Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:01

"Миграциялык кечиримдин" чоо-жайы


ТИМде өткөн жыйын.
ТИМде өткөн жыйын.

Орусияга кирүүгө тыюу салынган «кара тизмедеги» айрым кыргызстандыктарга кайра бул өлкөгө кирүүгө жол ачылды. Ал «миграциялык кечирим» менен ишке ашат.

Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Алмаз Имангазиев «миграциялык кечирим» эки багытта колдонуларын билдирди. Ага ылайык, Орусиянын «кара тизмесине» кирген 70 миң кыргызстандыктын 20 миңи Орусияга кайра кирүүгө мүмкүнчүлүк алат.

Бирок Имангазиев «миграциялык ырайым» Орусиядан соттун чечими менен депортацияланган жарандарга колдонулбай тургандыгын эскертти:

Алмаз Имангазиев.
Алмаз Имангазиев.

- Соттун чечими менен «кара тизмеге» кирген кыргыз жарандары миграциялык мунапысты колдоно албайт. Ошондой эле кылмыш кылып издөөдө жүргөн жарандардын да мүмкүнчүлүгү жок. Дагы бир белгилей кетчү нерсе -Интернеттен, ачык булактардан «Орусияга кирүү жана чыгуу жөнүндө» федералдык мыйзамынын 28-беренесинин 4-8-бөлүмдөрүн карасаңар болот. Ал жерде Орусияга кантип кирип-чыгуунун эрежелери жазылган.

Ош шаарынын тургуну Мелис Маматжанов мындан үч жыл мурда Москвада кармалып, соттун чечими менен Кыргызстанга жөнөтүлгөн. Ал Орусияда олуттуу деле мыйзам бузбаганын, майда-барат иштер боюнча эле кармалып, сот аркылуу депортация болгонун айтууда. Маматжанов өзүнө окшоп жабыркаган жарандар көп экенин белгилеп, алардын жагдайы эске алынбай калганына нааразы болду.

Мелис Маматжанов.
Мелис Маматжанов.

- 70 миң киши депортацияланса, алардын 70 пайызы соттун чечими менен чыгарылган, - дейт ал.​ - Биз ушул санга кирип калабыз. Мен Орусияда кылмыш кылган жокмун. Болгону текшерүү жүрүп жаткан учурга туш келип калып, өзүбүздөн кеткен мүчүлүштүктүн айынан депортацияланып кеттим. Олуттуу мыйзам бузган жокмун да. Эгер бизге чындап эле жеңилдик бериле турган болсо, ал калыс каралышы керек.

Мындан тышкары, Орусияда "кара тизмеге" кирип калышы ыктымал болгон, миграциялык эрежелерди сактабай жүргөн жарандар өлкөдөн чыгып, кайра жаңы миграциялык карта менен кирүү укугуна ээ болушту. Расмий маалыматтарга караганда алардын саны 200 миңдин тегерегинде.

- Эгер биздин жарандар акыркы үч жыл ичинде эки же үч жолу административдик мыйзам бузса, 30 күндүк каттоодон өтпөй жүрсө Орусиядан эч кандай айып төлөбөй чыгып, кайра кире алат. Ошонун негизинде ал жарандардын «миграциялык тарыхы» таза болуп калат, - деди Алмаз Имангазиев.

«Бул жобо айрым бир кооптуу жагдайлар менен ишке ашышы мүмкүн» деп шектенгендер да бар. Анткени 2015-жылы мигранттар өлкөгө жапырт келип, документтерин оңдоп-түзөгөнү менен Орусиянын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү аларды ар кандай шылтоолор менен киргизбей койгон учурлары болгон.

Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Болотбек Ибраимжанов бул ирет мигранттарга түшүндүрүү иштери жакшы жүрдү деп эсептейт.

Болотбек Ибраимжанов.
Болотбек Ибраимжанов.

- Ал убакта Орусияда Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлчүлүгү жок болгон, - дейт ал. - Азыр болсо Орусия тарап менен сүйлөшүп, байланышта болуп турабыз. Буга чейинки окуяда алар бизге маалыматты да толук берген эмес. Көрсө ал иштер качан башталып, качан бүтөрү да айтылбаптыр. Азыр болсо бул мүмкүнчүлүктү колдонуп калууга толук шарттар бар.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жарандарга «миграциялык кечиримди» 16-октябрдан 10-декабрга чейин колдонуп калууга чакырат. Ал үчүн Орусияда жүргөн, бул кечиримге жагдайы туура келген кыргызстандыктар мекенине келип, андан соң миграция үчүн керектүү документтерин иретке келтириши зарыл.

Министрликтин маалыматына караганда, "кара тизме" боюнча маселе Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин соңку жолугушууларында сүйлөшүлүп, ушундай чечим кабыл алынган.

Жобого ылайык, «кара тизмедеги» жарандар 2018-жылдын ноябрь айынан тартып өздөрүн Орусиянын Ички иштер министрлигинин сайтындагы маалымат базасынан текшертсе болот.

«Замандаш» партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов Орусиядагы мекендештерге маалымат жеткирүүнүн жолдорун сунуш кылды:

Жеңиш Молдокматов.
Жеңиш Молдокматов.

- Төрт-беш күн тынбай жакшы иштеп койсо маалыматты кенен жеткирсе болот. Анткени Орусияда кыргыз диаспоралары бири-бири менен тыгыз байланышта. Жеңилдик кимдерге, кандай жолдор менен берилерин Федералдык миграция кызматынан тактап, так маалымат жеткириш керек.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматында Орусияда учурда 600 миңден ашык мигрант эмгектенип жүрөт. Бирок расмий эмес маалыматтарда алардын саны миллионго чукул экени айтылып келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG