Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:41

Ошто өзбек жаранына кыргыз паспорту мыйзамсыз берилгени аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облустук ички иштер башкармалыгы 19-майда Өзбекстандын 36 жаштагы жаранын кармады. Анын жанынан эки өлкөнүн паспорту табылган. Текшерүү учурунда кыргыз паспортун ага 2011-жылы февраль айында Алай райондук паспорт-виза жана каттоо бөлүмүнүн башкы адиси К.А. жеке кызыкчылыгы үчүн мыйзамсыз бергени аныкталган.

А.К. 2011-жылы 17-февралда жалган маалыматтарды киргизүү менен өзбек жаранынын аты-жөнүн жана улутун өзгөртүп, аны "Алай районунун тургуну" деген маалымат менен Кыргызстандын паспортун берген. Эки айдан кийин Кыргызстандын жалпы жарандык паспорту да мыйзамсыз берилген. Ал эми кийинки жылы жазында Ош шаардык паспорт-виза жана каттоо бөлүмүнүн кызматкерлери өзбекстандык аялдын кыргыз паспортун жаңысына мыйзамсыз алмаштырып, ага Ош шаарынын тургуну катары жаңы паспорт беришкен. Өзбекстандык жаран өзүндө эки өлкөнүн паспортун чогуу алып жүрүп, бүгүнкү күнгө чейин пайдаланып, чек арадан кирип-чыгып жүргөн.

Учурда бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 350-беренесинин 2-бөлүгү ("Мамлекеттик документтерди, мөөр, бланктарды жасоо жана сатуу") менен кылмыш иши козголду. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев "Азаттыкка" билдирди. (MdN)

XS
SM
MD
LG