Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:45

Москвадагы жасалма кыргыз паспорттору


Москвада жасалма кыргыз паспорту менен иштеп жүргөн чет өлкөлүктөр кармалды.

Москвада тажикстандык жана түркмөнстандык алты киши бир жыл бою жасалма кыргыз айди паспорттору менен "Ашан" соода түйүнүндө иштеп жүрүшкөн. Өздөрүн Кыргызстандын жарандары деп көрсөтүп, Орусияда кыргызстандыктарга каралган жеңилдиктерди колдонуп жүргөндөр тууралуу элчиликке ал жерде иштеген кыргыз жарандары кабарлашкан.

Москвадагы кыргыз элчилигинин басма сөз катчысы Гүлбарчын Байымбетова кайрылуудан кийин орус полициясы менен биргеликте 9-январда текшерүү жүргүзүлүп, алар камакка алынганын билдирди.

Гүлбарчын Байымбетова.
Гүлбарчын Байымбетова.

- Биздин жарандардан маалымат түшкөн. Анан элчиликтин кызматкерлери укук коргоо органдары менен "Теплый стан" метросундагы соода борборуна барып, ал жакта клининг ортомчу ишканасы аркылуу иштеген адамдардын документтерин текшергенде, алты чет өлкөлүк жасалма кыргыз паспорттору менен жүргөнү аныкталган. Ал адамдар камакка алынды. Паспортторду кайдан, кимден алышканы азырынча белгисиз. Азыр тергөө жүрүп жатат. Мындай окуялар буга чейин да болгон. Бул окуяда акырына чейин чыгып, жоопкерчиликке тарттырып, башкаларга үлгү болсун деп жатабыз. Ошондой эле мындай окуялар көп катталып жаткандыктан, элчилик орусиялык органдар менен биргеликте кайрылуулар боюнча ушундай текшерүүлөрдү маал-маалы менен өткөрүп туралы деп чечтик.

Текшерүүдө кармалган алты адам учурда Москванын Коммунарский райондук полиция бөлүмүндө камакта.

Коңшу өлкөнүн мигранттары Орусияда кыргыз паспортторун жасаттырып, кыргыз жарандары катары иштеп жүргөнү жайылып бара жаткан көрүнүш. Москванын четиндеги Королев шаарында жашап иштеген Роза Сахибаева өзүнүн көрүп жүргөнүн айтып берди:

- Королевдо жаныбызда чоң соода борбору бар. Ал жакта тазалыкта тажик, өзбек жана башка жарандар кыргыз паспортун жасатып алып иштейт. "Кыргызстандын жараны экенсиң, кайсы жеринен болосуң?" деп сурасаң, бир жерди айтып бере алышпайт. Бул Интернеттен же тааныш-билиштеринен паспорт маалыматтарын алып, өздөрүнө жасата коет экен. Анан ушул Орусияга эзели келбегендер келген болуп, банкка же өкмөткө карыз болуп калгандар чыгып жатат. Соода борборунда иштегендерди участкалык полицияга арызданайын десем, алар акча алып, анан кайра эле кое бериши мүмкүн. Мен акыркы жылдары көп эле байкап жүрөм мындайларды, бир-эки жолу элчилик менен ИИМ өкүлчүлүгүнө кайрылып, бирок эч бир чара көрүлбөдү эле.

Орусияда кыргыз паспортуна суроо-талап Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийин күчөгөн. Айына 4-5 миң рубль патент акысын төлөп иштөөдөн качкан коңшу өлкөнүн мигранттарына орус шаарларында кыргыз айди карталарын жасап бергендердин бизнеси гүлдөй баштаган. Мисалы, Москвада кыргыз айди картасын үч-беш миң рублга бир-эки саатта жасатып алуу кыйынчылык туудурбайт.

Орусия.
Орусия.

Жасалма кыргыз паспорттору жөнүндө Орусияда иштеген мекендештер коңгуроо кагып, жумуш берүүчү же орусиялык полицияга кайрылса деле, андан майнап чыккан учурлар аз.

Ошол эле кезде паспортун бирөөгө соодалап же ижаралап иштетип жиберип, элчиликке жаңы паспорт алууга кайрылгандар же Кыргызстанга атайын күбөлүк менен учуп кетүүнүн ыгын таап алгандар да кездешет. Москвадагы элчиликтин маалыматы боюнча былтыр 5,5 миң жаранга мекенге кайтуу күбөлүгү берилген. Кайрылгандардын көбү паспортун уурдатып жибергенин айтышкан.

Орусияда кыргыз айди карталарынын жасалып, көрүнгөнгө сатылышына 2004-жылкы айди картанын коргонуучу элементтеринин чабалдыгы да себеп болуп жатканы айтылып келет. Белгилей кетсек, биометрикалык маалыматтар камтылган жаңы үлгүдөгү көк түстүү ID карта Кыргызстанда 2017-жылдан тарта бериле баштаган. Бүгүнкү күнгө карата акыркы технологиялык талаптар боюнча жасалган бул паспортту бир миллион адам алган.

Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы Элзат Кыдырмышева 2004-жылкы кызыл түстүү "айди картанын мектеп окуучусу да компьютерде жасай алат" деген пикирге кошулбайт. Бирок, жарандардын жаңы үлгүдөгү паспортко өтүшү көйгөйдү бир кыйла жеңилдетет деген ойдо:

- Кызыл ID деле жетиштүү корголгон. Азыркы көк биометрикалык ID болсо, замандын талабына жараша коргоочу элементтери көп, алдаканча коопсуз. Биз муну бир жылдан бери айтып келе жатабыз. Бирок, биз жарандарды күчтөй албайбыз. Алар өз каалоолору менен алмаштырып алса болот. Азыр документ жасоо бардык өлкөдө кездешет. Орусияда кыргыз паспортторунун көп жасалып жатканы - ага талаптын жогору болгонунда. Албетте, биз өзүбүздүн документтерди коргошубуз керек. ID картанын биометрикалык түрү киргизилди, эми 2020-жылга карата эл аралык көк паспортторду да биометрикага өткөрөлү деп турабыз.

Орус бийлиги 2014-жылы башка өлкөнүн жарандарына Орусияга айди карта менен кирүүгө тыюу салып, кийин кыргыз бийлигинин суранычы менен кыргызстандыктарга уруксат берген. Орусияда эми кыргыз ID картасын жасаткандар кескин көбөйүп, анын ар кандай кесепети чыгып жатканда кыргызстандыктарга Орусияга көп барактуу эл аралык көк паспорт менен кирүү талабын киргизүү же кыргыз жарандарын биометрикалык ID картага өткөрүүнү тездетүү көйгөйдү чечүүчү чара болчудай.

Мигранттар Кызыл аянтта.
Мигранттар Кызыл аянтта.

Ошол эле кезде коңшу өлкөнүн мигранттары Кыргызстандын булуң-бурчунда ар кандай жол менен кыргыз жарандыгын каттатып, кыргыз паспортун алып келип жатат деген маалыматтар да Орусиядагы кыргыз коомчулугунда кеңири талкууланып келет.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG