Линктер

жекшемби, 20-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 07:21

Миграция: өчкөн өмүр, талкаланган тагдыр


Орусиядагы Федералдык миграция кызматында ишке уруксат алуу үчүн кезекке турган мигранттар. Москва, 25-октябрь, 2013-жыл.

Укук коргоочулар Казакстанда Орусияга кире албай, ара жолдо калган мигранттар көп экенин белгилешет. Чымкент шаарында эле коңшу Тажикстан, Өзбекстан, Кыргызстан жана Кытайдан барган миңдеген мигранттар эмгектенишет.

Чымкенттеги укуктары сакталбаган мигранттар

Өзбекстандын жараны, 55 жаштагы Рахмат Тагаймуратов Чымкенттеги ишканалардын бирине темир ширетүүчү болуп жумушка орношкон. Бирок ишке киргенден үч күн өтпөй ооруканага түшүп калган. Маалыматтарга караганда, ишканада газ баллону жарылып, жумушчунун денесинин 30 пайызы күйүп кеткен. Облустук оорукананын реанимациясында жаткан Рахматтын абалын дарыгерлер орточо деп баалап жатышат. Ал эки күндөн кийин гана өзүнө келген.

“Азаттыктын” кабарчылары барганда бети, моюну, эки колу, эки буту күйүп калган Рахмат Тагаймуратов оор дем алып, көзүн араң ачууга жараган. Сүйлөөгө да алы келген эмес.

Түркистан облустук ооруканасынын кире бериши. Чымкент. 6-декабрь, 2018-жыл.
Түркистан облустук ооруканасынын кире бериши. Чымкент. 6-декабрь, 2018-жыл.

Чымкентте Рахмат сыяктуу жумуш маалында жабыркаган эмгек мигранттары четтен чыгат. Эки апта мурда эле Өзбекстандын дагы бир жараны, 35 жаштагы Шафкат Салаев ооруканага жатып чыгып, мекенине кайтты. Ал Чымкенттеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринин курулушунда иштеп жатканда газга ууланган. Шафкаттын жанындагы эки мекендеши ошол жерде каза табышкан. Бул тууралуу “Азаттыкка” Чымкент шаарынын Өзгөчө кырдаалдар боюнча башкармалыгынан маалымдашты.

Жергиликтүү Эмгек жана миграция инспекциясынын бөлүм башчысы Галымжан Шариповдун айтымында, жакында эле полицияга дагы бир өзбек мигрантынын өлүмү тууралуу кабар түшкөн:

- Мигранттардын көбү Өзбекстандан келишет, бирок алардын бирөө да биздин инспекциядан каттоодон өтүшпөйт. Алар иш берүүчүлөр менен эмгек келишимин түзүшпөйт. Биз иш маалындагы кырсыктарга байланыштуу маселелерди тескейбиз. Бирок жумуш берүүчүлөр алардын ишканасында болгон кырсыктарды, жабыркагандарды жаап-жашырганга аракет кылышат. Мунун жыйынтыгында мигранттардын укуктары корголбой калууда.

Чымкенттин Эмгек жана миграция инспекциясынын бөлүм башчысы Галымжан Шарипов. 7-декабрь, 2018-жыл.
Чымкенттин Эмгек жана миграция инспекциясынын бөлүм башчысы Галымжан Шарипов. 7-декабрь, 2018-жыл.

Калкы бир миллионго чукул Чымкентте мигранттардын маселеси менен эки мекеме алектенет - Эмгек жана миграция боюнча инспекция жана полиция. Аталган инспекция мигранттар арасында иш квоталарын бөлүштүрөт. Бул жараян Эмгек жана калкты социалдык коргоо министрлигинин эрежесине ылайык ишке ашырылат. Полицияда жеке иш берүүчүлөр менен эмгек келишимин түзгөн гана чет элдиктерди каттоого алышат. Галымжан Шариповдун айтымында, мыйзамсыз мигранттарга караганда, квота аркылуу келген чет элдиктердин шарттары кыйла дурус. Анткени чет элдиктердин коопсуздугун жана маянасын убагында алышын мыйзам көзөмөлдөйт.

- 2018-жылы Чымкентте чет элдик жумушчуларга 3600 квота бөлүнгөн, алардын 3300ү кесипкөй адистерге, 300 квота жумушчуларга багытталган. Алар негизинен курулуш, кен казуу жана цемент өндүрүү тармактарында эмгектенишет,-дейт шаардык Эмгек жана миграция инспекциясынын бөлүм башчысы Шарипов.

“Сана Сезим” коомдук бирикмесинин өкүлү Шахноза Хасанованын айтымында, Өзбекстандын жарандары иштегени баратканын жашырып коюп, казак мыйзамдарын чек арадан өтүп жатканда эле бузушат. “Ал эми иш берүүчүлөр бул кырдаалдан пайдаланып, мигранттарды “полиция кармайт” деп коркутуп алышат”,-дейт Хасанова.

Чымкентте иш маалында кырсыкка кабылып, укуктары бузулган мигранттардын саны тууралуу так статистика жок. Мигранттардын укуктарынын сакталышы боюнча маселе Чымкентте гана эмес, жалпы Казакстандын аймагында да бар. Бириккен Улуттар Уюмунун 2015-жылга карата маалыматына ылайык, өлкө аймагында 3,5 миллиондой мигрант бар.

“Орусияга кире албаган мигранттар Казакстанда калып калышат”

Казакстандагы мыйзамсыз миграция жана ага байланыштуу маселелер боюнча оор кырдаалга туш болгон мигранттарга жардам көрсөтүү менен алектенген Актөбө шаарындагы “Дарис” уюмунун аткаруучу директору Гүлнара Идигеевага суроолорду узаттык.

“Азаттык”: Казакстандагы экономикалык абал соңку жылдары өзгөрдү. Бул мигранттардын санына таасирин тийгиздиби?

Гүлнура Идигеева: Казакстан мурда негизинен транзиттик өлкө катары саналчу. Бирок соңку жылдары мигранттарды кабыл алуучу мамлекетке айланып бараткандай. Эгер тандоо болсо, албетте, мигранттар Орусияга артыкчылык беришет. Бирок көбү бизде калышат, анткени Орусия менен чек арада "кара тизме" деген көйгөй бар. Андан тышкары мигранттардын агымы алардын мекениндеги экономикалык кырдаалга байланыштуу. Орусияда “кара тизмеге” кирип калгандар менен сүйлөшө келсең, алардын көбү “мен же Түштүк Кореяга кетем же Казакстанда калам” деп айтышат. Алар өз өлкөсүнө кайтуу вариантын караштырышпайт.

Орусияда жүрүүгө уруксат берген үч айлык мөөнөт аяктаган соң, мигранттардын көбү адатта Казакстанга кирип-чыгышат эмеспи. Ошолордун арасынан эле Орусиянын аймагында кандайдыр бир мыйзам бузуулары үчүн “кара тизмеге” кирип, чек арадан өткөрүлбөй Казакстандын аймагында бир сыйра кийими менен калып калгандар бар. Алардын көбү Казакстанда мыйзамсыз калышат.

Кээде чек арадан эптеп ыгын таап кирип кетүүнүн жолун издегендер да бар. Мисалы, Актөбө облусунда 2-3 жыл мурда 22 жаштагы жигит бороон маалында чек арадагы темир тордон өтөм деп, чырмалып, ошол жерде калып калган. Сөөгү таңга жуук табылган. Дагы бир жолу Кыргызстандын 11 жараны кышында чек араны кесүүгө аракет кылышкан. Бирок алар да аязда тоңуп, каза болуп калышкан. Көптөр Казакстанда акчасыз калышат. Анткени алар Орусияга кетебиз деп карыз, насыя алышат. Кайра мекенине кайткысы келбейт, ошондуктан Казакстан аймагында мыйзамсыз, эптеп ишке орношуп калып калышат.

Актөбөдөгү "Дарис" маалымат-кеңеш берүүчү борбордун аткаруучу директору Гүлнура Идигеева.
Актөбөдөгү "Дарис" маалымат-кеңеш берүүчү борбордун аткаруучу директору Гүлнура Идигеева.

“Азаттык”: Силердин уюм мигранттарга кандай жардам көрсөтөт?

Гүлнура Идигеева: Бизге кайрылышканда, мекенине кайтууга жардам беребиз. Кээ бирөөлөрү бизге ишенишпейт. Аларды мейманканага жайгаштырып, тамак-аш алып берсек да, биз алардан кайра бир нерсе талап кылчудай кабыл алышат. Биз бир ай ичинде эле Өзбекстанга, Тажикстанга, Кыргызстанга 17 адамды кайтардык. Алардын арасында аялдар да бар. Мурда эркектер көп болсо, азыр аял-эркектин саны бирдей болуп калды. Адистердин айтымында, аялдар негизинен Кыргызстандан көп кетишет.

“Азаттык”: Эмне себептен кулчулукка кабылган адамдардын окуялары боюнча кылмыш иштери сотко жетпей, тараптардын элдешүүсү менен аяктап калат?

Гүлнура Идигеева: Көп учурда кулчулуктун курмандыктары иш берүүчү сунуштаган акчалай кенемтеге макул болушат. Кээде алар өздөрү деле кулчулукка кабылганын билбей калышат. Ошондуктан иш берүүчү менен жабыркаган адам сотто көзмө-көз жолукканда, кулчулукка кабылган кишиде коркуу сезими пайда болуп, айткандарынан кайтып, арта кетенчиктей баштайт. Бир жолку ошондой жолугушууда айыпталуучу “Мен сага канча акча убада кылдым эле? 100 миңби, мына ал да, арызыңды кайтар”,-деп койду эле, жабыркаган тарап 3-4 жыл кулчулукта жүргөнүн унутуп калып, акчага кызыгып, арызын кайтарып алды. Биз мындай учурда эч нерсе кыла албайбыз.

2017-жылы полиция 1 386 000 чет элдикти каттоодон өткөргөн. Алардын 125 миңи гана жумушка келгенин расмий айтышкан. Бейрасмий маалыматтарга караганда Казакстанда 300 миңден бир миллионго чейин мигрант бар. Убактылуу кармоочу жайлардан да мигранттарды такай көрүүгө болот. Ошол себептен Казакстан мыйзамдарына “оор кырдаалга туш болгон мигрант” деген түшүнүк киргизилиши керек деп эсептейм. Ал түшүнүккө адам аткезчилигинин курмандыктары, “кара тизмеге” түшкөндөр, башка мамлекетке өтүп кете албай орто жолдо калган мигранттар, өспүрүмдөр, аялдар киргизилиши шарт. Мыйзамдагы мындай толуктоолор бир топ кадамдардын алдыга жылышына жана өзгөрүүлөргө алып келмек. Эгерде мигрант анын укугу сакталган мамлекетке баратканын билсе, ал эч жашырынбай эле ачык эмгектенгени барат.

Макала "Азаттыктын" казак кызматынын кабарчысы Дилара Исанын материалынын негизинде даярдалды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (6)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG