Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:48

Кыңыр ишке жараган кыргыз паспорту


Низомхон Жураев.
Низомхон Жураев.

Эл аралык издөөдө жүргөн Тажикстандын жаранына кыргыз паспорту мыйзамсыз берилгени аныкталды. Оор кылмыш кылганы үчүн Интерпол аркылуу изделип жаткан Низомхон Жураев Украинада кыргыз паспорту менен кармалган. Мыйзамсыз паспорт берген деген шек менен Бишкектеги каттоо бөлүмүнүн кызматкери убактылуу кармоочу жайга камалды.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Криминалдык милиция кызматы өз өлкөсүндө оор кылмыш үчүн эл аралык издөөдө жүргөн Низомхон Жураев аттуу Тажикстандын жаранына кыргыз паспорту мыйзамсыз берилгенин аныктады. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Эрнис Осмонбаев билдирди:

- Маалыматка караганда, 2014-жылы Мамлекеттик каттоо кызматынын Сузак райондук бөлүмүнүн кызматкерлери ага эски үлгүдөгү (2004-жылдагы) паспорт берген. Кийин ал жаран 2017-жылы Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынан жаңы үлгүдөгү паспорт алган. Жураевге Интерпол аркылуу издөө жарыяланып, Украинада кыргыз паспорту менен кармалган. Ал Кыргызстандын паспортун башка ат менен алганы тергөөдө аныкталган.

Паспорт мафиясын ким калкалайт?

Паспорт мафиясын ким калкалайт?

Кыргызстанда жасалма паспорт жасоо фактыларынын көбөйүшүнүн себеби эмнеде? Паспорт боюнча көз боёмочулукту кимдер, кантип ишке ашырып жүрүшөт? Соңку окуялар өлкөнүн эл аралык беделине, коопсуздугуна кандай таасир этиши мүмкүн?

Башкы прокуратура паспортту мыйзамсыз берген кызматкерлерге карата “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “Кызматтык жасалмалоо”, “Кыргызстан жаранынын паспортун мыйзамсыз берүү, ошого тете документке Кыргыз Республикасынын жарандыгын мыйзамсыз алууга алып келген атайын жалган маалыматтарды киргизүү” беренелеринин негизинде иш козгоду.

- ИИМдин Тергөө кызматы факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу” беренесинин негизинде кылмыш ишин козгоду. Ыкчам тергөө иштеринин натыйжасында 18-июнда Мамлекеттик каттоо кызматынын Сузактагы бөлүмүнүн А.А. аттуу башкы адиси кармалып, убактылуу кармоо жайына камалды, - деди Эрнис Осмонбаев.

Тажикстандагы Согди облусунун экс-депутаты, Исфара шаарындагы химиялык заводдун мурунку башкы директору, 51 жаштагы Низомхон Жураевге тажик ички иштер башкармалыгы бир нече кылмыштар боюнча айып таккан. Ал "Тажикстандын башкы прокурорунун орун басары Талип Бобоевди өлтүрүүнү уюштурган, мыйзамсыз курал сактаган жана 16 мамлекеттик объектти мыйзамсыз менчиктештирген" деп күнөөлөнгөн. Тергөө иштеринин жүрүшүндө ишкер салыктан 11 млн. доллар каражатты жашырып алгандыгы аныкталган. 2007-жылы Жураев Тажикстандын аймагынан чыгып кеткен.

Низомхон Жураев 2012-жылы тажик ТВларына күтүүсүз чыккан учуру.
Низомхон Жураев 2012-жылы тажик ТВларына күтүүсүз чыккан учуру.

Маалыматка ылайык Жураев 2010-жылы Орусиянын аймагынан кармалып, 2011-жылы аны Тажикстанга экстрадициялоо боюнча маселе көтөрүлгөн. Укук коргоочулардын кийлигишүүсүнүн негизинде 2012-жылга чейин ал Орусиянын абагында кармалып, кийин жаза мөөнөтү бүткөн соң бошотулган. 2014-жылы Тажикстанга келип, жергиликтүү телеканалдардын бирине интервью берип, кийин кайра дайыны билинбей кеткен.

Тажикстандын Коррупцияга каршы күрөш кызматынын ошол кездеги жетекчиси Абдуфаттох Гоиб ошондо Низомхон Жураев Кыргызстанда жашырынып жүргөнүн билдирген эле. Жураев 2018-жылдын январь айында Украинада кармалып, сот аны камакка алуудан баш тарткан. Азыр анын кайда экени белгисиз. Жураевдин аты 2000-жылдардагы чуулгандуу соттук иштерде көп айтылган. Ал 2013-жылы 20 жылга эркинен ажыратылган атактуу жеке ишкер Зайд Саидовго каршы көрсөтмө берген.

Кыргызстанда жасалма паспорт сатуу мафиясына чек коюла элек экенин айткан Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жылдызкан Жолдошева ага тез арада бөгөт коюу керек экенин белгиледи:

Жылдызкан Жолдошева.
Жылдызкан Жолдошева.

- Паспорт даярдаган мекемелерде чоң бир ревизия жүрүшү керек. Кийинки жылдары берилген паспортторду жана негиздеме болгон документтерди текшергенде эле анын кандай экени аныкталып калат. Ошондо гана биз паспорт берүү тармагындагы чыныгы абалды көрө алабыз. Бул жерде жалаң эле коррупция эмес, анын айынан улуттук коопсуздукка коркунуч келтире турган көйгөйлөр дагы бар. Ошондуктан бул маселеге олуттуу карап, баштан-аяк текшерип чыгышыбыз абзел. Айрыкча бизге кошуна болгон өлкөлөрдөн келгендерге биздин жарандык паспорттордун берилип жатканы боюнча маалыматтарды иликтеп чыгышыбыз керек.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, 2015-жылдан 2017-жылга чейин мыйзамсыз паспорт берүүгө байланыштуу жалпысынан 64 кылмыш иши козголгон. Бирок алардын ичинен 34 кылмыш иши гана сотко жетип, алар боюнча тиешелүү сот чечимдери чыккан. Калган кылмыш иштери тергөө учурунда кыскартылган, токтотулган же жабылган.

Эл аралык денгээлде жаңжал жараткан окуяларды атай кетсек, 2014-жылы грузин кылмыш төбөлү Роман Барбакадзе кыргыз паспорту менен кармалган. Андан бир жыл мурун Илья Самсония деген дагы бир грузиялык кримтөбөл "Манас" аба майданында кыргыз паспорту менен колго түшүп, төрт жылга соттолгон.

Казакстандык банкир, оппозиционер, бозгундагы Мухтар Аблязов 2012-жылы Нурдин Осмонов деген адамдын наамына кыргыз паспортун жасатып алганы ачыкка чыккан. 2015-жылы Стамбулда киши колдуу болуп өлгөн тажик оппозициячысы Умарали Кувватовдун жанынан да кыргыз паспорту табылган.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG