Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:00

Кыргызстанда ВИЧ илдетин жуктургандар көбөйдү


Быйыл тогуз айда ВИЧ инфекциясын жуктуруп алгандар өткөн жылга салыштырмалуу 15,1% көбөйгөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында айтылат. Коркунучтуу илдет Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл жана Нарын облусунда көп катталган.

Быйыл көп катталган жугуштуу оорулардын ичинде бруцеллез илдети да бар. Бул ооруну жуктургандар өткөн жылга караганда 13,6% көп. Бруцеллез көп катталган аймактардын башында Нарын, Ош жана Ысык-Көл облустары турат.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, сарык менен ооругандар Ош шаарында көп катталып, жалпы көрсөткүчтүн 14,2% түзгөн.

ВИЧ илдети менен Кыргызстанда жети миңден ашуун адам каттоого алынган. Бул илдеттен 1657 киши каза тапкан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG