Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:38

2019-жыл: журтташтардын тилеги


Түркиядагы "Кыргызстан" достук жана маданият коомунун мүчөлөрү Таксим майданында.
Түркиядагы "Кыргызстан" достук жана маданият коомунун мүчөлөрү Таксим майданында.

Чет жакта эмгектенип, билим алып жүргөн журтташтар 2019-жылы кыргыз бийлигинен эмнени күтүшөт? Мекендештер үчүн былтыркы жыл кандай болду?

Орусиядагы журтташтар: пенсия маселеси чечилип, миграция боюнча министрлик түзүлүшүн күтөбүз

Толкунбай Акматов, Москвадагы диаспора өкүлү, активист:

Толкунбай Акматов.
Толкунбай Акматов.

- 2018-жылы көп өзгөрүүлөр болду. Мигранттарга мурдагы жылдарга салыштырмалуу кыргыз бийлиги жакшы көңүл бурду. Андан тышкары Орусияда жүргөн кыргыздар да мурда облус-облус, аймак-аймак болуп бөлүнүп жүрүшчү. Былтыр мына ошол көптөн күткөн биригүү болду. Ынтымак деген жакшы да, чогула калганда жоголгон адамдар тез табылып, муктаждарга каражат бат чогулуп, айыл-апада маселе жаралса ыкчам чечилип калат экен. Орусиядагы кризиске байланыштуу мигранттар тапкан акча бир аз азайды. Канча көп тапсаң деле акчанын баркы кетип, мурдагыдай болбой калды. Бирок Евразия Экономикалык Биримдигине киргенибизге байланыштуу башка Борбор Азия мамлекеттеринин жарандарына салыштырмалуу бир аз жакшы. 2018-жылдын жайында Москвадагы мигранттардын атынан төрт өкүл барып президент Сооронбай Жээнбековго жолугуп келдик. Ошондо да бир катар маселелерди көтөрдүк. Анын бири - мигранттардын пенсиясы. Биз орус өкмөтүнө салык төлөп жаткандан кийин пенсия да Орусия тараптан чегерилсе жакшы болот эле. Андан тышкары мигранттарды камсыздандыруу боюнча атайын фонд түзүү тууралуу сунуш киргиздик. Ал жакка Орусияда эмгектенип жаткан ар бир мигранттан кандайдыр бир сумма чогултуп койсок, маселе жаралганда өзүбүзгө өзүбүз жардам бере ала турган мүмкүнчүлүккө ээ болот элек. Жылдан жылга катарыбыз көбөйүп жатат. Көп адам болгондон кийин ар түрдүү маселе чыга берет экен, ооруп-сыркагандар болот экен. Мисалы, орто эсеп менен алганда Москванын өзүнөн эле күндө бирден «жүк 200» жөнөтүлөт. Ушул сунуштар 2019-жылы ишке ашышын күтөр элек. Ошондой эле ар кандай эсептер менен бир жарым миллионго чукул журтташыбыз чет жакта жүргөндүктөн, бизде миграция боюнча өз алдынча министрлик негизделсе болор эле деген пикирдемин. Албетте, баарынан жакшысы - Кыргызстанда көбүрөөк завод-фабрикаларды ачып, иш орундарын түзүшсө жакшы болмок. Мекенибизде эле иштегенге не жетсин?

Түштүк Кореядагы журтташтар: Эмгек квоталары көбөйсө дейбиз

Эмил Калилов, президенттин карамагында түзүлгөн «Мекендештер» кеңешинин мүчөсү, «Seoul Venture Information University» окуу жайынын докторанты:

Эмил Калилов.
Эмил Калилов.

- 2018-жыл Түштүк Кореядагы эмгек мигранттары үчүн жакшы жыл болду. Эң негизгиси - алардын айлык акысы көтөрүлдү. Мисалы, 2017-жылы саатына төлөнө турган эмгек акысы орто эсеп менен айтканда алты доллардай болчу. 2018-жылы саатына жети доллар болуп калды. «Кийинки жылы сегиз долларга чейин көтөрөбүз» деп атышат. Андан сырткары жумасына иштей турган саат дагы азайды. Мисалы, мурда 50-60 саат иштешсе, азыр 40-50 саат иштеп калышты. Бул жакта чет өлкөлүк жарандарды жумушка алууга уруксат берчү система бар эмеспи. Ал аркылуу жумушчулар 16 мамлекеттен Кореяга иштегени келишет. Кыргызстан бул программага 2007-жылы кошулган. Ошондон бери жыл сайын 250-300дөй гана кишини корей ишкерлери тандап, эмгек келишимдерин түзүшөт. Былтыр ошондой атайын келишимдин негизинде 500дөй жараныбыз келди. Президент Сооронбай Жээнбеков бийликке келгени түз инвестиция тартуу керек экенин кайталап келатпайбы. Бирок бул жакка келип жарандарыбыздын иштеп жатканын деле инвестиция катары карасак болот. Анткени алардын дээрлик баары тапкан акчасын кайра эле мекенине салып жатпайбы. Мисалы, чет өлкөлүк компания Кыргызстанга барып, ал жерден жумуш орундарын түзгөндө деле ал жактагы айлык акы Кореяда алган маянадан кыйла аз болуп калат. Салыштырмалуу, Өзбекстанга жыл сайын беш миңдей квота берилет. Биздин өкмөт ошол Түштүк Корея Кыргызстанга бөлгөн иш квотасынын санын эки миңге чейин жеткирип берсе абдан жакшы болор эле деп ойлойм. Быйыл мен бийликтен ушуну күтмөкмүн.

АКШдагы журтташтар: Жаштардын билим алышына көңүл бурулушун каалайбыз

Кубат Кубаналиев, АКШдагы диаспора өкүлү, активист:

Кубат Кубаналиев.
Кубат Кубаналиев.

- 2018-жылы АКШнын миграция мыйзамдары катаалдашты. Бирок жалпысынан бул азырынча кыргызстандык журтташтарга терс таасирин тийгизе элек. Ар кандай сөздөр айтылып жатат, «документ иштери бир аз татаалдашат» деген имиштер бар. Табигый кырсыктар көп болду. Кудай сактасын, анда деле жабыркаган мекендештер тууралуу уккан жокпуз. Бирок моралдык жактан албетте, кооптонуу болду. Кайсы гана мамлекетте жашабайлы, бөөдө кырсыктан алыс болсок болду. Жалпысынан жакшы, ийгиликтүү жыл болду. Кээ бир штаттарда кыргыз мигранттарынын бул жакта туулуп-өсүп жаткан балдары үчүн кыргыз тил класстары уюшулду. Маданиятыбызды, үрп-адатабызды, каада-салтыбызды сактайлы деген максатта Чикагодо атайын чакан маданий борбор ачылды. Ал жакта кыргыз тил сабактары өтүлөт, оюн-зооктор уюштурулат, кыргыз бийлери үйрөтүлөт. Кийин ушул балдар Кыргызстандын өнүгүшүнө салым кошот, чет жакта чоңойсо да өлкөбүздүн атын чыгарып, сыймыгы болот деп ишенебиз. Бул жылы мекенибизде саясий туруктуулук, тынчтык болушун каалайбыз. Ошондой эле бийлик жаштардын билим алышына шарт түзүп, бул тармакка көбүрөөк көңүл буруп, билим берүү системасына жаңы өзгөртүүлөрдү киргизсе жакшы болмок. Чет жакта окуп келген жаштарды тартып, кадр маселесин туура чечип, туура жана татыктуу билим берүүгө умтулушубуз керек деп ойлойм.

Италиядагы журтташтар: Консулдук ачылса жакшы болмок

Назгүл Төлөбаева, Италиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлү, активист:

- Албетте, 2018-жылы Италияда болгон башкы жаңылык - бул 4-мартта өткөн парламенттик шайлоо жана анын жыйынтыгында популисттик «Беш жылдыз» кыймылынын жана улутчул «Лига» партиясынын бийликке келиши болду. Алар мыйзамсыз мигранттарга каршы көз караштары менен белгилүү. Италиянын миграция мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр эми гана күчүнө кире баштады. Азырынча бул чаралар Италиядагы кыргызстандыктардын жашоосуна кандай таасирин тийгизерин айтыш кыйын. Бирок эрежелер катаалдашаары айдан ачык.

Назгүл Төлөбаева.
Назгүл Төлөбаева.

Негизинен Италиянын аймагында мыйзамсыз жүргөн журтташтарга таасири тийиши мүмкүн. Мындай жарандарыбыз өзгөчө өлкө түштүгүндө, Неаполь, Казерта шаарларында, Сардинья аралында көп. Шаар көчөлөрүндө жана транспортто документ текшерүү күчөтүлөрү айтылып жатат. Жалпысынан 2018-жыл Италиядагы кыргызстандыктар үчүн жакшы жыл болду. Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Неаполь шаарына келип, мекендештер менен жолугуп, алардын арыз-муңун, сунуштарын укту. 2019-жылы Италияда консулдук ачылышын же расмий бир адамдын дайындалышын күтөбүз. Себеби Италияда жыл сайын кыргызстандыктар көбөйүп жатат, буга байланыштуу документ иштерин бүтүрүү бир аз кыйын болуп атат. Андан тышкары албетте, жалпы эле чет жакта жүргөн журтташтардын укуктарынын сакталышын, өлкөбүздө экономикалык жана саясий туруктуулук болушун күтөбүз. Биз үчүн мекенибиздеги тынчтык маанилүү. Өзүмдүн атымдан суранып кетерим - бийлик жарандарыбыз чет жакка жакшы жашоо издеп кетпегидей кылып мекенибизде шарт түзүп берсе абдан сонун болот эле. Салыгыбызды өз мекенибизге төгүп, өз үй-бүлөбүздүн, ата-энелерибиздин, балдарыбыздын жанында иштегенге не жетсин? Тышта окуп, иштеп келген жарандарыбыз өз билимин, тажрыйбасын өлкөбүздүн экономикасынын көтөрүлүшүнө пайдаланса кандай жакшы болот эле! Бул нерсе жакынкы жылдары ишке ашарына ишенгим келет.

Түркиядагы журтташтар: Бийликтегилер өздөрүн эмес, элибизди ойлошсун

Түркияда котормочу болуп иштеген Нурлан Усубакун:

- 2018-жыл бир аз экономикалык каатчылыкты эске албаганда, Түркияда жашап жаткан кыргыз жарандары үчүн абдан сыймыктануучу жылдардан болду. Себеби, Түркиядагы ТҮРКСОЙ уюму тарабынан 2018-жыл Чыңгыз Айтматов жылы деп белгиленип, Түркиядагы сексенге жакын университетте Айтматовдун чыгармалары жөнүндө илимий конференциялар болуп өттү. Түркиянын көптөгөн шаарларында Чыңгыз Айтматов атындагы көчөлөр, аллеялар пайда болуп, айкелдери тургузулду. Чет жакта жүз миңдеген кыргыз жарандары, кыздарыбыз, жигиттерибиз алды 20-30 жылдан бери жашап жатышат. Чет жактарда тажрыйба, байлык топтогон жигиттерибиз көп. Ошолор Кыргызстанга барып инвестиция салып, чоң-чоң завод-фабрикаларды, чакан ишканаларды ачса, кыргыз жеринде экономика көтөрүлүп, чет өлкөлөргө кеткендер азаят беле? Эми аларга өкмөт да шарт түзүп бериши керек. Келгендерди кучак жайып тосуп алып, бир гана борбор шаарга эмес, башка калааларга да инвестиция тартыш керек. Ошондо өлкөбүздүн экономикасы көтөрүлүп, эл байырлай баштайт. 2019-жылы экономикабыз көтөрүлүп, бийликтеги адамдар элдин чөнтөгүнөн акча жегенди токтотуп, бир аз аркасын, элибизди да ойлойлу деген ниетте болушсун деп тилеймин.

Түркияда билим алып жатышкан кыргыз студенттери.
Түркияда билим алып жатышкан кыргыз студенттери.

2018-жылдын жайында «Роза Отунбаеванын демилгелери» коомдук фонду уюштурган «Мекендештер» форуму өттү. Көп узабай президенттин карамагында Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланышуу кеңеши түзүлдү. Кеңештин максаттары тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын стат-катчысы Нурлан Шерипов буларды айтты:

- Президенттин карамагында түзүлгөн «Мекендештер» кеңеши сырткы миграцияны тескеген улуттук орган болот деген ойдомун. Себеби, анын жобосу президент тарабынан атайын жарлык менен бекитилди. Анын максаты - чет жактагы журтташтардын укуктарын коргоо, аларга дем берүү, көмөк көрсөтүү. Ошондой эле алардын мекени менен болгон байланышын күчөтүү. Үчүнчүдөн, журтташтардын акылын, тажрыйбасын Кыргызстандын саясий социалдык өнүгүшүнө пайдалануу максатында түзүлгөн орган. Кеңешке 42 чыгаан уул-кыз кирди. Алардын баары чет жактарда иштеген мекендештерибиз. Алардын арасында ошол өздөрү отурукташтан мамлекеттин жарандыгын алгандар да бар. Бул жерде эң башкы критерий - чет жакта Кыргызстандын кызыкчылыктарын коргоодо, журтташтардын ынтымагына салым кошууда алардын эмгеги болду. Катчылык болуп Мамлекеттик миграция кызматы эсептелет. Жыл сайын кеминде бир жылда бир сыйра чогулуп туруу макулдашылды. Быйыл биринчи отуруму өтөт. Жыйын катышуучулардын үчтөн экиси катышканда гана өттү деп эсептелет. Бирок чет жактагы журтташтардын шартын эске алуу менен онлайн түрүндө да катышса болот деген эреже каралган.

Бул органды президенттин аппараты көзөмөлдөйт. Кеңештин курамына президент өзү, аппарат башчы жана аппараттын бөлүм башчылары, тиешелүү вице-премьер-министр, министрлер, депутаттар, «Роза Отунбаеванын демилгеси» коомдук фондунун жетекчиси, элчилер, консулдар жана чет жактагы кыргыз диаспораларынын, маданий борборлордун, уюмдардын жетекчилери, өкүлдөрү кошулду. Мындан үч жыл мурда премьер-министрдин карамагында Мекендештер кеңеши түзүлгөн. Өкмөттүн бат-бат алмашканынан улам бул кеңеш үч жылда болгону бир гана жолу жыйынга чогулуп, иши жемиштүү болбогону айтылган.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​

XS
SM
MD
LG