Линктер

жекшемби, 22-июль, 2018 Бишкек убактысы 22:43

Дүйнөдө ВИЧ жуктурган 37 миллиондой киши бар


СПИДге каршы күрөш күнүнүн Индияда белгилениши. Колката шаары, Индия. 30-ноябрь, 2017-жыл.

Ушул тапта дүйнөдө СПИДге алып келүүчү ВИЧ вирусун жуктурган кишилердин жалпы саны 37 миллионго чамалап калды.

Мындай статистикалык маалымат БУУнун Балдар уюму - ЮНИСЕФтин жаңы баяндамасында камтылган.

Уюмдун маалыматына караганда, 2016-жылдын соңуна карата дүйнөдө СПИД илдетинин ВИЧ инфекциясы менен жашаган 37 миллиондой адам болгон. ЮНИСЕФтин эсебинде, алардын ичинен 2,1 миллиону - өспүрүмдөр.

2005-жылдан бери дүйнөдө өспүрүмдөр арасында ВИЧ инфекциясын жуктургандардын көрсөткүчү 30% өскөн. ЮНИСЕФтин болжолунда, эгер азыркы тенденция сакталса, анда 2030-жылы дүйнөдө ВИЧ инфекциясын жуктурган өспүрүмдөрдүн саны 3,5 миллионго жетет.

ЮНИСЕФ ВИЧ инфекциясынын энеден балага жугушун алдын алууда кыйла жылыштар бар экенин, бирок бул жүрүм өтө жай кетип жатканын белгилейт. ЮНИСЕФтин эсебинде, 2000-жылдан бери ошондой 2 миллион учурдун алды алынган.

1-декабрь - СПИД илдетине каршы күрөшүүнүн Бүткүл дүйнөлүк күнү. Республикалык СПИД борборунун маалыматына караганда Кыргызстанда 2017-жылдын 1-ноябрына карата ВИЧ инфекциясы катталган 7804 киши бар. (UE)

XS
SM
MD
LG