Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:33

Паспорт тендери боюнча иш козголду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Башкы прокуратура электрондук паспортко бланктарды даярдоо боюнча тендердеги мыйзам бузуу фактыларын «Коррупция» беренеси менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттады.

Кылмыш ишин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Коррупцияга каршы күрөш кызматы тергеп жатат. Мунун алкагында тендер өткөргөн жана тендерлер боюнча нааразы тараптын арызын караган комиссиялардын өкүлдөрү суракка чакырылып, үйү тинтилип жатканы белгилүү болду.

Ал арада айрым жарандык активисттер атайын кызматтын аракетин «террорго» теңеп, президент Сооронбай Жээнбековго кайрылышты.

УКМК азыркы жана мурунку бир катар жооптуу мамлекеттик кызматкерлерди «тендерди литвалык «Гарсу Пасаулис» компаниясынын утушуна кызыкчылыгы болгон» деп айыптап жатат.

Тендер өткөрүүгө түздөн-түз тиешеси бар киши катары жалпысынан 15 адамдын аты-жөнү аталган. Алардын арасында Мамлекеттик каттоо кызматынын (Мамкаттоо) азыркы жетекчиси Алина Шаикова, анын орун басарлары Руслан Сарыбаев, Айнура Туйбаева, статс-катчы Данияр Бакчиев, Мамкаттоонун мурунку төрагасы, президенттин кеңешчиси Дастан Догоев, литвалык «Гарсу Пасаулис» компаниясынын Кыргызстандагы өкүлдөрү жана КЛООПтун журналисти Анна Капушенко бар. Сот бул адамдардын жана алардын жакын туугандарынын үйүн тинтүүгө жана тиешелүү далилдерди алууга уруксат берген.

УКМКнын басма сөз өкүлү Рахат Сулайманов тергөө жүрүп жатканын айтып, кеңири комментарий берүүдөн баш тартты:

Рахат Сулайманов.
Рахат Сулайманов.

«УКМКнын тергөө органдары тарабынан биометрикалык паспорттордун бланктарын сатып алуу боюнча тендердин шарттарын бузуу фактысына байланыштуу кылмыш иши козголгон. Иликтөөнүн алкагында тиешелүү иштер жүрүп жатат».

Мамкаттоонун жетекчиси Алина Шаикова жагдай тууралуу азырынча расмий үн ката элек. Анын орун басары, тендер боюнча комиссиянын төрагасы Руслан Сарыбаев убактысы жок экенин айтып, пикирин билдирген жок:

«Мен сизге кайра чалайынбы? Азыр бошобой жаттым эле, бошогондо сизге чалайын».

Мамкаттоонун мурунку төрагасы, президенттин кеңешчиси Дастан Догоев суракка чакырыла элек экенин билдирди:

«Чынын айтканда, мен ал документти азырынча көрө элекмин. Ошондуктан кандайдыр бир комментарий берүүгө мүмкүн эмес. Анткени документти көргөн жокмун. Азырынча суракка чакырыла элекмин».

Финансы министрлигинин Мамлекеттик сатып алуу департаментинин мурдагы жетекчиси Улан Озумбеков күбө катары сурак бергенин «Азаттыкка» ырастады, бирок «тендерди уткан компаниянын кызыкчылыгын көздөгөн» деген мазмундагы айыпты четке какты:

Улан Озумбеков.
Улан Озумбеков.

«Мен УКМКга ал боюнча чакырылгам, барып келгем. Бардык эле чоң сынактарда ошондой кызыкчылыктар көп. Себеби өз алдынча комиссия түзүлгөн. Арыздарды өз алдынча комиссия караган. Департамент ага эч таасир эте албайт. Биз болгону комиссиянын жыйынтыгын чыгаруу, документацияны тактоо сыяктуу катчынын гана милдетин аткарып беребиз. Ушул боюнча мен УКМКга барып көрсөтмө берип келдим».

КЛООПтун журналисти Анна Капушенко Финансы министрлигинин Мамлекеттик сатып алуу департаментине караштуу Даттанууну жана нааразылыкты кароочу комиссиянын өкүлү катары 1-апрель күнү УКМКда бир канча саат сурак берген. Сурактын мазмунун ачыкка чыгарбоо тууралуу тилкат жазып бергенине байланыштуу азырынча үн ката элек.

Ал арада бир катар жарандык активисттер УКМКнын бул аракет айыптап, президент Сооронбай Жээнбековго кайрылышты. Алардын бири, коомдук ишмер Эдил Байсалов муну «террорго» теңеди:

Эдил Байсалов.
Эдил Байсалов.

«Ар жерден эле жумурткадан кыр издеп, шекший берсек эч качан өнүкпөйбүз. 10 сомгобу же 20 сомго кымбат болобу, айтор сөзсүз түрдө жаңы паспорттор даярдалышы керек. Эртең-бүрсүгүнү паспорттор түгөнүп калат. Мамлекеттик башкаруудагы Алина Шаикова, Дастан Догоев аттуу кызматкерлерибизден шекшип жатабыз. Комиссияда жүргөн КЛООПтун журналисти Анна Капушенкону суракка алып, үйүн тинтип, 12 саат суракка алып жатсак, анда биз кимге ишенебиз? Ким башкарышы керек? Мындай «террорду» токтоткула! Мамлекеттик башкарууну жазалоочу органга берсек, бири-бирибизден шекший берсек анда биз эч качан өнүкпөйбүз».

Кыргызстанда быйылтан тартып биометрикалык же электрондук жалпы жарандык паспорттор берилгени жаткан. Былтыр баасы 1 миллиард 263 миллион сомдук тендер жарыяланган. Тендерди литвалык «Гарсу пасаулис» компаниясы утту деп табылган. Бирок бул компаниядан баасын арзан көрсөткөн германиялык «Muhlbauer ID Services» жана франциялык «IDEMIA France» компаниялары нааразы болуп чыгышкан.

Мамлекеттик сатып алуу департаментине караштуу Даттанууну жана нааразылыкты кароочу комиссия алардын арызын четке каккан. Утулган компаниялар сотко, укук коргоо органдарына кайрылышкан. Уткан компания менен тендер боюнча комиссиянын өкүлдөрү нааразы тараптын дооматтары негизсиз деп эсептешет.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG