Линктер

ишемби, 15-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 16:09

Салахунов: Мигранттар - табармандар


Марсел Салахунов.

Москвада ишкер мекендештер "Табарман" тайпасына биригүүдө.

Москвада "Табарман» тайпасында мекендештер ишкердик багытында тажрыйба бөлүшүп, бирин бири колдоо аракетинде. Бизнес-платформанын негиздөөчүсү Марсел Салахунов орус жергесинде жеке иш ачып, ишкердикке умтулган мекендештер агымы тууралуу айтып берди.

"Азаттык": Москвада "Табарман" ишкердик тайпасы түзүлгөнүнө бир жылдай болуп калды. Кандай максатта баштап, кандай иштерди жүргүзүп жатасыңар?

Салахунов: Кыргызстан Евразиялык Экономикалык Биримдигине киргенден кийин Орусияда, анын ичинде Москвада жеке ишкердикке өткөн мекендештерибиз байкалып калды. Мен өзүм жалпы орусиялык "Кыргыз конгрессинин" мүчөсүмүн. Коомдук ишмер катары мекендештер менен байланышта болуп, жалпы тенденцияларды жакшы билебиз.

Ишкер мекендештер тейлөө, ашкана, курулуш, соода-сатык, сулуулук чөйрөсү жана башка тармактарда аракеттенип жүрүшөт. Башкы капиталы, орус жарандыгы жок болсо да, бир иштин көзүн таап, бизнес куруп жатышат. Бул сүйүндүрө турган нерсе. Биз баарыбыз акча таап, турмушубузду оңдоп, жогорку деңгээлге умтулган адамдарбыз. Мындайча айтканда, баарыбыз табарманбыз. Аталышы да ушундан. Анан биз бизнес-платформа түзүү менен бул ишкерлерди алып чыгып, аларды башкаларга көрсөтүп, алардын ойлору жана тажрыйбалары менен бөлүшүп, мекендештер арасында жаңы агым баштайлы деп чечтик. Биринчи бизнес-форумду Москвада май айында өткөрдүк.

"Азаттык": Мекендештердин жеке ишкердикке умтулуусун ЕАЭБ менен байланыштырып жатасыз. Эмне үчүн мындай ойдосуз?

Салахунов: Биринчиден, бул биримдик бизге ишеним берди. “Кыргыз жарандарына орусиялыктар менен тең укук берилди” деген сөздөр жердештерге дем берди. Экинчиден, кыргыз паспорту менен жеке ишкана же уюмду каттоодо жеңилдиктер пайда болду. Мындайча айтканда, эмгек жана соода базары ачылды. Калганы өзүбүздөн. Берилген мүмкүнчүлүктөрдүн эбин таап, колдонуп кетүү өзүбүздүн колубузда. Азыр жаман эмес, жолун таап, жыйынтыкка жетип жаткандар да бар.

"Табарман" форумунда.
"Табарман" форумунда.

"Азаттык": Ишкер мекендештер мекемелерин каттатып, тиешелүү салыктарды төлөп, ишин канчалык деңгээлде мыйзамдаштырып жатышат?

Салахунов: Ансыз болбойт. Бир күнү болбосо, бир күнү текшерүүгө кабылып, кесепети оор болот. Бирок баары дароо болуп кетпейт экен. Акырындык менен бардыгын расмий жолго салууга аракеттенип жатышат. Бизге кайрылгандардын суроолору ушул маселеге байланыштуу. Көбү ишти кантип кылышты жакшы билишет, бирок кагаздарга келгенде эле кыйынчылыктар чыгат.

"Азаттык": "Табарман" тайпасында ишкердик боюнча форумдар менен үйрөтүмдөрдөн (тренингдерден) башка дагы кандай иштерди алып барасыңар?

Салахунов: Азыр башкы багыттарды аныктап алдык. Биринчиси - билим берүү борборунда мекендештерге тез арада кесиптик билим алууга шарт түзүү. Жаштар мектепти бүткөндөн кийин Москвага жөнөшөт. Бул жакка келсе же кесиби жок, же иш тажрыйбасы жок. Анан эмне кылышат? Же көчө шыпырат, же жүк ташыйт, же кылмышка аралашып кетет. Биздин максат - тез арада Москванын эмгек рыногунда керек болгон кесипке ээ болууга шарт түзүү. Ошол эле электрик, наабайчы, сантехник жана башка. Жаштарыбыз поездден же учактан түшүп, бизде эки жумадан үч айга чейин окуп, атайын сертификат алып, кийин жумушка орношо алышат. Биз муну Москвадагы кесиптик окуу жайлары менен өнөктөштүктө жүргүзөбүз. Учурда сүйлөшүүлөр, макулдашуулар бар. Жакын арада өзүбүз да атайын лицензия алып, билим берүү борборубуз толук иштейт деген пландарыбыз бар.

Экинчи багыт – ишкерликти уюштуруу боюнча үйрөтүмдөр, форумдар жана курстар. Ишкана ачуу, документтештирүү, кардар тартуу, жарнама жана маркетинг - ушул сыяктуу маселелер каралат. Албетте, мындай шарттардын баарына акы төлөнөт. Айрым учурда мекендештерге жеңилдиктер да каралган. Бирок акысы Москвадагы көрсөткүчтөр боюнча бир кыйла төмөн. Биз коомдук уюм болгондуктан, ошол иш-чараларды өткөрүүгө кеткен чыгымдарды актоого гана шартталган.

"Табарман" форумунда.
"Табарман" форумунда.

"Азаттык": Бул ишкердикке умтулгандар кимдер?

Салахунов: Көбүнчө жаштар. Москванын эмгек рыногундо иштеп, бир иштин ийне-жибине чейин өздөштүргөн кадрлар даяр болуп калды. Мисалы, бир ресторанда официанттан баштап башкаруучулук деңгээлге чейин өскөн улан-кыздар бар. Алар ошол тармакты жакшы түшүнүп, өз алдынча иштеп кетүүгө даяр. Ошол учурда анан бизге кайрылып жатышат. Москвада мекендештердин баары ишкер болуп кетти деп айтууга болбойт. Азыр, албетте, туруктуу 3-4 пайызга да жете элекпиз. Бул да жаман көрсөткүч эмес. Бир-эки жылда он миңге жетсек, бул Орусияга да жакшы, Кыргызстан үчүн да жакшы.

"Азаттык": Орусияда мигранттардын орточо айлыгы 30-35 миң рублдин тегерегинде. Чыгымдары да көп. Мындай шартта жеке ишкердикке каражатты кайдан алып жатышат? Топтогон акчасын кандай себептерден бул жакта жумшап жатышат деп ойлойсуз?

Салахунов: Бизнестин башкы принциптеринин бири - минималдык каражат менен баштоо. Бардык ишти бир кардардан башташ керек. Ошондой иштер ийгиликтүү болот. Негизи бизнес-моделдер ар түрдүү. Мекендештер өнөктөр – чогуу иштегендер, туугандары же ишенимдүү тааныштары менен баштап жатышат. Экинчи принцип– иш баштайм деген тармакта өзүң иштешиң керек, ийне-жибине чейин түшүнүшүң керек. Өзүңдүн тажрыйбаң жок болсо, кесипкөй адис менен чогуу баштаса болот. Бизде бир жылдан бери эки миңдей адам үйрөтүмдөрдөн, курстардан, форумдардан өтүптүр. Бир кардар менен баштап, бир айда 200-300 миң таза киреше тапкандар болот. Бул да жаман эмес. Ыгын таап алса, кеңейтип кетет.

Эми Орусияда ишкердик кылгандарга токтолсок, үй-бүлөлөрү, балдары менен Орусияда жашагандар, албетте, бул жерде акчасын иштетип, өз жашоосун жакшыртууга аракет кылышат. Анан дагы биз "табарманчыларга" “адегенде өзүң жакшылап ирденип ал” деген кеңеш беребиз. Өзүң иш ачып, жашооңду жакшыртып, абалыңды өзгөртмөйүнчө эч жылыш болбойт. Акча таап, Кыргызстанга ата-энесине, бир туугандарына, тойлорго сала берсе, өздөрү да өнүкпөйт, топтогон акчасы жок бир жерде ишке барып-келип күн өтө берет, жакындарын да жыргатпайт. Андан көрө акчасын топтоп, өзүнчө иш ачып, аны өнүктүрүп, ирденип кетсе, кийин каалаганын кылчудай шарт түзүлөт.

"Табарман" тайпасын уюштуруучулар.
"Табарман" тайпасын уюштуруучулар.

"Азаттык": Мигранттарды бир жагынан кара жумушчу деп, экинчи жагынан инвестордук дарамети жөнүндө айтып келебиз. Буга кандай карайсыз?

Салахунов: Дарамети бар. Бирок, аны каржыны башкаруу, ишкердик тууралуу түшүнүк берип, дем берип, колдоо көрсөтүп, өстүрүш керек да. Мисалы, Орусияда "Синергия" деген бизнес-мектеп бар. Биз ошол деңгээлге чыгуу аракетиндебиз.

Дагы бир маанилүү нерсе, кыргыздар Орусияда иштеген же жашаган көп элдерге караганда ушунчалык эркин эл келет экенбиз. Бизде чектөө деген нерсе жок. Эркин ой жүгүртүп, эч нерседей коркпой, бардык шартка көнүшүп кетет экенбиз. Дымагыбыз да бийик.

"Азаттык": Өзүңүз жөнүндө да айта кетсеңиз?

Салахунов: Мен Орусияга 12 жыл мурун келгем. Он жылдан бери ишкердик тармагындамын. Айрым долбоорлорум ийгиликтүү жүрүп жатат, айрымдары токтоп калды. "Табарман" - мен үчүн коомдук долбоор. Өзөгүндө төрт-беш адам турабыз. Мен спикерлерди тандап, форумдарды, үйрөтүмдөрдү уюштурам. Келерки форум Москвада 17-ноябрда өтөт. Анда сулуулук тармагында иштеген мекендештер тажрыйба бөлүшөт. Калган багыттарда өнөктөр менен бирге иш алып барабыз. Балким, мен алгач Орусияга келгенимде, ушул нерсеге муктаждыкты жеке өзүм сезгендиктенби, айтор, мындай платформанын жыйынтыктары дагы алдыда көрүнөт деп ойлойм.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде окуйт. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин бүтүргөн. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG