Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:03

ВИЧ жуккан аялдар: дарт бизди басынтты


Балдары ВИЧке чалдыккан энелер. 2011-жыл (архивдик сүрөт)
Балдары ВИЧке чалдыккан энелер. 2011-жыл (архивдик сүрөт)

ВИЧ-инфекциясы жуккан келиндер көп учурда элден бөлүнүп калат. "Аялзат" берүүсүнүн бүгүнкү чыгарылышында айыккыс ВИЧ илдетин жуктуруп, үй-бүлөсүнүн, коомдун кодулоосуна кабылган эки келиндин тагдыры туурасында сөз болот.

"ВИЧ жукканын күйөөм өлгөндө билдим"

Өзүн Айгүл деп тааныштырган каарманыбыз Тажикстандын кыргыздар жашаган Жерге-Тал айылынан келген. Оор үшкүрүнүп, күрс-күрс жөтөлгөн келин менен жаңы конуштардын биринде өзү ижарага алган төрт чарчы, караңгы, иретсиз батирде жолуктум.

Айгүлдүн энеси алты жашында каза тапкан. Атасы Казакстанга иштегени кетип кайтып келбептир. Ата-эне мээриминен өксүгөн каарман балалыгы күтүү, сагыныч, кусалык жана жек көрүү менен өткөнүн айтып отурду.

Иллюстрация
Иллюстрация

- Алты жашымда апам каза болду. Көрсө эмчек рагына чалдыккан экен. Аны кийин уктум. Ага чейин "апаң Москвада, иштеп жүрөт" деп коюшчу. 13-14 жашка чыкканга чейин апамды күтүп, сагынып, кээде ага таарынып, жек көрүп жүрүп балалыгым өтүп кетти. Сегиз жашымда атам келди. Аябай сүйүнүп, классташтарга айтып мактангам. Казакстанда иштейм, кайра келем деген бойдон кайрылбады. Дагы эле атамды издей берем...

Өйдө-төмөн турмушту көрүп, туугандарынын колунда ары-бери урунуп жүргөн кызды 17 жашында өзүнөн 15 жаш улуу кошунанын баласына күйөөгө беришет.

Догдурлар келип жолдошумдун СПИДден кайтыш болгонун айтышты. Бизди дагы анализ тапшыргыла деп кетишти. Кийин менден да бул вирус табылды.
Айгүл

"Жолдошум менен көшөгө артында тааныштым" деген келин 13 жылдан кийин жесир калат.

Күйөөсүнүн өлүмүнө СПИД оорусу себепкер экени билинип, кийин бул вирус өзүнөн да табылат. Ошондон кийин жашоосу түп-тамырынан өзгөрөт:

- Таежемдин колунда чоңойдум. 17ге чыкканда өзүнүн курбусуна келин кылып берди. Кайын-журтум дагы жакшы каралашты. Жолдошум экөөбүз бай жашабасак дагы бактылуу жашадык. Ал Ош, Жалал-Абадга жашылча-жемиш ташып иштечү. Бир күнү эле катуу ооруп калды, догдурга көрүнсө жакшы болуп калат. Кийин кургак учукка чалдыгып, бат-бат ооруй баштады. Бир күнү дене табы көтөрүлүп, реанимацияда төрт күн жатып кете берди. Анын кыркы чыккандан кийин эле догдурлар келип жолдошумдун СПИДден кайтыш болгонун айтышты. Бизди дагы анализ тапшыргыла дешти. Кийин менден да бул вирус табылды. Ишенесизби, кош бойлуу кезимде эле каттоого туруу үчүн догдурга барбасам, ооруканага жатып көргөн эмесмин. Эң коркунучтуу оору рак деп ойлочумун. ВИЧ тууралуу такыр уккан эмесмин, дарыгерлер деле айтпаптыр. 17 жашымда босогосун аттап, бир туугандай болуп калган кайын-журтума дароо эле ВИЧ жукканын айттым.

Бирок Айгүлдүн бул акыбалын кайын-журту, туугандары түшүнгөн эмес. Кайра келинди күйөөсүнүн өлүмүнө күнөөлөп чыгышкан. Кошуна-колоңдору да кодулап, сөөмөйү менен көрсөтө башташкан.

- Күйөөмдүн өлүмүнө мени күнөөлөшкөнү жүрөгүмдү оорутту. Сүйлөшпөй, чогуу отуруп тамак жебей калышты. Идиш-аякты бөлүштү. Кошуналарга дагы айтып коюшуптур, алар мени сөөмөйү менин көрсөтүп, башкача карай башташты. Уй саап, сүтүн өткөрчүмүн. Бир күнү сүтүмдү да албай кетишти. Ошондо катуу ыза болдум, ыйлап балдарды жетелеп шаарга баса бердим.

Барар жери жок болгондуктан келин алгач Бишкекке келип, үй-жайы жоктор баш калкалачу жайда эки баласы менен жашап калат.

- Бир бурчун картон менен тосуп, эки балам менен жашадым. Экөөнү ээрчитип алып талаадан кулпунай терем. Ысыкта балдарыңды эмнеге ээрчитесиң деп кожоюндар урушуп, иш бербей койгон күндөр болду. Ошентип күнүнө 200-300 сомдон таап, иштеп жүрдүк. Айран, сүт алсак жашаган жердегилер уурдап ичип коёт. Ал жерде аракечтер да бар. Балдарым бул жерден кетеличи деп ыйлашат. Ошондой күндөрдүн биринде бир эже Кызыл жарым ай борборуна алып барды. Кайрымдуу, боорукер, мээримдүү адамдар көп экен. Эми ушул батирде жашап жатабыз.

Айгүл ВИЧ-инфекциясы ага качан, каяктан жукканын билбейт. Жогоруда айткандай, көз жарганда гана төрөт үйүнө гана барбаса, ооруканага кайрылып көрбөптүр. Өзү "күйөөмдөн жукса керек" деген шек менен жашап келет.

- Ал мени жакшы көрүп, колдоп турчу. Бир тууганым да, ата-энем да күйөөм болуп калган. Баңгизат колдонбосом, туура эмес жолго баспасам... Кудай өзү кечирсин жолдошумду эле күнөөлөй берем... Ал деле ооруп жүргөнүн билбесе керек. Бул эми кудайдын сыноосу. Бирок мен мындай сыноого сынып калбайм. Балдарыма керекмин, балдарым үчүн жашашым керек....

Айгүл кыргыз коомунда азаптуу дартка кабылган адамдар кодулоого кабыларын жон териси менен сезип отурат. Жумушка орношуу, балдарын бала бакча, мектепке берүү кыйын экенин айтып отурду.

- Акыбалымды жашырып, эч кимге айтпайм. Балдарыма дагы кесепети тийбесин дейм. Өз башыман өттү да баары. Жакыным деп эсептеген адамдар жүзүн буруп кетти. Ооруңду айтсаң, башкаларга сабак болсун десең, кайра сени тебелеп кетишет тура.

Эки балам дарыгер болуп, сизди айыктырабыз дешет. Буларга оорум тууралуу айтпайм. "Эмнеге мынча көп дары ичесиз?" деп сурап калышат.
Айгүл

Тар бөлмөдө энесинин кыймыл-аракетин, дарыны үзбөй ичкенин, анда-санда көз жашын төгүп жатканын көргөн жеткинчектер келечекте дарыгер болуп апасын айыктырып алууну тилек кылышат.

Эне болсо сегиз-тогуз жаштагы эки баласы акты-караны айырмалап калгыча жашап, жакшы тарбия берүүнү кыялданат...

- Эки балам дарыгер болуп, сизди айыктырабыз дешет. Буларга оорум тууралуу айтпайм. "Эмнеге мынча көп дары ичесиз?" деп сурашат. Дарылар күчтүү болгондуктан кара чай, нан менен отуруп калганда кадимкидей мас болуп, башың айланат. Күчтүү тамак жешиң керек экен. Алар чоңойгон сайын дарыны көргөзбөй иче баштадым. Балдардын көзүнчө ыйлабайм, алар деле өйдө-ылдый жашоого бышып калышты. Кээде жашып кетсем "апам телевизордогу сериалга эле ыйлай берет" деп калышат. Менин кыялым, үмүтүм балдарыма жакшы тарбия берип, жакшы окуу жайларга окутуу...

"Балаңды эмизбе деп айтышкан жок"

Кийинки каарманыбыз - Сагида Ноокаттын келини. Ага ВИЧ-инфекциясы баласынан жуккан.

- Ушул жашка келип бул оору тууралуу билген эмесмин. Балам эмне эле тынымсыз ооруй берет деп ойлонуп калчумун. Андан ВИЧ инфекциясы чыккандан кийин эки чоң баламдан, кайната-кайненемден, жолдошумдан анализ алышты. Баары таза чыкты. Ноокатта 2007-жылы 23 баладан инфекция чыккан. Ал убакта бизге СПИД деп ачык айтышчу эле. Өзүм дагы ооруп, оозумдун ичи көчүп температура болгом. Баламды ошол убакта дагы эмиздим. Бир дагы врач "балаңды эмизбе" деп айткан эмес. Энеси дагы анализ тапшырып көрсүн дешти. Менден дагы чыгып калды...

Иллюстрация
Иллюстрация

Сагида оорусу билингенден кийин үч баласы менен ажырашып, эки жылдай турмуш жүгүн жалгыз көтөргөн.

- Үч балам менен төркүнгө кеттим. Эки жыл атамдын үйүндө жашадым. Атам "ушул оорунун дабасы болгондо отурган үйүмдү сатып, балам менен небереме дары таап берет элем аттиң" деп көп айтаар эле. Тамакка табитим тартпай, ачка жүргөн күндөр болду. Ал учурду эстегим да келбейт. Меникиндей тагдырга туш болгон аялдар көп. Эки-үч баласы менен ажырашып кеткендер бар.

Сагиданы күйөөсү ВИЧ илдети тууралуу маалымат алгандан кийин жарашып, алып кеткен. Оор күндөрдү артка таштаган маектешибиз эми келечекти гана ойлоп, жакшы жашоо үчүн умтулган оптимист аялга айланды.

- Үйдө бекинип отурбадым, баарын ачык айтып чыккым келди. Баламда дагы, менде дагы күнөө жок да. Баңгизат колдонбосом, арам ишке барбасам. Айылда, талаада иштеп жүргөн эле аялбыз да. Жаман жолдо жүрсөм "күнөө өзүмдө, элдин алдына кайсы бетим менен чыгам" деп уялат элем. Бул дарыгерлердин күнөөсүнөн болуп жатпайбы.

ВИЧ жуктурган келин көчөдө калды
please wait

No media source currently available

0:00 0:12:07 0:00
Түз линк

Республикалык СПИД бирикмесинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда ВИЧ илдети менен расмий каттоого алынгандардын саны 8 миңге жакын. Бейтаптардын теңинен көбү эркектер.

Ал эми дартка чалдыккан балдардын саны 659. Анын 382сине 2006-2007-жылдары ооруканада дарыгерлердин шалаакылыгы менен вирус жуккан. Адистер анализ тапшырбай жүргөндөр да бар экенин, андыктан бул дартты алып жүргөндөр расмий эсептен 10-15% көп болушу мүмкүндүгүн айтып келишет.

Мамлекеттик, бейөкмөт уюмдардын түшүндүрүү иштерине, жугуу жолдору тууралуу маалымат бергенине карабай ВИЧ оорулуулар коомчулукта кодуланган учурлар көп кездешет. Айрыкча аялдар басмырлоого кабылып, көчөдө калган учурлар жок эмес.

P.S.: Каармандардын аттары белгилүү себептерден улам өзгөртүлдү. Эки баласы менен оор күндү баштан кечирип жаткан Айгүлгө жардам бергиси келгендер 0700 593-671 номерине чалсаңыздар болот.

"Азаттыктын" архиви: Дарт тооруган балалык. 1-декабрь, 2017-жыл

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG