Линктер

дүйшөмбү, 24-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 13:24

Орусияга оогон кыргызстандыктар


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандык мигранттардын арасында орус жарандыгын алууга умтулгандар көбөйгөнү байкалууда.

Орусиянын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматы боюнча 2018-жылдын алты айында 4 392 кыргызстандык орус жарандыгын алган. Мындан тышкары 16 893 кыргызстандык Орусияда убактылуу жашоого уруксат алса, дагы 16 164 мекендеш туруктуу жашоо укугуна ээ болгон. Муну менен кайрадан орус жарандыгын алууга ашыккан мигранттар көбөйгөнү байкалат.

Былтыр Кыргызстандын Мамлекеттик миграция кызматы бир жылда 8 768 кыргызстандык орус жарандыгына өткөнүн кабарлаган. Бирок башында Евразия Экономикалык Биримдигинде орус паспортун алууга кызыккан мигранттар азаяры күтүлгөн.

"Балдардын келечеги үчүн дейбиз"

Москвада кафеде иштеген 28 жаштагы Жаңылай - азыркы кезде кыргыз жарандыгынан баш тартып, эки-үч айда орус паспортун алууну күтүп тургандардын бири. Орусияда 8 жыл кыргыз паспорту менен иштеп келген мигрант келин үй-бүлөсүнүн, балдарынын келечегин ойлоп, акыры ушундай чечимге келгенин түшүндүрдү:

- Күйөөм тээ бир топтон бери орус жараны. Үч балабыз бар. Бул жакта окутуп жатабыз. Кыргызстанга кайтсак, ал жактан иштеп, балдарды багып кетээрибизге көзүбүз жетпейт. Анан балдарыбызга да жарандык алып, өзүм да тапшырдым. Документ жагынан жеңил болушу үчүн, жакшы жумуш үчүн, анан үй алалы дегенбиз. Паспорт алсам эле иш шарты жакшыраак, балдарым менен көбүрөөк убакытты бирге өткөргөнгө ылайыктуу жумушка кирем деп турам.

Азыркы убакта орус жарандыгын алыш үчүн чет өлкөлүк жаран алгач убактылуу жашоого уруксат кагазын, андан кийин туруктуу жашоого укук алып, Орусияда беш жылдан кем эмес жашашы керек. Жарандык үчүн орус тилинен экзамен тапшырып, сертификат алышы зарыл. Ошондой эле башка өлкөнүн жарандыгынан баш тартканын жана Орусиядагы киреше булагын тастыктоо талап кылынат. Анткен менен Жаңылайды мындай тоскоолдуктар токтоткон эмес. Ал эки жарым жылда акыры жарандыкка документ тапшырган.

Орусияда иштеген кыргызстандык үй-бүлөлөрдүн арасында аялы орус жарандыгын алып, ал эми күйөөсү кыргыз жарандыгын сактап калгандар көп кездешет. Миграцияда балдары менен жүргөндөр көбүнчө уул-кыздарын бала бакчага, мектепке өткөрүүдөгү, батирди ижарага алуудагы жеңилдиктер менен өкмөттөн алчу социалдык жардамдарга кызыгышат.

Социалдык жардамга кызыккандар көп

Элнура Акматалиева.
Элнура Акматалиева.

Санкт-Петербургда жашаган Элнура Акматалиева - жогорку билимдүү, чет өлкөлүк компанияда иштеген адис. Ал кыргыз паспорту менен иштегенде кыйынчылык сезбесе деле турмуш-тиричиликке карап жарандыгын алмаштырганын айтты.

- Мен өзүмдү эч качан мигрант деп сезген эмесмин. Убагында котормочу болуп иштеп, жарандык боюнча кыйынчылык деле болгон эмес. Бул жакта адам өз ишин жакшы билсе, миграциялык мыйзамдарды жакшы түшүнүп, так жүрсө эле, кандай болбосун жумуш берүүчү баалайт, акысын да ишке жараша төлөп берет. Бирок балдарыбыз менен бул жакта болгондуктан, жолдошум кыргыз жараны, анан менин орус жарандыгын алышым бизге ыңгайлуу болду. Мен үчүнчү баламды төрөгөндө эң көп пайдасын көрдүк. Энелик капитал алдым, бала бакча менен мектепке оңой киргиздик, балдарга кошумча жөлөкпул алдык. Орусияда пенсия, жөлөкпул сыяктуу социалдык субсидиялар жакшы болуп жатпайбы.

Үй-бүлөдө күйөөсү же аялы, ата-энесинин бири орус жараны болсо, Орусияда төрөлгөн балдарга орус жарандыгын берүү жеңилдетилген. Орусияда жогорку билим алып, үч жылдан ашык эмгектенгендер менен жогорку квалификациялуу адистерге да жарандык берилет. Ал эми орус тилин алып жүрүүчүлөргө жана орус улутундагыларга артыкчылык көрсөтүлөт.

Кыргызстандыктардын орус жарандыгын массалык түрдө алышы 2003-2009-жылдарга туш келет. Ал кезде орус өкмөтү кыргызстандыктарга орус жарандыгын атайын жеңилдетилген жол менен берген.

Ал кезде көпчүлүктүн агымы менен жарандык алган Давран Саргулов анда кыргыз паспортунан баш тартканына өкүнбөйт.

Давран Саргулов.
Давран Саргулов.

- Мен 2011-жылы орус паспортун алдым. Анда Кыргызстанда төңкөрүш болуп, абал оор эле. Мага эртеңки тынч жана бакубат жашоого кепилдик керек эле. Өзүм биринчи топтогу майыпмын. Жарандыкты Омскто алганым үчүн ал жактагы орточо айлык эсебинде азыр 17 миң рубль пенсия алам, жылына бир жолу бекер дарыланам, бир жолу эс алууга жөнөтөт, Орусиянын ичинде поезд менен учакка эки билет берилет. Кыргызстанда 2270 сом алчумун, жылына бир жолу майыптардын күнүндө 1 килограмдан күрүч, май сыяктуу белек алчумун. Колясканы сегиз жолу кайрылуу жазып, анан тогузунчусунда алгам. Мен азыр орус жараны катары Орусияда 80 пайыз өзүмдүн укугумду талап кыла алам. Бул орустарда «славян оорусу» бар да. Ага карабай талашып, тартышып, уруша да кетем. Орус паспорту менен деле жемин жедирип жүргөндөр бар. Адамдын өзүнөн көп нерсе көз каранды.

"Мурда мажбур болчубуз, азыр өз тандообуз"

Кыргызстандыктар 2000-жылдардын башында Орусияда иштөө бир кыйла катаал болгондуктан жарандык алуууга мажбур болушканын айтышат. Анда орус жараны болуп калган Жаныбек Машаев андан бери ишинде кызматтан көтөрүлгөн.

- Анда жумушка уруксат кагазы жок бир жерге ишке алчу эмес. Кыргыз паспорту менен ишке кирүү да азап эле. Абал оор болчу. Биз анда орус паспортун алууга мажбур болгонбуз. Мен паспорт алгыча бир убакта беш жерде, оор жумуштарда иштечүмүн, айлык аз эле. 2008-жылы жарандык алганымда эле дароо «Алтын балык» деген фирмага мерчендайзер болуп ишке кирдим, айлыгым дароо эки эсе көтөрүлдү. Азыр "Pepsi.co" компаниясында бригадирмин. Жумасына беш күн, сегиз сааттан Эмгек кодексинин негизинде иштейбиз. Ашыкча мени мажбурлап, ашыкча бир нерсе талап кылуу деген болбойт. Элде «булар патриот эмес, эл-жерин саткан» деген кеп болот. Мен толук каршымын. Ал убакта биз мажбур болгонбуз. Андан бери тапканыбызды Кыргызстанга эле жөнөтүп жатабыз. Биз бир гана баш элде, жерде кор болбойлу деп чечкенбиз.

Анткен менен Жаныбек орус жергесиндеги жашоо-тиричилигинде жергиликтүүлөргө камыр-жумур аралашып кете албаганын жашырбайт. "Паспорт өзгөргөн менен өңү-түсүм өзгөргөн жок" дейт мекендеш.

- Эми көчөдө жүргөндө, албетте, паспортуңду эч ким көрүп койбойт. Кебетебизден эле көрүнүп турат да. Полиция токтоткон күндөр болот. Орустардын салкын мамилесин байкайсың. Орустардын жакшысы да, жаманы да болот. "Эмне келдиңер, келбей койсоңор болмок" деген сөздөрдү угабыз. Бирок жеке мен паспортту бир гана иш үчүн алгам. Ушунча жүрүп ушул жакта калайын деген ой болгон эмес. Орус паспорту менен болсо да акыры Кыргызстанга кетем.

Эми Жаныбек Орусияда иштеп жүрүп Кыргызстанда салган үйүнө кайтканда чет өлкөлүк катары миграциялык каттоого турууга мажбур болгондордун бири.

- Мындай жаңы талап мени капа кылды. Кыргызстандагы үйүмө барганда өзүм каттоого туруп жатам. Ал жакта менин апам, аялым, балдарым жана туугандарым бар. Айла жок, мыйзамга баш ийиш керек.

Кыргыз өкмөтүнө ишеним кетти

"Евразия Экономикалык Биримдигинин алкагында Орусияда кыргызстандык мигранттардын абалы жеңилдетилди" деген убакта мигранттардын улам кийинки толкунунун отурукташууга бел байлаганы тууралуу Жаныбек Машаев мындайча баяндайт:

- "Евразия Экономикалык Биримдигинде кыргыздардын орус жарандары менен укуктары тең болот" деген. Эч кандай барабар болгон жок, мигранттын жашоосу жеңилдеп да кеткен жок. Ишке сааты көп, айлыгы аз, оор жумуштарга алып жатат. Жакшыраак жерге дагы эле албай, алса да кайра эле куугунтуктап чыгарып жатышат. Ушул биримдикке кирүүнү чечкен кыргыз өкмөтү, депутаттар отуруп алып, бул чечимди карап чыгышы керек. Кыргыз жарандарынын орус паспортун алып жатканы - ошол эле бийликке ишенимдин кеткени. Кайра-кайра бийлик алмашат, революция деле болду, анан ошол эле коррупция, ошол эле беттер, ошол эле жүздөр, эч нерсе өзгөрбөйт. Кыргыз өкмөтүнө ишеним жаралганда миграция да азаймак, инвестицияны да мигранттар Кыргызстанга салат эле.

Орусияда бир топтон бери жашап калган Чынара Юсупова акыркы мигранттардын агымы, маанайы өзгөрүп калганын белгилейт. Буга кыргызстандыктарга бир жагынан миграциялык жеңилдик берилсе, анын артынан улам жаңы тоскоолдук коюлуп жатканы түрткү болууда.

Чынара Юсупова.
Чынара Юсупова.

- 5-10 жыл мурун келгендер "иштеп эле кайтабыз" деп келишчү. Эми келгендер "ал жакта жашаганга, иштегенге, өскөнгө да шарт жок" дешет. Ушундай бир социалдык мүшкүл бар бизде. Мурун "батир алайын, жер алайын" дегендер деле жок болчу. Азыр болсо массалык түрдө алып жатышат. Өкмөт каралашып, мигранттардын жүгүн жеңилдеткендей эле болот, бирок, акыбал өзгөрбөйт. Мурункудай эле текшерүү, мурункудай эле полиция мигранттын тапканын сыйрып калат, баары мурункудай эле. Бир жерден болбосо, бир жерден сөзсүз бир нерсеси чыга калат.

Давран Саргулов мындай маанай жаштарда да басымдуулук кылаарын баса белгилейт:

- Азыркы миграция "жашарып" кетти. Окууну эми бүтүп эле келгендер көбөйдү. Билим деңгээли да түшүп кетти. Мектепте 11 жыл орус тилин окуп, анан бир сүйлөм айта албагандар болуп жатат. Анан жаштар ата-энесинин жашоосун көрүп, өздөрү каалаган унаа, үй жана толук жарамдуу жашоого Кыргызстандан мүмкүнчүлүк көрбөй жатышпайбы. Кыялдангандарын издеп келип жатышат.

Расмий маалыматтар боюнча 1991-жылдан тартып 570 миңден ашуун кыргызстандык орус жарандыгына өткөн. Алардын арасында көк паспортту да сактап калгандар бар. Бирок Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда кош жарандык тууралуу келишим жок. Буга кошумча 2014-жылы күчүнө кирген мыйзам боюнча Орусияда кош жарандык менен жүргөн жарандар анысын ачыкка чыгарбаса, кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Орусияда жарандык алган мекендештердин башын бириктирген «Кыргыз конгресси» коомдук уюмунун негиздөөчүсү Кубанычбек Кожоев кызыл паспортко ээ болгондордун арасында мамлекеттик кызматтарда иштөөгө жана саясатка кызыккандар бар экенин айтты:

Кубанычбек Кожоев.
Кубанычбек Кожоев.

- Орус жарандыгын алгандар Конституцияда көрсөтүлгөн укуктарын толук колдонуп жатышат. Жарандык алгандардын көбөйгөнүн байкап, көптөгөн саясий партиялар кызматташууга чакырган учурлар болгон, болуп да жатат. Ишкерлердин, ошол эле бизнес жаатында жогорку кызматтарда иштегендердин дээрлик баары орус паспорту менен. Андан тышкары жергиликтүү бийликте мамлекеттик кызматтарга умтулгандар болуп жатат. Биздин коомдун башкы максаты - ушундай күчтүү, тың, келечеги бар балдар-кыздарды көтөрүп, алдыга түртүү. Бул тууралуу кыргызстандык аткаминерлер келгенде да айтып жатабыз. Биз орус жарандыгын алсак да баары бир Кыргызстан үчүн күйөбүз. Орусияда биротоло деле камыр-жумур аралашып, сиңишип кеткен жерибиз жок. Бул оңой нерсе эмес экен. Албетте, айылдык балдарыбыз орус кыздарына үйлөнүп жатат, кыздарыбыз орустарга чыгып жатат, бирге иштеп, чогуу туруп, аралашып калдык. Бирок, дале кыргыз элинин тилин, маданиятын, өзүбүздүн уюткубузду сактап, коргоп, кийинки муундарга өткөрүп берели дейбиз.

Анткен менен Кожоев орус паспорту менен ишкердик кылган мекендештердин мүмкүнчүлүктөрү Орусиянын ички базарына байланып калып жатканын белгилейт​:

- "Орус жарандыгын алгандар Кыргызстанга акча которбой калышты" деген болбойт. Дагы эле туугандарына, балдарына каралашкандар бар. Бир гана ишкердик боюнча көбүрөөк Орусиянын ички базарында иштеп жатышат. Буга ошол эле кыргыз-орус соода алакасынын жакшы өнүкпөй жатканы себеп. Кыргызстан Евразия Экономикалык Биримдигине кирсе деле чакан айыл чарба жана өндүрүш менен чектелип, дүң өндүрүм экспорттоого жетишпей жатабыз. Ашпоздордун сапаты туура келбей, лабораториялардын эмдигиче толук ишке кирбей турганы да таасирин тийгизип жатат. Анан ресурстарын Кыргызстанга иштетпей, Орусияда иштетүүнү туура көрүп жатышат. Орусиянын базарында деле атаандаштык күчтүү. Ошол эле кыргызстандыктардын товарлары, кызматтары сапаты жагынан начаарыраак болуп, көбү кайра эле кыргыздарга багытталып жатат. Акырындык менен муну да өндүрүп орус базарында биз да өзүбүздүн туруктуу ордубузду ээлешибиз керек.

"Орусияга ишке келген мигранттардын улам жарандык алып, отурукташууга бел байлап, тапканын орус жергесинде коротуп калганы Кыргызстандын келечеги үчүн кандай болот?" деген суроону Чынара Юсупова өлкө башчыларына, аткаминерлер менен адистерге узаталы деп сөзүн жыйынтыктайт:

- Орусияга балдарын алып келип, жарандык алып, бул жакта кыймылсыз мүлк алып, биротоло отурукташууга бел байлагандар Кыргызстанга дале акча которуп, экономикасын көтөрүп жатышат дегенге ишенбейм. Бул жакта да жашоо керек, баары эле болгон жеңилдиктер менен мүмкүнчүлүктү колдонуп калалы деп тырмалаңдап жүрүшөт. Акыры барып мындай көрүнүштүн Кыргызстанга кандай таасири тиерин билбейм, жакшы же жаман деп да айта албайм.

1-июнга карата Орусияда иштеген 638 735 кыргыз мигранты катталган. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 15 836 адамга көп. Мигранттар былтыр Кыргызстанга 2,5 миллиард доллар жөнөтүшкөн. Акча которуулар көбөйгөнү мигранттардын саны өскөнүнө да байланыштуу.

Ал эми Орусиянын калкы жарандык алган кыргызстандыктардын эсебинен быйыл алты айда 5 миңге чейин көбөйгөн. Орусияда эң көп жарандык алгандардын биринчи беш сабында украиналыктар, казакстандыктар, тажикстандыктар, армениялыктар жана өзбекстандыктар турат.

Адистер Орусияда калктын азайышы мигранттардын эсебинен жарым-жартылай толукталып жатканын баса белгилешет. Мисалы, Росстат быйыл январь-май айында эле Орусиянын калкы 77,8 миң адамга азайганын кабарлайт. Өлкөдө жаңы төрөлгөндөр азайып, каза болгондор көбөйгөн. БУУнун изилдөөлөрү боюнча мындай тенденция Орусияда келерки он жыл бою сакталат. 2050-жылы Орусиянын калкы 132 миллионго чейин азайышы болжолдонот.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде окуйт. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин бүтүргөн. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG