерлери белгилүү бир компаниянын кызыкчылыгына аракет кылышкан деп эсептейт.

Буга чейин Башкы прокуратура бул фактыны «Коррупция» беренеси менен Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттаган. 16-апрелде башкы көзөмөл органы паспортко бланктарды даярдоо боюнча мыйзам бузуудан мамлекет 253 млн. 377 миң сом зыян тартканын маалымдады.

Мекеменин Тергөө жана ыкчам издөө ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын жетекчиси Замир Бейшекеев буларды айтып берди:

«Башкы прокуратура 2019-жылдын 26-февралында паспортторду сатып алуу боюнча өткөрүлгөн тендер боюнча кылмыш ишин козгоп, иш азыр тергелип жатат. Баштапкы маалымат боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмү 253 млн. 377 миң сомду түзөт».

Бейшекеев бул иш боюнча учурда кимдер кармалганы тууралуу кабардар эмес экенин билдирди.

Паспорттон чыккан тиреш
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:41 0:00

Чуулуу тендерди өткөрүүгө тиешеси бар экени айтылган 15 адамдын тизмесинде жүргөн Мамлекеттик каттоо кызматынын азыркы жетекчиси Алина Шаикова менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Ал эми Мамкаттоонун мурдагы төрагасы, президенттин кеңешчиси Дастан Догоев бул жагдай боюнча пикир айтуудан баш тартып, бардык суроолор укук коргоо органдарына берилүүгө тийиш экенин билдирди.

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын «камалды» деп сөз болуп жаткан орун басары Руслан Сарыбаев буга чейин «Азаттыкка» интервью берип, тендер мыйзам чегинде өткөнүн айткан. Ал эми камалганы айтылып жаткандардын дагы бири, «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Талант Абдуллаев президентке караштуу Өлкөнү санариптештирүү кеңешинде да мүчө экени белгилүү.

Аталган кеңештин мүчөсү, Бишкектеги Жаңы технологиялар паркынын негиздөөчүсү Азис Абакиров Абдуллаев дасыккан адис экенин, эки компаниянын тирешинин курмандыгы болуп жатканын айтты:

Азис Абакиров.
Азис Абакиров.

«Талант Абдуллаев биометриканы, электрондук сатып алууну, «Коопсуз шаарды» жасаган. Ал маалымат технологиясында таанылган, тажрыйбалуу адис. Тендерге катышкан үч компаниянын бири үч эсе арзан бааны көрсөтүптүр, бирок тандоодо алар сапатына карашкан деп ойлойм».

Айрым укук коргоочулар, жарандык активисттер паспорт тендерине байланышкан чырда аты аталган мамлекеттик кызматкерлердин таламын талашып жатышат. Алардын жүйөсүнө караганда укук коргоо органдары бул адамдарга негизсиз айып коюуда.

Саясат таануучу Марс Сариевдин пикиринде, Кыргызстандагы мамлекеттик ири тендерлерде коррупциялык схемалар бар экенин жокко чыгаруу мүмкүн эмес. Андыктан ал азыркы тендер жаңжалында кармалган мамлекеттик кызматкерлерди колдоп, тергөөгө басым кылууну туура эмес деп эсептейт.

«Мен коррупция бар деп ойлойм. Буга чейин да Мамкаттоодо паспорт жасоодо ушундай болгону айтылган. Азыр эми бул жерде саясий өңүт жок. Бул жерде коррупциялык схема, акча жасаган топ болгон болушу керек», - деди Марс Сариев.

Меляускас: Бизди каралап жатышат
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:44 0:00

Тендерди утуп алган литвалык «Гарсу Пасаулис» компаниясы да үн катып, Кыргызстандын укук коргоо органдары тараткан маалыматты четке каккан. Компаниянын директорунун кеңешчиси Витаутас Меляускас каралоо жүрүп жатканын жана бул иш боюнча эл аралык сотто териштирээрин кыйыткан:

«Биздин мындан аркы кадамдарыбыз ушул аптанын ичинде аныкталды. Дал ушул башаламандык башталганы, бизди басма сөз гана эмес, расмий органдар да текшербей туруп күнөөлүү катары көрсөтүүгө аракет кыла баштаганда, бул тендердин келечеги жок деп түшүнүп жатабыз. Бирок сунушубуз күчүндө кала берет. Тендердин айланасындагы өз ыйгарым укуктарыбызды юридикалык компанияга өткөрүп беребиз. Азыркы учурда айрым юридикалык компаниялар менен сүйлөшүп жатабыз. Анткени бул боюнча соттук иштер Кыргызстанда эле чектелбейт деп ойлойбуз».

2019-жылы жаз айларында утулуп калган германиялык «Muhlbauer ID Services» компаниясы «тендерде эреже бузууга жол берилди» деп билдирген. Бул маалымат жалпыга маалымдоо каражаттарында кеңири чагылдырылып, маселе парламентте, коомчулукта да кызуу талкууга алынган. Бул маалыматтардан кийин укук коргоо органдары тендерге тиешелүү мамлекеттик кызматкерлерди, утуп алган компания өкүлдөрүн, комиссия мүчөлөрүн текшере баштаган.

Тасмада: Талашка түшкөн паспорт бизнеси

Талашка түшкөн паспорт бизнеси
please wait

No media source currently available

0:00 0:27:09 0:00

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG