Линктер

шаршемби, 14-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 20:00

"Мигрант аялдар моралдык колдоого муктаж"


Шахрезада Аданова.

"Айымдар" коомунда миграциядагы аялдар бири-бирине колдоо көрсөтүп, көйгөйлүү маселелерди өз алдынча чечүү аракетинде.

Москвадагы "Айымдар" коомунун негиздөөчүсү Шахрезада Аданова Орусиядагы кыргызстандык мигрант кыз-келиндердин учурдагы жүзү, абалы, көйгөйлөрү тууралуу ой бөлүштү.

"Азаттык": Москвада мигрант кыз-келиндердин «Айымдар» уюму эки жылдан бери иштеп жатат. Ал кандай максатта түзүлгөн? Учурда кандай иштерди жүргүзүп жатасыздар?

Шахрезада Аданова: Уюм алгач кыз-келиндер арасында керектүү, пайдалуу маалыматтар менен бөлүшүп, бири-бирибизге колдоо көрсөтүш үчүн түзүлгөн. Бирок улам жаңы адамдар кошулуп, жаңы идеялар пайда болуп, уюмдун иши кеңейип баратат. Орусияда миграциялык документтерди мыйзамдуу алуу, анын ичинде медициналык камсыздандыруу, миграциялык каттоого туруу, эмгек келишимин түзүү сыяктуу суроолор актуалдуу. Бирок ишибиз муну менен чектелбейт.

Башында миграциялык эрежелер тууралуу тренингдерди уюштуруу менен баштасак, эми үй-бүлө куруу, бала тарбиялоо, ден соолукту кароо, акчаны туура колдонуу, жумушка орношуу сыяктуу тренингдерди ай сайын өткөрүп жатабыз.

"Азаттык": Азыр "Айымдар" уюмунда канча мүчө бар?

Шахрезада Аданова: Уюштуруучулар тобунда 15 кыз-келин бар. Алар эки топ болуп, бири аялдар менен иш алып барса, экинчиси балдарга байланыштуу маселелерди карайт.

Жолугушуулардын форматы ар түрдүү. Кээде тренинг өткөрсөк, кээде табият койнунда эс алуу болот, маданий, спорттук иш-чараларды да уюштурабыз. Азыркы кезде жигердүү 150дөй мүчөбүз бар. Колубуздан келишинче 100-500 рублдан топтоп, фонд түзүп алганбыз.

"Азаттык": Орусияда иштеген мигрант кыз-келиндер эмнеге муктаж?

Шахрезада Аданова: Маалыматтык колдоого муктаж. “Кайсы жерде дарыланса болот? Балдарды кантип мектепке киргизсе болот?” деген суроолордон баштап, бир топ маселелер каралат. Карап көрсөк, бир топ көйгөйлөр ушул эле кыз-келиндердин билбестигинен, маалыматтын жетишпестигинен, билим деңгээлинин начардыгынан келип чыгат экен. Ошондуктан биз миграциядагы кыз-келиндер арасында байланыш түзүп, өзгөчө билим берүүгө, иштен сырткары өз алдынча өнүгүүгө, кошумча кесип үйрөнүүгө көңүл буруп жатабыз.

Жакында эле «Билимдүү аял - өнүккөн коом» деген долбоордун алкагында өзүбүздүн фонддон Кыргызстандын облустарында билимге умтулган, бирок социалдык абалы начар үй-бүлөдө өскөн, мүмкүнчүлүгү чектелген окуучу кыздарга ай сайын стипендия берүүнү да чечтик.

Андан сырткары экинчи орунда үй-бүлө маселеси турат. Ата-энелер көбү иштеп, балдарын акчалай камсыз кылган менен ортодо байланыш үзүлүп кеткен болот. Мындай балдар кандай өсөт, ата-энеге кийин кайрымдуу болобу? Бул оор суроо. Мындай абалдын кесепети дагы 10-20 жылда көрүнө баштайт го. Ошол мигрант аялдарга алыстагы балдары менен мамиле түзүү, тил табышуу тууралуу да сүйлөшүп, ич ара тажрыйбабыз менен бөлүшүп, кеп-кеңеш беребиз. Ошондой эле аялы менен күйөөсү экөө эки жакта болсо, дегеле “миграцияда үй-бүлөнү кантип сактап, коргоп калууга болот” деген суроолор мигрант аялдар үчүн маанилүү. Мындайча айтканда, миграциядагы кыз-келиндер материалдык эмес, психологиялык, моралдык колдоого муктаж.

Москвада баланы бешикке бөлөө.
Москвада баланы бешикке бөлөө.

"Азаттык": Орусиядагы кыргызстандык мигранттардын дээрлик жарымы кыз-келиндер, аялдар. Жашы да бар, улуусу да бар. Сиздер мындай коомдук уюмдар, бирикмелер аларга керектүү колдоо көрсөтүп, толук камтып жатат деп ойлойсузбу? Мигрант аялдар өкмөт жактан колдоого муктажбы?

Шахрезада Аданова: Москвада «Айымдар» бирикмеси сыяктуу ишкер аялдардын өзүнчө тобу бар, диаспора курамында да аялдардын маселелери каралат. Бирок биз баарыбыз коомдук бирикмелербиз. Ар бирибиз колубуздан келишинче, өзүбүздүн жүктү өзүбүз жеңилдетип, иш кылып жатабыз. Туруктуу, багыттуу иш жүргүзүүгө бизде мүмкүнчүлүк жок. Жада калса биз кенен топтолуп жолугуша турган жай жок. Айына бир жолу тренинг өткөрсөк, кеңсени ижарага алышыбыз керек.

Ошондой эле тренинг өткөрүүгө билимдүү, кесипкөй адистер керек. Ооба, элибизде, айылдарда аялдар өзүнчө сүйлөшүп, улуусу кичүүсүнө кеңеш айтып, бири-бирине жардам берип келген. Москвада деле ошондой. Бирок психология, каржы, укуктук маселелеринде бизге адистер керек. Кээде билими бар, тажрыйбасы бар адамдар биздин ишибизди көрүп, өз салымын кошкусу келип кайрылат. Башка учурда орчундуу маселелер боюнча адистерди таппай да калабыз. Жергиликтүүлөргө кайрылсак, акчасын төлөш керек, анан алар менен ортодогу маданият, менталитеттен да айырмачылыктар чыгып, түшүнбөстүктөр болот.

Азыр миграцияда жүргөн кыргызстандыктардын дээрлик жарымы аялдар – энелер жана болочок энелер. Өкмөттүк статистиканы деле карап көрсөк, экономикалык жактан да алар акча которуу боюнча алдыда. Ооба, кыргызстандык кыз-келиндер азыр материалдык муктаждыктын айынан үй-бүлө менен балдарды четке коюп, ден соолугун карабай, акча табыш үчүн күнүнө 10-12 сааттан иштеп жүрүшөт. Кыргыз өкмөтү өлкө келечеги, улут келечеги жөнүндө кам көрсө, бул миграциянын агымын жана сапатын өзгөртүүгө аракет кылышы керек. Жаш кыз Орусияга иш үчүн келсе да, ал ошол бойдон пол жууп калбашы керек. Кыргызстандык жаштарды кесиптик жактан даярдап, чет тилдерди үйрөтүп, чет жакка иш чыкса да, татыктуу иш таап кете тургандай кылып өстүрүш керек. Жашырганда эмне, азыр Кыргызстанда билим берүү системасы эскирип, сабатсыздык күчөп, караңгы болуп баратабыз.

"Азаттык": Ал эми мигрант аялдар арасында өз алдынча өсүүгө умтулуу барбы?

Шахрезада Аданова: Биз айлыкка иштеген, карапайым катмар менен иш алып барабыз. Албетте өз алдынча иш ачып алууга жетишкен ишкер аялдар да келип, тажрыйбасынан бөлүшүп турат. Бирок бизде эже-апалардын көбү тазалыкта, идиш-аяк жууп акча табышат. Айрымдары кошумча кесип үйрөнүп, алдыга умтулса, кээ бирлери аябай оор жумуштар менен алек. Кээде тытынып иштеп, өмүрү, ден соолугу кетип жатканын этибар алышпайт. Бүгүн убактылуу ошентип иштеп, эртең оорукчан болуп калаарын анча көңүлгө алышпайт. Кээ бирине айтсаң, аларды уяткаргансып, таарынып да калышат. Түшүндүрүү иштерин жүргүзүш керек, аларга дем бериш керек.

Мигрант кыз-келиндердин биримдиги.
Мигрант кыз-келиндердин биримдиги.

"Азаттык": Миграцияда ар кандай тагдырга туш болгон аялдар да бар. Зордук-зомбулукка туш болуп, үй-бүлөсү бузулуп, ар кандай кырдаалга кабылышат. Аларга кандай жардам бересиздер?

Шахрезада Аданова: Көп нерсе адамдын өзүнөн көз каранды болот экен. Кээ бири айрым кыйынчылыктарда өзүн кармап, тыңп кетсе, кээ бир өзүн жоготуп коет экен. Кээ бирөөнө бир мүшкүл көтөрүлгүс оор жүк болсо, экинчиси үчүн ал нерсе оорчулук деле эмес. Бирок биз ич ара моралдык, материалдык колдоо көрсөтүп, көңүлүн алып, жумуш жана батир таап берүүгө аракет кылабыз.

Бизге мурун Кыргызстанда психолог болуп иштеп жүргөндөр кайрылат, учурда дарыгер болуп иштегендер бар. Аларды да ушундай иштерге чакырууга аракет кылабыз. Москвадагы биздин ишти көрүп, азыр Красноярск менен Екатеринбургдан да ошол жакта ушундай коом түзүш үчүн байланышып жатышат. Бара-бара мындай бирикмелер аркылуу аялдардын ынтымагын бекемдеп, балдарыбыздын келечеги үчүн жакшы коом калтыралы деген тилектебиз.

"Азаттык": Сиз билим маселесине көңүл буруп жатабыз дедиңиз. Бул миграциядагы кыз-келиндерге атайын окуу жайларда кесиптик билим алууга жардам бересиздерби?

Шахрезада Аданова: Билим алуу сөзсүз эле бир окуу жайында окуп, диплом алуу эмес да. Биз өз алдынча өнүгүүгө, изденүүгө, ишти таштабай кошумча кесипти өздөштүрүүгө, тил үйрөнүүгө, көңүлгө жаккан эрмек табууга үндөйбүз. Ошондой эле үй, жумуш менен чектелбестен, жигердүү болууга, коомдук иштерге катышууга чакырабыз. Жакында эле 28-октябрда Москвада аялдардын форумун өткөрдүк. Биринчиси апрелде болгон. Мындай иш-чарага 200дөн ашуун кыз-келин катышып жүрөт. Аялдардын ден соолугу, адистик боюнча окуу жайларына тапшыруу, каржыны башкаруу, юридикалык жана укуктук жактан толук маалыматтар берилди. Азыр мындай жолугушууларга суроо-талап жогору.

Октябрда Москвада өткөн аялдар форуму.
Октябрда Москвада өткөн аялдар форуму.

"Азаттык": Миграциядагы аялдардын бүгүнкү жүзүн, абалын кандай сүрөттөйт элеңиз?

Шахрезада Аданова: Көп адамдар миграцияны трагедия катары кабыл алышат экен. Мен антип ойлобойм. Бул жалаң эле жакыр Кыргызстанда эмес, дүйнө жүзүндө болуп жаткан процесс. Бир жагынан караганда миграцияда аялдар үчүн өз ордун табууга шарт түзүлүүдө. Анан азыркы кезде миграцияда үй-бүлөсү, балдары менен кошо жүргөндөр көбөйдү. Алар балдарына Орусияда жакшы билим берүүгө аракет кылып жатышат. Келечегин Орусия менен байланыштырып койгондор да бар, бул жакка көнүп калгандар толтура.

Миграцияда аялдар кор болду деп да айта албайм. Өз укугун билген, түшүнүгү кенен, билимдүү адам эч жерде кор болбойт. Жалгыз бой аялдар балдары, ата-энелери үчүн жалгыз кам көрүүчү болуп калды, башы бош кыздар атасынын там салышына, агасынын унаасына, апасынын тоюна жардам берип жатышат. Эл ичинде динге такап, «аялдын иштегени арам», «кыздарды чет жакка чыгарбаш керек» деп сүйлөгөндөрдү карасаң, ошол адам карындашы же аялы тапкан акчаны иштетип жүргөн болот.

"Азаттык": Миграцияда эркектерге караганда аялдар чыйрак келет дейсизби?

Шахрезада Аданова: Аялдар тез көнүшүп кетет деп ойлойм. Аялдар аракетчил, боорукер. Бир нерсе ойлоп келишсе, депрессияга көп алдырбай, ошол себеп үчүн чыйралышып, кандай жумуш болбосун, аны алып кетишет. Эркектердин жан дүйнөсү назигирээк болобу, стресске бир аз көбүрөөк алдырышат. Коомчулук менен аралашып, сүйлөшүп кетүүдө да эркектерге кыйыныраак. Же баягы бизде балдарды «эркектер ыйлабайт, антпейт-минтпейт» деп өстүрүп, аларга көп жоопкерчилик тагып койгондуктанбы, айтор, эркектер тез сынышат.

"Азаттык": Шахрезада айым, өзүңүз жөнүндө айтып берсеңиз. Мындай уюм түзүүнү качан ойлондуңуз? Сиз алгач Орусияга келгенде да кыйынчылыктарга дуушар болсоңуз керек?

Шахрезада Аданова: Мен өзүм журналист болуп Ошто жана Жалал-Абадда телеканалдарда иштеп жүргөм. Ошондо эле аялдардын көйгөйлөрүн, абалын көрүп, бул нерсе менин жүрөгүмдү дайыма өйүп келчү. Кийин Москвага келдим, бул жактан иштеп, турмуш куруп, өзүм да, айланам-чөйрөмдөн да көп нерсе көрдүм. Ошондо бир гана аялдар бири-бирибизге колдоо көрсөтүп, жөлөп-таяп, дем берип, бирге ынтымакта болсок, көп көйгөйдү ич ара чечип аларыбызды түшүндүм. Албетте мен Москвадагы «Айымдар» коомунун негиздөөчүсүмүн, бирок кимдир-бирөө бул уюмду жаңы деңгээлге көтөрүп, таасирин күчөтүп кете алам десе, мен эч качан ага каршы болбойм. Бул меники эмес, бул кыргызстандык мигрант кыз-келиндердин, аялдардын биримдиги.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде окуйт. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин бүтүргөн. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG