Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:04

"Уулум, Орусиядан кайтчы..."


Орусияда жети жыл мурун дайынсыз кеткен Талантбек Мырзакматов.
Орусияда жети жыл мурун дайынсыз кеткен Талантбек Мырзакматов.

Орусияда дайынсыз кетип, жакындарын убайымга салган мигранттар аз эмес.

Баткендин Кадамжай районунан келген Сейилкан эне алты айдан бери Москвада уулун издеп келатат. 34 жаштагы Талантбек Мырзакматов жети жыл мурун Орусияга иштегени кетип, ошол бойдон дайынсыз. Эне миллиондогон адамды койнуна батырган Москвада жалгыз уулун табуу үмүтүнө жетеленип жүрөт.

- Үйдө күтүп отура албай калдым, - дейт ал. - Москвага издеп келдим. Үмүт кылып, издеп табайын деп өзүм келдим. Көргөн-билгендер болсо айткылачы. Жардам сурайм!

Орусияга ишке кетип, ошол бойдон үй-бүлө, туугандары менен байланышпай, айлап-жылдап дайынсыз кеткен кыргызстандык мигранттар аз эмес. Арасында арактын артынан селсаяк болуп кеткендер, башка үй-бүлө күтүп, туугандарынан кол үзгөндөр, абакка түшүп, жакындарына кабар бербегендер, кырсыкка учурап, аты-жөнү аныкталбай, чет жерде көмүлгөндөр да бар.

Москвага быйыл февралда Нарындан келген 25 жаштагы Айдар Асанбек уулу июндан бери дайынсыз. Бир тууганы Акылбек Айдар орус тилин билбегендиктен, туруктуу жумуш таппай, шаарга көнүшө албай жүргөнүн айтып берди:

- Эмгекчил айылынан Москвага февралда келген. Июндан баштап телефонго жооп бербей калды. Анан мен Кыргызстанга иштерим менен кетип, кайра келсем дайыны такыр чыкпай калды. Социалдык тармактарга сүрөтүн чыгарып издей баштадым. Бирөөлөр Братиславская метросундагы «Инжир» деген чайканада көргөнүн айтышты. Ал жакка барып, он күн иштеп, акчасын албай кеткенин билдим. Ага чейин ошол жерде соода борборун жууп-тазалап иштеген экен. Өзүм да, аялым да бир нече жумуш таап бергенбиз. Орус тилинен кыйналып, бир ишке токтобой, улам бир жерге жалданып иштеп жүргөн. Кийин Тульский метросундагы батирде жашаганын бирөө айтып берди. Ал жактан да таппадым. Элчиликтеги Кыргызстандын ИИМинин өкүлчүлүгүнө барсам, алар “Братиславскаядагы полицияга арыз жаз” дешти. Полиция бөлүмүндө “ата-энеси арыз жазышы керек” деп, арызымды албай коюшту. Ошол боюнча эмне кыларымды билбейм. Бала жоош, ичимдик деле ичпейт, кылмышка деле барбайт.

Айдар Асанбек уулу.
Айдар Асанбек уулу.

Интернеттеги социалдык тармактарда Орусияда иштеген мигранттардын тайпаларында айлап-жылдап дайынсыз кеткендердин сүрөттөрү өтө көп. Орусияга өздөрү келип издөөгө шарты жок, Кыргызстандагы бир туугандарынан бирөө-жарым тирүү көрүп калып, кабар береби деген үмүттө жүрүшөт.

40 жаштагы Базарбай Нишанов былтыр майда Ош облусундагы үйүнөн чыгып кетип, ошол бойдон кайрылган эмес. Москвадагы агасы Таалай аны Орусиянын Сургут, Свердловск шаарларынан көргөндөр болгонун айтты. Кыргызстанда Базарбай Нишанов насыя алып, төлөй албай, карызы көбөйүп кеткен экен.

- Былтыр майда Ноокаттагы Бел-Өрүк деген айылдагы үйүнөн чыгып кеткен, - дейт ал. - Кийин сураштырып жүрүп Сургутта иштегенин уктук. Свердловскто да курулушта иштегенин айтып жатышат. Андан кийин октябрда Бишкектен автобазардан жолуктургандар да бар. Ушул бир жарым жылдан бери дайынын билдирбейт. 400 миң сомго жакын насыясы бар экен. Ошону төлөй албай качты окшойт. Өзү үй-бүлөлүү, мектепте окуган балдары бар. Биз бир күнү келет деп жүрдүк да. Дайыны чыкпай калаарын ойлогон жокпуз. Орусиядан, Кыргызстандан, Казакстандан издеп жатабыз.

Базарбай Нишанов.
Базарбай Нишанов.

Орусиядан жакынын күткөндөр, тууганын издегендер арадан бир нече жылдар өтүп кетсе да, табылып калабы деген үмүттө жашашат. Шайыргүлдүн 60 жашка таяп калган агасы Рахманалы Туйгунов Орусияда дайынсыз жоголгонуна быйыл сегиз жыл болду. "Атам көзү тирүүсүндө тун уулун көрүп калабы" деген Шайыргүл агасын издөөнү токтотпойт.

- Союз маалында эле калып калган, Орусияда, - деди Шайыргүл. - Бул жактан оруска үйлөнүп, чоң кызы бар. Турмушу жакшы болбой жүргөн. Өзүбүз тогуз бир тууганбыз. Эки эркек баланын улуусу. Апам андан бери көзү өтүп кетти. Атам бар, күтүп отурат. Акыркы жолу Москвада бирөө бир соода жайында 4-5 жаштагы кызды жетелеп жүргөнүн көрүптүр. Кызы менен издегенди токтоткон жокпуз. Жок дегенде бир кабарын берет деп үмүт кылабыз.

Рахманалы Туйгунов.
Рахманалы Туйгунов.

​Дарегин атайылап эле айтпай, бир туугандарынан жашынып, Орусиянын кең койнуна сүңгүп кирип кеткендер да бар. Оштон кайрылган Канымгүл эне Москвада 23 жаштагы уулу Маматсабыр Алимбек уулу бир тууган агасынан жашынып, дайынын айтпай, кыжаалат кылып жатканына арызданды:

- Бул январдан тартып жашынып калды. Москвадагы агасына да жолукпайт. Мага кээде “Одноклассниктен” же бир номурлардан “Апа, жакшысызбы? Ден соолугуңуз кандай?” деп сурап коёт. Кайда экенин, эмне кылып жүргөнүн эч айтпайт. Бир аялга үйлөнүп алып, коркуп качып жүрөбү дейм. Же бир нерсенин ичинен чыгып жүрөбү?! Санаам тынбайт. Агасы Москвадан издегенин койбоду.

Орусияда туугандарына кабарлашпай кеткен мигранттарды издөө оңой эмес. Жергиликтүү полиция жоголгондор тууралуу арызды жакын туугандарынан гана кабыл алат. Мындай арыз жазыш үчүн орус жергесинде жакын туугандары болгон маалда деле, мекендештер расмий органдарга ыкчам кайрылбай, убакытты создуктуруп жиберген учурлар кездешет. Айрым учурда орусиялык органдарда мигранттардын иши көңүлгө алынбай, көз жаздымда кала берет.

Темир тордо жашырынгандар

Сот иштеринде котормочу болуп иштеген Жамалкан Сабаева кылмышка кириптер болгон мекендештер туугандарынан уялып, өздөрү атайын жашынаарын айтты:

- Кылмыш кылып кармалып, анан өзүнүн анык аты-жөнүн айтпай, туугандарынын байланыш телефондорун бербегендер толтура. Анан кыргыз котормочуларды көрсө эле ”булар айтып жиберет, абийирим ачылат” деп өздөрү орусча тың билбесе да котормочулардан баш тарткандар чыгат. Бир жигит ушул Москвада көп кабаттуу үйдүн ичинде кароосуз турган эмеректи сатып жибериптир. Ошол үчүн кармалып отурганда “жакындарыңдын телефонун бер, байланышып, адвокат жалдап, жардам берейин” десем, үч ай баш тартып туруп албадыбы! Үч ай камакта жатып, эми соттолуп кетерде, мурдуна суу жетип, анан «эжекелеп» жардам сурай баштады. Кийин аялы менен байланышсам, алар бейкапар билбей отурушуптур. Анан документтерин тастыктап, адвокат жалдап, акырында айып төлөп чыгып кетпедиби. Аялдар эркектерден да ашып түшөт. “Мен дүкөндө уурулук кылып кармалганымды айылдагылар укса өлбөдүмбү” дешет эмеспи. Анан эч кимге эч кабарын билгизбей, темир тордун арт жагында отура беришет.

Расмий маалыматтар боюнча чет өлкөлөрдө 1,8 миң кыргызстандык кылмыш жазасын өтөп жатат. Алардын басымдуу бөлүгү Орусиянын абактарында отурат.

Чет жерде каза тапкандар

Орусияда дайынсыз жоголгон кыргызстандык мигранттар тууралуу расмий статистика жүргүзүлбөйт. Акыркы 5-10 жылда Орусияда канча кыргызстандык дайынсыз кеткени белгисиз.

Москвадагы кыргыз элчилигинин басма сөз катчысы Гүлбарчын Байымбетова быйыл Орусияда туугандарына дайынын билдирбей жүргөн сегиз мекендеш тууралуу арыз түшүп, экөө өлүү табылганын эскерди:

Гүлбарчын Байымбетова.
Гүлбарчын Байымбетова.

- Консулдукка быйыл Орусияда сегиз адамдын жоголгону тууралуу арыз түшкөн. Алардын экөөнүн каза болгону аныкталган. Дагы экөө табылып, Кыргызстанга жөнөтүлгөн. Ал эми калган төртөөнү издөө иштери жүрүп жатат. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине же консулдукка арыз түшкөндө биз министрлик аркылуу Орусиянын органдарына бул жарандарга издөө салуу боюнча сураныч менен расмий кайрылабыз.

Чет өлкөдө кылмыш боюнча шек саналып, тергөө изоляторунда отургандар жана абакта кылмыш жазасын өтөп жаткандар тууралуу Тышкы иштер министрлиги же өлкөдөгү элчилик аркылуу гана билүүгө болот.

Кээде кокустан кырсыктап, ооруканада эс учуна келбей жаткан, же өлүкканада өздүгү аныкталбай, туугандары табылбай жаткан адамдар тууралуу социалдык тармактардан көрүүгө болот.

Орусияда жоголгон адамдарды издеш үчүн жергиликтүү полицияга арыз жазып, ооруканаларга кайрылыш керек. Буга кошумча кырсыктап каза таап, өздүгү аныкталбай калгандар тууралуу маалыматтарды Кырсыктар бюросунан алууга болот.

Ошондой эле Москвада дайынсыз кеткендерди издөөгө көмөктөшкөн “Лиза Алерт” жана “Альтернатива” коомдук уюмдары бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG