Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:05

Түштүк Кореяга ишке орноштуруудагы коррупция


Өзбекстандын Тышкы миграция агенттигинин башчысы Равшан Ибрагимов жана эмгек министри Шерзод Кудбиев.
Өзбекстандын Тышкы миграция агенттигинин башчысы Равшан Ибрагимов жана эмгек министри Шерзод Кудбиев.

"Түштүк Кореяга жумушка орноштуруу үчүн жарандардан пара алган" деген шек менен Өзбекстандын Тышкы миграция агенттигинин башчысы жана бир катар кызматкерлери кармалды.

Алар 400дөй жарандын ар биринен беш миң доллардан алышкан деп шектелип жатат. Жыл сайын Түштүк Кореяга ишке орношууга Өзбекстанга беш миңдей квота бөлүнөт.

Өзбекстандын Тышкы миграция маселелерин тескеген агенттиктин бир катар жетекчилери камакка алынганын "Азаттык" радиосунун өзбек кызматына Эмгек министрлигинин эки аткаминери ырастады.

16-20-ноябрда агенттиктин 20дай кызматкерин Өзбекстандын Башкы прокуратурасына караштуу Уюшкан кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөш башкармалыгы колго түшүргөн. Кармалгандардын көбү сурактан кийин бошотулган. Бирок агенттиктин башчысы, анын орун басары жана дагы бир аткаминер ушул күнгө чейин камакта экени маалым болду. Башкы прокуратура бул боюнча комментарий берүүдөн баш тартты. Министрликтеги аты-жөнүн айткысы келбеген кызматкердин айтымында, агенттиктин аткаминерлери кылмыштуу топту жетектешкен деп шек саналууда. Ал топ жыл башынан бери 400 жаранды Түштүк Кореяда жумушка орноштурууга убада берип, ар биринен кеминде беш миң доллардан алган.

- Алданганын билген облус тургундары Тышкы миграция боюнча агенттиктин баш кеңсесине келип чуу салышты. Ошондон кийин бул ишке Башкы прокуратура кийлигишти. Адегенде прокуратура кызматкерлери Ташкенттеги кеңседен агенттиктин жетекчисинин орун басары беш миң доллар пара алып жаткан жеринен кармашкан. Көп өтпөй беш бөлүмдүн башчылары жана агенттиктин жетекчиси да кармалды, - деди министрликтин кызматкери.

Түштүк Кореянын борбору Сеул шаары.
Түштүк Кореянын борбору Сеул шаары.

Бул кармалгандар тууралуу Өзбекстандагы маалымат каражаттары жазышкан жок. Болгону 20-ноябрда бир катар медиа агенттиктер эмгек министри Шерзод Кудбиев өткөргөн басма сөз жыйыны тууралуу кабарлашты. Анда министр жакын арада иш менен камсыздоочу жеке агенттиктерге жарандарды Түштүк Кореяга, Жапонияга жана Европа мамлекеттерине жиберүүгө уруксат берилерин айткан. Ошондой эле ал Тышкы миграция агенттигинин ишин сынга алган.

- Жыл сайын Түштүк Кореяга иштегенге өзбекстандыктар үчүн беш миң орундуу квота бөлүнөт. Бул орундарды Өзбекстандын бардык аймактарына, анын ичинде Каракалпакстанга да бөлүштүрсө ар бир облуска 400дөн тиет. Тышкы миграция боюнча агенттиктин аткаминерлери өздөрүнүн аймактагы башкармалыктары аркылуу Түштүк Кореяга ишке жөнөтүү үчүн 100 пайыз кепилдик берүү менен 400 адамдын ар биринен беш миң доллар алышкан. Жыйынтыгында 2 миллион долларга барабар пара алышкан, - деди министрликтин атын атагысы келбеген өкүлү. - Камалгандар сурак маалында акчанын жарымын премьер-министрдин орун басарларынын бирине берип турганын айтышты.

Түштүк Корея бөлгөн беш миң орунга илинип калуу максатында жыл сайын Өзбекстандын 100 миңдей жараны Тышкы миграция агенттигине документ тапшырат.

Былтыр март айынын соңунда, апрель айынын башында Түштүк Кореяда иштегиси келгендерди онлайн-тестирлөөдөн өткөрүүдө бир катар кыйынчылыктар келип чыккан. Агенттиктин өкүлдөрү адамдардын көптүгүнөн улам техникалык мүчүлүштүктөр болгонун айтышкан. Бул маселелер жана эмгек мигранттарын тандоо сынагындагы тапшырмалар социалдык тармактарда абдан катуу талкууланып жатат.

25 жаштагы Бухаранын тургуну Анвар Түштүк Кореяда иштеп келиш үчүн тест тапшырып, үч жылдан бери өтпөй келет. Ал муну процесстин коррупциялашып кеткени менен түшүндүрдү:

- Акыркы сынак жөн гана адамдарды мазактоо болду десем жаңылышпайм. Азыр Түштүк Кореяга ишке кеткендердин сексен пайызы акча беришкен. Агенттиктин кызматкерлери менен байланышы бар ортомчулар корей тилин такыр билбегендерге ишке орношуп кетүүгө жардам берүүдө. Былтыр 4-5 миң доллар пара сурашчу, быйыл жети миң долларга жетти.

Түштүк Кореядагы кыргыздар.
Түштүк Кореядагы кыргыздар.

Мындай иш квоталары Кыргызстанга да берилет. Кыргыз жарандарын Түштүк Кореяда жумушка орноштуруу боюнча атайын программа мындан он жылдай мурун башталган. Анын негизинде жыл сайын Түштүк Кореяга Кыргызстандан 350 адам кетет. Программанын алкагында иштеп келүүнү каалагандар 2-3 айлык тил курстарын окуп, андан кийин корей тили боюнча тест тапшырышы зарыл.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG