Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 12:59

Сарыктын оор түрлөрүнөн улам өтүшүп кеткен цирроз жана үй жандыктарынан жуккан мите курттардан улам боорунун бир бөлүгүн кестирген кыргызстандыктардын саны барган сайын көбөйүүдө. Боорду аяп, коркунучтуу дарттардын алдын алса болобу?

Таза жүргөндүн дени сак

Жыйырма жаштагы Гүлзат Кадырова өтүндөгү ташты алдыруу үчүн операция жасатмак. Ички органдарын ультраүндүк текшерүүдөн өткөргөндөн кийин боорунун эки пайызын альвеокок аттуу мите курт жеп жатканы белгилүү болгон:

- Оозума башкача даам келип, башым айлана бергенинен текшерилгени баргам. Ультраүндүк текшерүүдөн өтсөм эхинококк деген бүтүм чыгарышты. Алгач Бишкектеги Травматология жана ортопедия борборуна баргам. Ал жактан Бишкек шаардык биринчи ооруканага жиберишти. Дагы текшеришип, альвеококкоз деген диагноз коюшту. Мите боордун алтынчы сегментинде жайгашканын айтышты.

Гүлзатты дарылап жаткан врач, хирург Эсенбай Абдышев сөзгө аралашып, анын оорусу тууралуу кеңири маалымат берди:

- Гүлзат бизге 31-январда түшүп, операция жасадык. Альвеококкоз бар экенин эки ай мурда эле билген. Негизи төрт жылдан бери боору ооруп жүргөн. Алгач текшерилгенде боорундагы жараны эхинококкоз дешкен. Кийин чоң шишик деген диагноз менен бизге келип, операция жасадык. Альвеококкоз деген мите курт экени аныкталды.

Боорду иштен чыгарган мите курт Кыргызстанда эле эмес, Борбор Азияда жана Орусиянын түндүк аймактарында да жайылып жатканын адистер айтып келишет.

Көп камералуу альвеококкоз чырмооктой болуп тамырлап, боор эле эмес бардык органды талкалайт. Анын алдын алуунун алтын эрежеси - өздүк гигиенаны сактап, жашылча-жемишти таза жууп жеш керек.
Эрнис Алыбаев

Ал арада бизде бул дартка чалдыккандар бир эле Улуттук хирургия борборунда аптасына жети-сегиз кишиден катталууда. Мунун себебин профессор Эрнис Алыбаев мындайча түшүндүрдү:

- Жумасына жок эле дегенде төрт-бештен, кээде 10-15 кишиге чейин операция жасап жатабыз. Бизде эле эмес, Бишкектеги бардык клиникаларда да көп сандагы бейтаптар бар. Бул дартты азайтуу үчүн сөзсүз түрдө ветеринардык көзөмөл керек. Анткени мите курттар адамга мал-жандыктан жугат. Негизи бир камералуу делген эхинококкоз жана көп камералуу альвеококкоздун айырмасы да бар. Бир камералуу мите курт боордун же кан аркылуу башка бир органга кирип кетсе бир гана жерге жайгашып, ошону жей баштайт. Аны операция менен алып тазаласа болот. Ал эми көп камералуу альвеококкоз чырмооктой болуп тамырлап, боор эле эмес, бардык органды талкалайт. Анын алдын алуунун алтын эрежеси - өздүк гигиенаны сактап, жашылча-жемишти таза жууп жеш керек.

Тамырлап кеткен альвеококкоз жана эхинококозго чалдыккандардын көбү мал киндиктүү аймактардан келгендер. Карышкыр жана иттин заңында кездешкен бул мите мал-жандык аркылуу адамга жугат.

Кургап кеткен боор же цирроз

Боордун мите курттарынан тышкары азыр Кыргызстандагы калктын көбү гепатиттин ар кыл түрүнөн жабыркап, боордун кургап, циррозго айлануусуна чалдыккандар да арбын:

Гепатитке чалдыгып, андан циррозго өтүп кеткен учурлар катталууда. Вирустук гепатиттин түрлөрү жугузуп, анын айынан боору кургап калгандар бизге күн сайын кайрылат.
Эрнис Алыбаев

- Азыр гепатитке чалдыгып, андан циррозго өтүп кеткен учурлар катталууда. Вирустук гепатиттин түрлөрү жугузуп, анын айынан боору кургап калгандар бизге күн сайын кайрылат. Төрт-беши кан кусуп келип, аптасына эки-үч киши каза болууда. Мына ушул цирроз, андан кийин бооруна мите жармашкандар келүүдө. Алкоголдук цирроз да көбөйдү. 15-30 жылдай ичип, боору жарабай калгандар бар. Аларга операция да жардам бербейт. Боорду алмаштыруу гана керек. Мындай операция чет өлкөдө 30 миң доллар турат. Трансплантация талап кылынган учурлар бизде ушинтип көбөйүп жатат, - дейт профессор Алыбаев.

Кыргызстанда боордун циррозу, залалдуу шишигине (рак) чалдыгып, мите курт жугузуп алгандардын көбү боорун алмаштырат. Бул орган кесилгенден кийин кайра калыбына келген касиетке ээ. Бирок оору өтүшүп кетсе боорду алмаштырууга туура келет дешет адистер.

Гепатиттин С түрү Кыргызстанда соңку кезде көп каттала баштады. Түрдүү маалыматтарга караганда, аны жуктуруп алгандардын саны калктын 6-10% түзөт. Ал көбүнчө шаймандары тазаланбаган стоматологиялык клиникалар, тырмакты жасалгалоочу салондор аркылуу тарап жатканы тууралуу маалымат бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG