Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:44

Чет жактагы мекендештер менен иштешүү боюнча президентке караштуу кеңеш түзүлдү


Төртүнчү "Мекендештер" форумуна келген чет жакта иштеген кыргызстандыктар. Чолпон-Ата. 8-август, 2018-жыл.
Төртүнчү "Мекендештер" форумуна келген чет жакта иштеген кыргызстандыктар. Чолпон-Ата. 8-август, 2018-жыл.

Президент Сооронбай Жээнбеков “Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңеш жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик аппарат кабарлады.

Кеңеш чет жакта иштеген мигранттардын маселелерин чечип, колдоо көрсөтүү, Кыргызстандагы ар кандай экономикалык долбоорлорго мекендештердин инвестиция салышына көмөктөшүү жана башка багыттарда иш алып барат. Кеңеш бийликтин бардык бутактарынын бул багыттагы күч-аракеттерин координациялайт. Бул органды президенттин аппараты көзөмөлдөйт.

Кеңештин курамына президент өзү, аппарат башчы жана аппараттын бөлүм башчылары, тиешелүү вице-премьер-министр, министрлер, депутаттар, “Роза Отунбаеванын демилгеси" коомдук фондунун жетекчиси, элчилер, консулдар жана чет жактагы кыргыз диаспораларынын, маданий борборлордун, уюмдардын жетекчилери, өкүлдөрү кошулду.

Мындан үч жыл мурда премьер-министрдин карамагында Мекендештер кеңеши түзүлгөн. Өкмөттүн бат-бат алмашканынан улам бул кеңеш үч жылда болгону бир гана жолу жыйынга чогулуп, иши жемиштүү болбогону айтылган.

Быйыл 8-9-августта Чолпон-Ата шаарында өткөн төртүнчү "Мекендештер" форумуна президент Сооронбай Жээнбеков да катышып, мигранттарды өз мекенинде ишкердик кылууга чакырып, мекендештер менен иштешүү кеңешин түзөөрүн жарыялаган. (ErN)

XS
SM
MD
LG