Линктер

шейшемби, 11-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 17:21

"ВИЧтин айынан Орусиядан куулдум..."


Иллюстрациялык сүрөт.

40 жаштагы Гүлбара ВИЧ илдетине чалдыкканын беш жыл мурда билген. Дартынын айынан Орусиядан Кыргызстанга кайтып келүүгө мажбур болгон келин жашоосу тууралуу айтып берди.

Адаттагыдай жайкы эс алуудан кийин Орусияга жөнөгөн Гүлбараны (аты белгилүү себептерден улам өзгөртүлдү) аэропорттон өткөрбөй коюшкан.

Үн катпаган кызматкерлер маселени түшүндүрбөй туруп колуна кагазды карматканы күнү бүгүнкүдөй эсинде:

- Москванын аэропортунда он беш аял бир бөлмөдө кармалып турдук. Мен эч нерсени түшүнгөн жокмун. Он сааттан кийин колума кагаз карматып, кайра Кыргызстанга салып жиберишти. "Кайра кирбейсиз" дешти болгону. Кайтып келгенден кийин колумдагы кагазды изилдеп көрдүм. "ВИЧ илдетине жана башка жугуштуу ооруга чалдыккандарга кирүүгө болбойт" деп жазылган экен.

​40 жаштагы каарманыбыз Кыргызстанга келгенге чейин документтерин узартуу үчүн медициналык текшерүүдөн өткөнүн айтууда. Текшерүүнүн жыйынтыгы оор дартка чалдыкканын көргөзүп, дароо "кара тизмеге" кирип калган. Гүлбара өзү илдетти кайдан жугузуп алганын билбейт:

- Орусияда иштеп жүргөндө ооруп калдым. Башында жеке менчик ооруканаларга барып укол алып, дары ичип эле жүргөм. Кийин катуу ооруп, "Тез жардам" менен бейтапканага жеткиришти. 900 грамм өлчөмүндө киста бар экенин айтышып, "дароо операция кыл" дешкен. Орусияда операция кымбат болгону үчүн Кыргызстанга келгем. Операциядан кийин өзүмдү жакшы сезип, кайра Орусияга баргам. Төрт- беш айдан кийин ВИЧке чалдыкканымды билдим. Аябай жаман болдум. Башында өлгүм келип, өзүмө өзүм кол салдым. Муунганы жатканымда балам келип сактап калды. Сарсанаага батып жүрүп невроз болдум. Психотерапиялык ооруканада да дарыланып чыктым.

Гүлбаранын дарты тууралуу анын эң жакын гана адамдары билет. Аял өз башынан өткөн тажрыйбага таянып, коом өзүндөй илдетке чалдыккан аялдарды кабыл алууга даяр эместигин айтат:

- Апам, балам жана иним билет. Иним мени менен жакшы сүйлөшпөй калды. Мен келсем эле башка бөлмөгө кирип кетет. Эки курбу кызым дагы билет. Алар башка улуттун өкүлдөрү. Башкаларга айткан жокмун. Анткени мындай дарт тууралуу элден ар кандай жаман пикирлерди угуп калдым. Баары эле ВИЧке жүрүм-туруму начар адамдар чалдыгат, оору жыныстык катнаш аркылуу гана жугат деп ойлойт экен.

​Гүлбаранын ооруну кабыл алып, коомго аралашканына эки жылдай болду. Ал ушул тапта Бишкектеги тигүү цехтеринин биринде иштейт. 19 жаштагы баласы коллеждеги окуусун таштап, энесине жардам берүү үчүн иштей баштаган.​

- Башкаларга кеңеш бере албайм. Анткени өзүм колдоого муктажмын. Мага жардам берип же дартымды уккан тажрыйбалуу психолог таппай жатам. Мүмкүн адистер менен кеңешсем, оору менен күрөшүүгө жеңил болот. "Эмнеге ушундай болуп калды, эмне үчүн мен?" деп эле ойлоно берем. Бир гана балам үчүн жашайм, аракет кылам деп өзүмө сөз бергем, - деди Гүлбара.

Соңку мезгилде Орусияда, Казакстанда иштеген эмгек мигранттарынын арасында кургак учук, ВИЧ-СПИД, ар кандай жугуштуу дарттар, жүрөк-кан тамырдын оорусу көбөйүп жатканын адистер айтып келишет.

2017-жылы Республикалык СПИД борборунун ошол кездеги жетекчиси Улан Кадырбеков ВИЧ илдетин чет жакта жүргөн мигранттардын жуктуруп алуу ыктымалдыгы жогору экенин айткан.

- Миграцияда жүргөн мекендештерибиз СПИДдин кооптуу очогунда жүрөт десек болот. Мисалы, Орусиянын ондон ашуун шаарларында эпидемия жүрүп жатат. Жуктуруп алуу ыктымалдуулугу жогору. Жарандар чет өлкөгө чыгарда СПИДге анализ тапшырат. Бирок кайра кайтканда текшерүүдөн өтпөйт. Мигранттарга түшүндүрүү иштерин көбүрөөк жүргүзүү керек, элге ВИЧ статусун текшертүү боюнча кеңири маалымат жеткирүү зарыл.

Орусияда чет элдик жарандан кургак учук, ВИЧ, сифилис сыяктуу жугуштуу оорулар аныкталса, ал депортация болуп, өлкөгө кайра кирүү укугунан ажырайт. 2017-жылы ушундай негизде 17,5 миңдей КМШ мигранттары «кара тизмеге» кирип, Орусиядан биротоло чыгарылган.

Кирилл Барский.
Кирилл Барский.

Москвадагы «Шаги» коомдук уюмунун адиси Кирилл Барский мигранттарга болгон мындай мамиле оорунун жайылышына себепкер болуп жатканын "Азаттыкка" билдирген.

- Мигранттардын Орусияда текшерилип, дарыланууга толук шарты бар. Бирок Орусиянын мыйзамдары ага жол бербейт. Оорукчан мигрант аныкталып калса эле аны дароо өлкөдөн чыгарышат. Чындыгында ВИЧке чалдыккан мигранттар кыйла көп болушу мүмкүн. Болгону мындай репрессивдүү чарадан чочулап, оорусун жашырып жүргөнү толтура. Үйүнө кайтарылган мигранттар кысымга, коркунучка кабылышат. «Уят, кантип кайтам? Бул жактан өлүп калганым жакшы» дегендер болот. Мындан да коркунучтуусу - алар кайтып келгенде ооруну аялына же күйөөсүнө жугузат.

Республикалык СПИД борборунун маалыматына ылайык, Кыргызстанда 2018-жылдын октябрь айына карата ВИЧ илдети менен расмий каттоого алынгандардын саны 8600 киши, көбү эркектер. Анын ичинде 8137 киши Кыргызстандын жарандары, арасында 645 бала бар.

Адистер бул сан расмий эмес эсепте эки эсе көп болушу ыктымал экенин айтышат. Дарт менен каттоого алынгандардын арасынан 1873 адам көз жумган. Өлкөдө бул ооруну жуктурган адам алгач 1996-жылы аныкталган.

"Азаттыктын" архиви: Дарт тооруган балалык. 14-ноябрь, 2017-жыл

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, Кыргызстан ВИЧ ылдам жайылып бараткан 25 мамлекеттин тизмесине кирет.

Уюм 2018-жылдан тарта ВИЧтин алдын алуу боюнча Кыргызстанды каржылоо токтотуларын эскерткен. Бирок сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө 2020-жылга чейин улантылмай болду. Алдын алуу жана дарылоого 3,7 миллион доллар берилмекчи. Мындан он жылдай мурун 9 миллион долларга чейин бөлүнгөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG