Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:29

ВИЧ/СПИД, сарык жана кургак учукту алдын алуу боюнча окуулар башталды


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Бишкекте ВИЧ/СПИД, сарыктын С түрү жана кургак учук ооруларын алдын алууну үйрөткөн окуулар бүгүн башталды. Аны эл аралык Кызыл жарым ай коому уюштурган. Иш-чарага 20дан ашык мамлекеттин өкүлдөрү, Жогорку Кеңеш депутаттары, аталган илдеттерди алдын алуу менен алектенген эл аралык уюмдардан адистер катышууда. Уюштуруучулар семинар уюмдар ортосунда тажрыйба алмашуу үчүн негиз болуп берет деген ишенимде.

Семинарда ВИЧ/СПИД, кургак учук жана сарыктын С түрүнө каршы күрөш тууралуу мамлекет жана эл аралык уюмдар жүргүзүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилет.

Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда 7200дөн ашуун адам ВИЧ инфекциясын жуктурган, алардын ичинен 1600 киши каза тапкан. Улуттук фтизиатрия борборунун билдиришинче, былтыр өлкөдө 5653 адам алгачкы жолу кургак учук оорусун жуктуруп алган.

Дарыгерлер соңку кезде Кыргызстанда боордун жугуштуу оорулары, анын өтө кооптуу формалары көбөйө баштаганын, жугуштуу ооруга чалдыккандардын 30% вирустук гепатит түзүп жатканын билдирип келишет. Дүйнөлүк масштабда гепатит кургак учук, СПИД жана безгек сыяктуу кооптуу илдет деп аталган.

XS
SM
MD
LG