Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:14

Москвада мигранттар ортомчуга алданды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Москвада өкмөттүк мекемени жууп-тазалаган мигранттар эмгек акысын өндүрө албай жатышат.

Мигранттар Орусиянын Жол коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын бөлүмдөрүндө иштегенин айтышууда.

Өкмөттүк мекеменин имараттарында тазалыкты «Базовый элемент» деп аталган ортомчу агенттик камсыздайт.

Бул агенттикке июнь айында ишке кирген Асылкан 130 миң рубль эмгек акысын албай калган. Ал жумуш берүүчү мигранттарды алгач эки айлык сыноо мөөнөтү менен ишке алып, эмгек келишимин андан кийин түзүүнү убада кылганын айтып берди.

- Башында "жок" деген эмес. "Ана-мына" деп, документтерибиздин көчүрмөсүн чогултуп алды. Бирок келишимди колго бербей, созуп жүрдү. ГИБДДнын имараттарын жууганбыз. Күнүнө беш-алты сааттан, таңдан кечке чейин иштедик.

​Ал эми Нури жумуш берүүчү эмгек акыны кечиктире баштаганда эле чочуркай баштаган. Айлыгын талап кылганда иштен айдалганын айтып отурду.

- Булар тендерди июнда утуп алганда эле ишке киргем. Жол кайгуулунун башка бир бөлүмүндө иштегем. Башында 15 күн иштеп, 15 миң рубль алгам. Кийин август үчүн 40 миң алдым. 45 миң бермек, 5 миңин кармап калды. Айлыкты кечиктиргенде артынан сая түшүп сурадым. Анан мени иштен бошотуп салды.

Айлыгын албай калган кыргызстандыктардын саны учурда 30-60 адамдын тегерегинде. «Базовый элемент» агенттиги Өзбекстан, Тажикстандын жарандары менен Орусиянын ички мигранттарына да иш таап берген.

Абдыкапар аттуу мигрант «Базовый элемент» агенттигине эмгек акысын жедиргендер алда канча көп экенин айтты:

- Бул өкмөттүк мекеменин бөлүмдөрү көп да. Ал жакта жумушчу деген толтура. 30-60 адам чогулганбыз. Ошол WhatsApp топто да кыргыздар бири-бирин сатып жатышпайбы. "Чогулуп, сизге каршы арыз жазып жатат" деп тиги менеджер, директорлорго арызданып. Аны менен да уруштум. "Сенин акчаңды берем, сен оюндан чык" дейт. Мен жыргап акчамды алып кетип калсам, башка жердештерим эмне болот?!

Мигранттар «Базовый элемент» агенттигинин директору катары Сергей аттуу орусиялык жарандын атын аташууда. Алардын айтымында, бул адам Москвада быйыл жыл башында жүздөгөн кыргызстандыктарга акы төлөбөй койгон «Мой город» агенттигинде да менеджер болуп иштеген.

«Базовый элемент» агенттигинин директору делген Сергей менен байланышуу аракетинен майнап чыкпады.

Эскерте кетсек, май айында «Мосгортранс» мекемесинин Москва шаары менен облусундагы автопарктарын жууп-тазалаган жүздөгөн мигрант айлыктарын албай калган.

Анда "Мой город" аркылуу ишке кирген 700дөй жумушчуга эмгек акы төлөнбөгөнү, алардын жарымы кыргызстандыктар болгону аныкталган.

Эки-үч айга созулган териштирүүдөн кийин Мамлекеттик миграция кызматынын Москвадагы өкүлчүлүгүнүн жардамы менен 259 мигрант 8 миллион рубль эмгек акысын өндүрүп алууга жетишкен.

Бул жолу Мамлекеттик миграция кызматынын Москвадагы өкүлчүлүгүнүн адиси Марлес Шаршеев Жол коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалык ортомчу агенттикке келишим боюнча каражат бөлгөнүн кабарлаган.

- Башкармалыкка келип, бухгалтериясы менен байланыштык. Алар биздин жарандар «Базовый элемент» компаниясы аркылуу иштегенин тастыкташты. Алар өздөрүнүн келишими боюнча тиешелүү каражаттар компаниянын банктагы эсебине которулганын айтышты. Жарандарыбыз азыр айлык албай жүргөнүн да айттык. Ортомчуга чара көрүшпөсө, жарандардын арызын чогултуп, Тергөө комитетине кайрыла турганыбызды эскерттик.

Миграция боюнча адис мигранттар иш берүүчү тууралуу алдын ала маалымат текшерилбей, ортодо эмгек келишимдин жоктугунан кыйын кырдаалга туш болуп жатышканын белгиледи.

Мамлекеттик миграция кызматынын Москвадагы өкүлчүлүгүнө быйыл жыл ичинде 2300дөй жаран айлык маселеси боюнча кайрылган. Мигранттарга төлөнбөгөн эмгек акылардын жалпы суммасы 120 миллион рублдан ашкан.

Өкүлчүлүктүн жардамы менен мигранттарга 57 миллион рублдан ашуун эмгек акы өндүрүлүп берилген.

Мамлекеттик миграция кызматынын Москвадагы өкүлчүлүгү «Базовый элемент» агенттиги аркылуу иштеп, айлык албай калгандарды өкүлчүлүккө арыз жазууга чакырат.

Дареги: Москва шаары, Малая Полянка көчөсү,12а. Тел.: 8(495) 780-74-11, 8(495) 780-74-12, 8(495) 780-74-10.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG