Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:53

Паспорт тендеринен чыккан тиреш


Кыргыз паспорту.
Кыргыз паспорту.

Электрондук паспорт даярдай турган компанияны тандоо боюнча тендерден чыр чыкты.

Кыргызстанда биометрикалык ID карт же ички паспорт 2017-жылдан тарта бериле баштаганы белгилүү. Быйыл биометрикалык же электрондук жалпы жарандык паспорт берүү белгиленген.

Мунун негизинде жаңы үлгүдөгү электрондук паспортко бланктарды сатып алуу боюнча 2018-жылы тендер жарыяланган. Анын жалпы баасын Мамлекеттик каттоо кызматы 1 миллиард 263 миллион сом деп эсептеп, 2019-жылдан тарта жарандарга электрондук паспорт берүүнү көздөп жатат.

Жаңы үлгүдөгү электрондук паспорттун жарандардын сүрөтү чапталган барагы поликарбонаттык пластиктен жасалып, ичине маалымат камтылган чип орнотулат. Бул документ кыркка жакын коргоочу элементке ээ. Дал ушул жаңы паспортко бланктарды камсыз кылуу боюнча тендерге беш чет өлкөлүк компания катышып, өз сунушун берген.

Алар:

Германиялык «Muhlbauer ID Services» компаниясы 686 миллион 772 миң 250 сомго;

«Veridos» аттуу дагы бир немис компаниясы 936 миллион 347 миң 750 сомго;

Литвалык «Гарсу Пасаулис» компаниясы 940 миллион 150 миң сомго:

Франциялык «IDEMIA France» ишканасы 948 миллион 713 миң 750 сомго;

Ал эми Казакстандын Улуттук банкынын Банкноттук фабрикасы 1 миллиард 257 миллион сомго Кыргызстанга жаңы паспорт үчүн бланктарды алып келүүнү сунуш кылган. Бул сунуштарды конкурстук комиссия карап, 1-февралда тендер жыйынтыгын жарыялады.

Анын натыйжасында литвалык «Гарсу Пасаулис» компаниясы жеңүүчү болуп табылган.

Тендерге ким нааразы?

Тендер жыйынтыгы жарыяланары менен ага катышкан компаниялар арасында нааразы болгондор чыкты.

Маселен, германиялык «Muhlbauer ID Services» жана франциялык «IDEMIA France» компаниялары «тендерде эреже бузууга жол берилди» деп, Мамлекеттик сатып алуу порталына арыз тапшырды. Ушундан улам тендерде жеңүүчү аталган литвалык компания менен келишимге кол коюу кийинкиге жылдырылды. Учурда тендердин жыйынтыгына нааразы компаниялардын арызы териштирилип жатат.

Аталган компаниялар эмнеге нааразы? Талдап көрөлү...

Германиялык «Muhlbauer ID Services» компаниясынын өкүлдөрү өз арызын бир нече жагдай менен негиздөөгө аракет кылышууда. Аталган компаниянын сатуу боюнча менежери Шандор Ковтундун «Азаттыкка» билдиргени боюнча, тендердин жүрүшүндө бир нече шектүү жана кызык жагдайлар орун алган.

Алардын эң алгачкысы - электрондук паспортту даярдоо боюнча тендердин баасы. Германиялык компаниянын өкүлдөрү эң төмөн бааны, тагыраагы 686 миллион сомду сунуш кылганына карабай, 940 миллион сомдон ашык баага бланктарды алып келүүгө убада берген литвалык компания жеңип кеткенине түшүнбөй турганын билдирди:

- Биздин компания тендерди жеңген литвалык компанияга караганда 253 миллион 377 миң 750 сомго арзан бааны сунуш кылган. Биз сунуш кылган баа боюнча, Кыргызстандын ар бир жаранына паспорт алуу баштапкы эсеп боюнча 160 сомго арзан түшмөк. Муну негизги жүйөлөрдүн бири деп эсептейбиз. Бирок паспорт бланктарынын сапатына эч таасири тийбейт. Себеби, биздин компания кайсы бир өлкөлөрдө гараж шартында эмес, өзүбүздүн эл аралык жана германиялык стандартка жооп берген өндүрүштүк жайларда иш жүргүзөт. Биздин компания ачык, маалыматты оңой эле текшерсе болот. Биз сунуш кылган кызматтын сапатына жооп беребиз.

Германиялык компания паспорт басып чыгара турган жабдууну өздөрү кураганын, ошондуктан бланктардын баасы арзан болорун түшүндүрдү.

Мындан сырткары «Muhlbauer ID Services» компаниясынын өкүлү Шандор Ковтун тендерде жеңүүчү болуп табылган «Гарсу Пасаулис» сынактын талабына шайкеш келбеген маалыматтарды берген деп шек санаганын айтты:

- Конкурстун катышуучуларына инструкциясындагы өзгөчө шарттар боюнча «катышуучулар акыркы беш жылда жалпы саны 5 миллион даанадан аз эмес аналогиялык долбоорлорду ишке ашырышы керек» деп жазылып турат. Биз бул талапты толугу менен сактап, өз өндүрүмүбүз жөнүндө маалымат бергенбиз. Жеңген компания да ушул маалыматтарды бериши керек болчу. Бирок биз изилдеп, ээ болгон маалыматтарга ылайык, жеңген компаниянын Молдовада жасаган паспорттору талапка ылайык пластиктен эмес, кагаздан жасалганын көрдүк.

«Muhlbauer ID Services» компаниясынын өкүлдөрү сынактын шартына ылайык, акыркы беш жыл ичинде Кыргызстан талап кылгандай паспортторду Тажикстанда, Босния менен Герцеговинада жасап, бул жагынан жетиштүү тажрыйбасы бар экенин билдирүүдө.

Ал эми литвалык компания буга чейин электрондук паспортторду конкурс талабындагыдай поликарбонаттык пластиктен эмес, кагаздан даярдап келгенине көңүл бурбай, комиссия бул компаниянын кемчиликтерине көз жуумп койду деп шек санап жатат.

Негизи конкурстук комиссия «Muhlbauer ID Services» эң арзан бааны сунуш кылганы менен сынактын беш талабын аткарган жок деген жыйынтык чыгарган. Бирок немис компаниясы мындай корутундуга макул эмес. Ал конкурстук комиссия атайын адаштырып, тиркелген документтерди туура эмес чечмеледи деген ойдо. Анын үстүнө конкурс жарыяланган 74 күн ичинде комиссия өкүлдөрү бир да маалыматты тактоого аракет кылган эмес.

«Muhlbauer ID Services» фирмасы паспорт жасап берген өлкөлөрдүн тизмеси.
«Muhlbauer ID Services» фирмасы паспорт жасап берген өлкөлөрдүн тизмеси.

Ошондуктан немис компаниясы мунун баары кайсы бир компанияга жең ичинен жан тартуу аракети болду деп, конкурстун калыс өткөнүнөн күмөн санап жатат. Буга байланыштуу ал конкурс жыйынтыгын жокко чыгарууну өтүнүп, тендер өткөрүүдөгү мыйзам бузулган учурларды иликтөөнү суранды.

Мындай өтүнүч менен «Muhlbauer ID Services» компаниясынын өкүлдөрү өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков баш болгон бийлик өкүлдөрүнө кайрылышты. Азырынча мамлекет жетекчилери бул конкурс боюнча өз пикирин билдирип, комментарий бере элек.

Учурда «Muhlbauer ID Services» жана франциялык «IDEMIA France» компаниясынын арыздарын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуу департаментинин карамагындагы комиссия карап жатат. Аталган департаменттин 13-февралда кызматтан алынган директору Улан Өзүмбеков ушул аптада аталган арыз боюнча чечим кабыл алынарын билдирген эле:

- Эки компаниядан арыз келип түшүп, кабыл алынды. Ушул аптада комиссиянын жыйыны болот же болбосо портал аркылуу электрондук негизде карап, чечим кабыл алышы мүмкүн.

Расмий тарап эмне дейт?

Анткен менен арыздарды териштирүүгө чейин эле Кыргызстандагы бир нече мамлекеттик органдын кызматкерлеринен куралган конкурстук комиссия жана жеңүүчү болуп табылган литвалык ишкана германиялык компаниянын дооматтарын четке кагууда.

Маселен, конкурстук комиссиянын төрагасы болгон Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчисинин орун басары Руслан Сарыбаев тендер мыйзамга ылайык өткөн деп эсептейт. Анын айтымында, конкурстук комиссия тендерге катышкан компаниялар сунуш кылган баа менен катар квалификациялык мүнөздөмөсүнө өзгөчө маани берген.

- Тендерге катышкандар кандай сумманы көрсөтсө өз эрки, - деди комиссиянын төрагасы. - Электрондук негизде өттү, аталган фирмалар менен сүйлөшүп же кайсы бир байланыш болгон жок. Мамлекеттик порталда бардык мыйзамдарды сактоо менен өттү. Ал эми баасына келсек, кимдир бирөө аз берет, кайсы бир компания көп берет. Бирок баадан тышкары да бир нече параметр бар. Мына ушуларга шайкеш келиши керек. Мисалы, акыркы беш жылдагы ишмердиги боюнча маалыматты, канча паспорт даярдап, ийгиликтүү ишке ашырганы - сыяктуу критерийлер бар. Ушул нерселерди эске албай эле баага такай берүү туура эмес.

​Бирок «Muhlbauer ID Services» компаниясынын «тиркеген документтер көз жаздымда калып, көңүл бурулбай калды» деген дооматын Мамкаттоо кызматынын өкүлү четке кагууда. Анын айтымында, конкурс учурунда кайсы бир коррупциялык же лоббисттик аракеттер болгон жок.

- Бардык талаптар мыйзам чегинде каралат, - деди ал. - Биз конкурсту болушунча ачык өткөрдүк. «Muhlbauer ID Services» компаниясы өз арызын берип жатат. Аны тиешелүү органдар карап, талдашат. Конкурстарда жеңилген тарап дайыма нааразы болот. Бул болуп келген эле иш.

Ал эми конкурс жыйынтыгында жеңүүчү аталган литвалык «Гарсу Пасаулис» тендер калыс өттү деген пикирде. Биз бул компаниянын Вильнюстагы кеңсесине телефон аркылуу байланышып, комментарий алдык.

Компаниянын Кыргызстандагы долбоорлорго жооптуу өкүлү Андриус Лукошявичюс «Muhlbauer ID Services» ишканасы айткан дооматтар негизсиз экенин билдирди:

- Эми айтылгандар - алардын пикири. Алар кайсы бир эреже бузулду деп жатат окшойт. Бирок бул алардын пикири. Биз конкурстан утпай калган эки компаниянын дооматтарына жооп бербейбиз. Аны териштире турган Кыргызстанда мамлекеттик органдар бар. Бирок биз Кыргызстанда 2013-жылдан бери ийгиликтүү иштеп келе жатканыбызды айткыбыз келет. Мамлекеттик салык кызматы менен кызматташып келатабыз.

Чынында эле литвалык компания Кыргызстанга жат эмес. 2013-жылы Мамлекеттик салык кызматы өлкөдөгү акциздик маркаларды басып чыгаруу боюнча тендерде жеңүүчү аталып, андан бери иш жүргүзүп келатат.

Ал эми 14-февралда «Гарсу Пасаулис» компаниясы Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, ишкана жөнүндө журналисттерге маалымат берди.

Анын жүрүшүндө компания өкүлдөрү «Muhlbauer ID Services» компаниясынын өкүлдөрү айткан дооматтарга жооп берип, аны четке какты. Маселен, «Гарсу Пасаулис» компаниясынын президентинин кеңешчиси Витаутас Меляукас Кыргызстанда тендерди бардык шарттарга жооп берүү менен мыйзамдуу жол менен утканын билдирди:

- Биздин артыбызда эч кандай лобби жок. Биз сунуш кылган баа башкалардыкынан жогору деп айта албайбыз. Себеби, тендерге катышкан үч компания окшош бааны сунуш кылган. Бир гана компания төмөн бааны сунуш кылган. Бирок аны көрбөй туруп комментарийлөө туура эмес. Биз талап кылынган нерсе эле эмес, башка нерсе сунуш кылынышы мүмкүн деп божомолдой алабыз. Анткени, биз практикадан көргөндөй 2012-жылы да «Muhlbauer ID Services» компаниясы абдан чоң көлөмдөгү ишке аз сумманы сунуш кылган.

Паспорттон чыккан тиреш
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:41 0:00

Айтылгандарды териштирүү үчүн литвалык жана германиялык компания жөнүндө ачык булактардан жана расмий сайттарынан маалымат издедик.

Кимиң баатыр, кимиң эр?

«Гарсу Пасаулистин» сайтында ал заманбап басмакана жаатында иш алып барган Литвадагы компаниялардын бири экени жазылган. Бул ишкана 1994-жылдан бери иш жүргүзүп, акыркы 23 жылдан бери корголуучу полиграфиялык кызматтарды көрсөткөн. Компания 50дөн ашык мамлекетте долбоорлорду ишке ашырган. Алардын арасында Литва, Молдова, Грузия, Азербайжан, Косово сыяктуу өлкөлөрдө паспорт, айдоочулук күбөлүк, акциз маркасы, виза баракчасы сыяктуу документтерди басып чыгарган. Учурда компанияда 270дей адам иштеп, жылдык кирешеси 50 миллион еврону түзөт.

Ал эми баш кеңсеси Германиянын Родинг шаарында жайгашкан «Muhlbauer ID Services» компаниясы 1981-жылдан бери түзүлүп, 1988-жылдан бери пластиктин жасалган карталарды, документтерди басып чыгаруу жаатында иш алып барат.

Бул компания өз тажрыйбасында 300гө жакын ID долбоорлорду ишке ашырганын жазган. Анын ичинде, Тажикстанда, Австралияда, Грузияда, Сербияда, Иракта жана Африканын бир нече өлкөлөрүндө ID карт, паспорт жана айдоочулук күбөлүк басып чыгарганын көрүүгө болот. Компанияда 3500гө жакын киши иштейт.

Ошентип Кыргызстанда ири тендерден уткан жана утулган компания өз жүйөлөрүн айтып, Кыргызстандагы электрондук паспортко бланк даярдоо жөнүндө күрөшүүдө.

Кыргызстанда акыркы жылдары бардык мамлекеттик сатып алуу иштери тендер аркылуу жүргүзүлөт. Анын жүрүшүндө бир катар чатактар чыгып, тендерде коррупциялык көрүнүштөр орун алганы парламентте, өкмөттө айтылып келет.

Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев тендерде лоббисттик көрүнүштөр орун алышы мүмкүн экенин четке какпайт. Ал түзүлгөн кырдаалдан пайдаланып, өлкө башчысы өзү көз салып сынактын мыйзамдуулугун текшерүүгө кызыкдар болушу керек деген пикирде.

Абдывахап Нурбаев.
Абдывахап Нурбаев.

- Тендерлерде буга чейин орун алып келген коррупциялык схемалар өчө элек, - деди ал. - Бул жерде мамлекеттик органдар, өкмөт чабалдыгын көрсөтүп жатат. Учурда өкмөттө же тиешелүү органдарда отургандар жеке кызыкчылыгын ойлоп, ачык-айкындыкты толугу менен камсыз кыла элек. Тендерге катышкан компаниялар жөнүндө кеңири маалымат берип, ачык болсо бул суроолор болмок эмес. Тендерди өткөргөн Мамлекеттик каттоо кызматы ачык-айкындыкка такыр кызыкпагандай туюлат.

Буга чейин Кыргызстандын паспорттору жасалма жана мыйзамсыз жол менен жасалган фактылар катталып, оор кылмыш боюнча айыпталган чет өлкөлүктөр да алып жүргөнү бир нече жолу айтылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG