Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:16

Орусияда миграциялык көзөмөл күчөтүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда Футбол чемпионаты алдында миграциялык көзөмөл күчөтүлдү. Май-июлда чемпионат өтчү шаарларга келген чет өлкөлүктөр бир күндө миграциялык каттоого турушу керек.

14-июндан 15-июлга чейин футбол чемпионаты өтө турган Орусиянын 11 шаарында коопсуздук чаралары күчөтүлүүдө. Мигранттар азыртадан батирлер көзөмөлгө алынып, көчөдө жана коомдук транспортто миграциялык документтерди текшерүүлөр күч алганын кабарлашууда.

Москвада иштеген Акылай өткөн жумада чогуу жашаган батирчилер менен полициянын рейдине кабылган. Мигрант келин жашаган жерине катталбагандыктан айып төлөөгө мажбур болгон.

- Эртең менен алтыларда батирге кирип келишти. Эки бөлмөлүү батирде мен үй-бүлөм менен, башка бөлмөдө мигранттар болуп жашайбыз. Баарыбызды полиция бөлүмүнө алып барышты. Ал жерде бизден башкалар да толтура экен. Биздин каттообуз, эмгек келишимибиз базадан чыкты. Бирок каттообуз башка, жашаган жерибиз башка болгондуктан айып салды. Эртеси дароо "Сбербанкка" барып төлөдүк.

Орусиянын мыйзамдары юридикалык дарек боюнча миграциялык каттоого турууга уруксат берет. Бирок чет өлкөлүк жаран жашаган батиринде текшерүүгө кабылса, анда миграциялык мыйзам бузган болуп чыгат. Мындай кезде мигрант айып төлөөгө милдеттендирилет же өлкөдөн чыгарылат.

Дал ушундай эле кырдаалга туш болгон Марат полицияга пара берип кутулган. Ал Орусиянын мигранттар көп байырлаган шаарларында коопсуздук чараларынын күчөтүлүшү менен мигранттарга кысым көрсөтүү жана акча опузалоо көрүнүштөрү көбөйөт деп чочулайт.

- Батирди текшерип келип, баарыбызды бөлүмгө алып жөнөмөй болду. Сыртка чыгып, унаага отурганда "участковыйга акча төлөп турасыңарбы?" деп сурашты калышты. Жаңы көчүп келгенибизди айтсак, өздөрү "шабашка" жасап жүргөндөр окшойт, "бул жактан эле чечишели" дешти. Акча берип чыктык. Ошондо футболго карата 25-майга чейин тазалоо болуп жатканын айтышты.

Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке киргенде Орусиянын аймагына жаңы кирген кыргызстандыктарга келген жери же жашаган дареги боюнча каттоого 30 күндүн ичинде турууга жеңилдик берилген. Бирок орус президенти Владимир Путиндин футбол чемпионаты маалындагы коопсуздукту камсыздоо жарлыгына ылайык 25-майдан 25-июлга чейин Орусияга келген бардык чет өлкөлүктөр миграциялык каттоого бир күндүн ичинде турушу керек болот.

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Москвадагы "Кадамжай" айылдык коомунун мүчөсү Шайлообек Курбаналиев бир күндө миграциялык каттоого туруу мүмкүн эмес деген ойдо. Ал май-июль айларында Орусияга келүүгө бел байлагандарды карманып турууга чакырат.

- Учак менен келеби, унаа менен келеби, Орусиянын чек арасынан өткөндөн тартып 24 сааттын ичинде миграциялык каттоого туруу мүмкүн эмес. Ал үчүн батири бар орус жараны менен алдын ала сүйлөшүп, келгенде дароо аны ээрчип, миграциялык борборго же полиция бөлүмүнө барып каттоого туруш керек. Бул мен билген бир гана мыйзамдуу жолу. Башка айласын тапкандар да чыгар. Бирок анын кесепети оор. Депортация, "кара тизме" ошондо башталат.

Курбаналиевдин белгилешинче, чемпионат маалында күчөтүлгөн миграциялык талаптан улам Орусияда "кара тизмеге" алынган мигранттардын саны өсүп кетиши мүмкүн.

Кыргызстандын Мамлекеттик миграция кызматы былтыр жыл башында "кара тизмеде" 110 миңден ашуун жаран болсо, жыл аягына чейин 40 миңге жакыны чыгарылганын маалымдаган болчу.

Жасалма каттоодон жабыркаган мигранттар

Жасалма каттоодон жабыркаган мигранттар​

Орусияга ишке барган эмгек мигранттарынан жашаган жерине миграциялык каттоого туруу талап кылынат.

Ошондой эле Москвада жеке агенттикте кадр менеджери болуп иштеген Курбаналиев учурда мигранттар үч айлык каттоону узартууда да кыйынчылыктарга дуушар болуп жатканын кошумчалайт.

- Азыр үч айлык каттоосун узарта албай кыйналып жатышат. Менин кол алдымда иштегендердин баарынын расмий эмгек келишими бар. Алар акырындап узартып жатышат. Бирок биздин мекендештердин баары расмий иштебейт, колдорунда келишими жок. 600 миң болсок, анын жүз миңи гана расмий жумушта катталса керек. Калгандары эмне кылып жатканы белгисиз. Анткен менен бул Орусия, орус өкмөтү кандай шарт койсо, аны аткарышыбыз керек. Булар талапты койгондон кийин анын аткарылышын катуу көзөмөлдөйт.

Тышкы иштер министрлиги да Орусиядагы мигранттарды футбол оюндары маалында сак болууга чакырат. Министрликтин билдирүүсүндө кыргызстандыктарды чемпионат өтчү шаарларга баруудан карманып турууну сунушталган.

Футбол чемпионаты Москвадан тышкары Санкт-Петербург, Казань, Волгоград, Екатеринбург, Калининград, Ростов-на-Дону, Нижний Новгород, Самара, Саранск жана Сочиде өтөт.

Москвадагы кыргыз элчилиги бул шаарларда жарандарга укуктук жана консультативдик жардам көрсөтүүчү атайын штабдар түзүлгөнүн, "ыкчам байланыш" телефондору иштей турганын маалымдайт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG