Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:57

Түркияда кыргыз коомдору көбөйдү


Түркиядагы "Кыргызстан" достук жана маданият коомунун мүчөлөрү Таксим майданында.
Түркиядагы "Кыргызстан" достук жана маданият коомунун мүчөлөрү Таксим майданында.

Түркия боюнча жалпысынан 300 миңге жакын коомдук уюм иштейт. Алардын 52син Түркияда жашаган чет өлкөлүк жарандар ачкан. Учурда өлкөдө расмий катталып иштеп жаткан үч кыргыз коому бар.

Түркиянын Анталия шаарында ачылган "Кыргыз айымдар" коомунун жетекчиси Перизат Асаналиеваны шаардык полиция кызматынын имаратынан жолуктурдум. Ал бир канча күндөн бери изделип жаткан кыргызстандык жигитти таап, агасына тапшырып жатыптыр.

- 10-15 күндөн бери "Анталия шаарында бир кыргыз жигит кийими жок, колунда бир суу менен шаар аралап кыдырып жүрөт" деген кабарды укканбыз. Ошол маалыматтан кийин эле полиция кызматына кайрылып издегенбиз. Ал жигиттин агасы да Кыргызстандан келип, бүгүн эле издеп таптык. Азыр эми агасы менен жолуктуруп жатабыз.

Периза Асаналиева Анталиядагы кыргыз жарандарына колдоо көрсөтөт.
Периза Асаналиева Анталиядагы кыргыз жарандарына колдоо көрсөтөт.

Анталия шаарында "Кыргыз айымдар" коому жарым жыл мурун түптөлүп, ошол шаарда жашап эмгектенген мигранттардын укуктарын, талаптарын тийиштүү мекемелерге жеткирип келет. Жайкы туристтик сезондо иштегени келген кыргызстандыктардын катары калыңдагандыктан коомго келип жардам сураган кыргыз жарандары да көбөйгөнү байкалат. Айымдар коому Анталия шаардык мэриясынын расмий уруксаты менен ачылып, жергиликтүү бийлик коомго ар тараптуу колдоо көрсөтөт.

Периза Асаналиева расмий кагазы жок эле коом ачкан кыргызстандыктар да бар экенин жашырган жок:

- Түркияда коом ачуунун эрежелерин билбей, 3-4 кыргыз биригип коом ачкан мекендештерибиз көбөйдү. Бирок алар ачылып, кайра жабылгандары да бар. Биз болсо алдын-ала максат коюп, ошол максатыбыздын аягына чыгалы деп жолго чыкканбыз. "Түркиядагы кыргыз аялдарга ар тараптуу жардам көрсөтөлү, алардын укугун коргойлу" деп максат кылганбыз. Азыр Анталия шаарында чакан батирибиз бар. Ошол жакка жумушу жок, үйү жок калган мекендештерди жайгаштырып, жардам беребиз.

Түркия боюнча жалпысынан 300 миңге жакын коомдук уюм иштейт. Алардын элүү экисин Түркияда жашаган чет өлкөлүк жарандар ачкан. Өлкөдө мыйзамдуу иштеп же жашаган чет өлкөлүк жарандар Ички иштер министрлигине арыз менен кайрылып, коом мүчөлөрү керектүү документтерди тапшырса, коом ачууга уруксат ала алат. Бирок акыркы жылдары Түркияда расмий коом ачуунун талаптары көзөмөлгө алынып, ишмердүүлүгү катуу текшерилип жүрөт.

Чет өлкөлүк коомдордун платформасынын жетекчиси Кенан Хикмет Йозгатлы Түркиядагы коомдор тууралуу буларга токтолду:

- Түркияда коом ачуу оңой болушу мүмкүн, бирок анын ишин улантуу өтө оор. Мурункудан айырмаланып, азыр коомдун бир кеңсеси болушу керек. Ал кеңсенин ижарасын төлөшү керек. Кыскасы коомдун ай сайын белгилүү бир өлчөмдөгү чыгашасы болот. Чет өлкөлүктөр болсо кыска мөөнөткө коом түзө калып, андан бир пайда көргүсү келгенгенин байкадым. Бул туура эмес. Анткени Түркияда коом ачып соода кылууга жана саясат жүргүзүүгө тыюу салынган. Негизи чет өлкөлүк коомдук уюмдар ыктыярчылардан түзүлүп, бири-бирине колдоо көрсөтүп пайда көрүүнү деле көздөшпөйт.

Түркиянын Стамбул шаарында тогуз жылдан бери иш алып барган "Кыргызстан" достук жана маданият коомунун жигердүү 150 мүчөсү бар. Көп жылдан бери тажрыйба топтогон коом олуттуу бизнес-форумдарды, конференцияларды жана маданий иш-чараларды өткөрүп келет.

"Кыргызстан" достук жана маданият коомунун жетекчиси Илхом Шасалимов акыркы жылдары Түркияга агылып жаткан эмгек мигранттарынын абалын Түркияда эмес, Кыргызстанда жакшы көзөмөлгө алынышы керек деп эсептейт:

- Президент Сооронбай Жээнбеков Түркияга келгенде биз айтканбыз. "Бишкектен Түркияга ишке жиберген фирмаларды текшериңиз, аларды көзөмөл кылыңыз, каттоодон өткөнбү карап коюңуз" деп өтүнгөнбүз. Анткени ошол фирмалар ай сайын, жума сайын Түркияга кишилерди жиберип жатат. Бул жакта бир маселе чыкса, жоопкерчилигин алышпайт. Айланып келип эле коомго, консулдукка же элчиликке такалышат. Бул маселени Кыргызстанда көзөмөлгө алып жакшылап текшерилиши керек деп ойлойм. Биздин коомго да жеке фирмалар "иштешели" деп келишет. Биз ар биринин мыйзамдуу каттоосун карап чыккандан кийин гана иштешкенге макул болобуз.

Эрлан Байанов кыргызстандык студенттер менен чогулушта.
Эрлан Байанов кыргызстандык студенттер менен чогулушта.

Түркиянын Миграция департаментинде 2017-жылы 20 миңге жакын кыргызстандык каттоодон өткөн. Алардын дээрлик көпчүлүгү эмгек мигранттары болгону менен Түркияда эки миңге жакын кыргызстандык студент билим алат. Студенттер негизинен Түркия мамлекетинен стипендия алып окугандыктан, алардын виза, медициналык камсыздандыруу маселелерин стипендия берген мекеме өз мойнуна алат.

Түркиядагы "Кыргыз студенттеринин платформасынын" жетекчиси Эрлан Байанов студенттер боюнча олуттуу маселелер болбогонун баса белгиледи:

- Түркияга Кыргызстандан тандалган студенттер келет. Алар өздөрү тыңып, 2-3 айда эле көнүп кетишет. Кыйынчылыктары болсо да жергиликтүү университеттер колдоо көрсөтүп, заматта чечип берет. Эгерде бир маселе чыкса, биздин платформа аркылуу байланышып, Түркиянын кайсыл шаарында болсо да дароо колго алганга аракет кылып жатабыз. Ал эми учурда өз күчү менен келип окуп жаткан студенттерге башка уюмдардан стипендия караштырып берүү эң маанилүү маселебиз болуп жатат деп ойлойм.

Түркиядагы кыргызстандыктар Анкара, Анталия, Стамбул жана Измир сыяктуу чоң шаарларда жашайт. Негизинен үй кызматтарында, тейлөө тармагында жана мейманканаларда иштешет. Ошону менен катар жеке ишкерлер, мугалимдер жана дарыгерлер да Түркиядагы кыргыздардын катарын толукташат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG