Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:55

Борбор Азияда СПИДден өлгөндөр көбөйдү


2016-жылы Дүйнө жүзү боюнча СПИД илдетинен көз жумгандардын саны бир миллион адамга жетти.
2016-жылы Дүйнө жүзү боюнча СПИД илдетинен көз жумгандардын саны бир миллион адамга жетти.

2016-жылы дүйнө жүзү боюнча СПИД илдетинен өлгөндөр саны бир миллион адамга жетти. Бул тууралуу 20-июлда жарыяланган Улуттар Уюмунун баяндамасында айтылат. Ошону менен катар баяндамада Чыгыш Европада жана Борбор Азияда СПИДден каза тапкандардын саны көбөйгөнү белгиленген.

2016-жылы дүйнө жүзү боюнча СПИД илдетинен өлгөндөр саны бир миллион адамга жетти. Бул 2005-жылкы көрсөткүчкө караганда эки эсе аз дегенди билдирет. Бул тууралуу Улуттар Уюмунун 20-июлда жарыяланган баяндамасында айтылат.

12 жыл мурда СПИД илдетинен 1,9 миллион киши каза тапкан. Жаңы баяндамага ылайык, учурда дүйнөдөгү иммундук жетишсиздик вирусун алып жүргөн 36,7 миллион адамдын 19 миллиондон бир аз ашуунунун дарылануу курстарынан өтүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Бул да 12 жыл мурдагыга салыштырмалуу кыйла жакшы көрсөткүч экенинен кабар берери баяндамада белгиленген.

Эксперттердин баамында, прогресс ушул нукта улана берсе, 2020-жылы 30 миллиондой адам дарылануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Иммундук жетишсиздик вирусун алып жүргөн 36,7 миллион адамдын 19 миллиондоюнун тиешелүү дарылануу курстарынан өтүүгө мүмкүнчүлүгү бар.
Иммундук жетишсиздик вирусун алып жүргөн 36,7 миллион адамдын 19 миллиондоюнун тиешелүү дарылануу курстарынан өтүүгө мүмкүнчүлүгү бар.

Канааттандырарлык көрсөткүчтөр Жер планетасындагы ВИЧке чалдыккандардын жарымынан көбү жашаган Африканын түштүгүндө байкалган. 2010-жылдан бери аталган чөлкөмдө СПИДден каза тапкандардын саны 42 пайызга, жаңы жуктуруп алгандардын саны 29 пайызга азайган.

Бирок ошол эле баяндамада Борбор Азия менен Чыгыш Европада СПИДден өлгөндөрдүн саны 38 пайызга жогорулаганы маалымдалган. Бир күн мурда Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө жыл сайын ВИЧке кабылгандардын саны 10% өсүп жатканын билдирген.

Мекеменин маалыматына караганда, ушул жылдын 1-июнуна карата ВИЧтен жабыркагандардын саны 7038ге жеткен. Алардын 902си СПИД илдети менен ооруйт.

Жалпы бейтаптардын 600гө жакыны балдар. Инфекцияны жыныстык жол менен жуктургандар 51% түзөт, 2011-жылы бул көрсөткүч 31% болчу.

ВИЧке чалдыккандардын басымдуу бөлүгү ишке жарамдуу курактагылар экенин жана алардын арасында аялдар көбөйүп жатканын министрлик билдирди.

Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев көрсөткүчтүн өсүшүн мындайча түшүндүрдү:

- ВИЧ/СПИД боюнча бизде атайын мамлекеттик программа иштелип чыккан, бекитилгени турат. Глобалдык фонд менен атайын макулдашууга кол коюу алдыда боолголонгон. Биз канчалык активдүү аныктап, дарылаган үчүн бул сан көбөйгөнсүп турат. Болгону биз мурдагы жылдарга салыштырмалуу өз статусун билбеген адамдарды көбүрөөк аныктаганыбыз үчүн көрсөткүч өскөндөй.

Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев.
Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев.

Үстүбүздөгү жылдын май айынын соңунда Бишкекте СПИДден каза болгондорду эскерүү жана дарт менен жашап жаткандарды колдоо максатында акция өткөн. Анда сөз сүйлөгөн Республикалык СПИД борборунун жетекчиси Улан Кадырбеков ВИЧ илдетине чет жакта жүргөн мигранттардын чалдыгып калуу ыктымалдуулугу жогору экенин айткан.

- Миграцияда жүргөн мекендештерибиз СПИДдин кооптуу очогунда жүрөт десек болот. Мисалы, Орусиянын ондон ашуун шаарларында эпидемия жүрүп жатат. Жуктуруп алуу ыктымалдуулугу жогору. Жарандар чет өлкөгө чыгарда СПИДге анализ тапшырат. Бирок кайра кайтканда текшерүүдөн өтпөйт. Мигранттарга түшүндүрүү иштерин көбүрөөк жүргүзүү керек, элге ВИЧ статусун текшертүү боюнча кеңири маалымат жеткирүү зарыл.

Жыл башында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Амангелди Мурзалиев парламентте сүйлөп жатып, 2017-жылдын башында эле 47 сыртта жүргөн кыргызстандык ВИЧ оору жуктуруп келгенин айткан.

Улуттар Уюмунун 20-июлда жарыяланган баяндамасында ВИЧ/СПИДге каршы күрөшүүгө багытталган "90-90-90" программасына басым жасалган. Бул программанын аталышындагы сандар 2020-жылга чейин коюлган максаттын көрсөткүчтөрүн билдирет. Маселен үч жылдан кийин ВИЧке чалдыккандардын 90 пайызы өз статусу тууралуу билиши керек, инфекцияга чалдыккандардын 90 пайызына дарыланууга шарт түзүлүшү абзел, ал эми мындай дарылануудан өткөндөрдүн 90 пайызында инфекция басаңдалышы зарыл.

Докладда 2016-жылга карата ВИЧке чалдыккандардын 30 пайызы өз статустары тууралуу билбегени жазылган.

Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү ВИЧ инфекциясына чалдыккан үй-бүлөлөрдөгү колдоо максатында ырчылар менен биргеликте "Сен жалгыз эмессиң" акциясын өткөргөн:

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG